Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1501198
Тарыхта бүгүн

1906-жылдын 3-октябрында, Германиянын борбор шаары Берлинде өткөн 1- Радиотелеграф конгрессинде "S.O.S" кооптуу сигнал катары кабыл алынды. 

1922-жылдын 3-октябрында Анадолудагы грек армиясы жеңилгенден кийин Түркия, Улуу Британия, Франция жана Италиянын ортосунда Муданья конференциясы башталды. 8 күндөн кийин кол коюлган Муданья келишиминин негизинде түрк армиясы менен грек армиясынын ортосунда ок атышпоо жарыяланды. 

1990-жылдын 3-октябрында Экинчи Дүйнөлүк согуштан 45 жыл өткөндөн кийин Чыгыш жана Батыш Германия бирикти. 

2009-жылдын 3-октябрында Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан Нахчыван келишиминин негизинде Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешин (Түрк Кеңеши) түзүштү. 



Тектеш кабарлар