Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1493680
Тарыхта бүгүн

622-жылдын 20-сентябрында, Пайгамбарыбыз Мухаммед жана анын эң жакын досу Абу Бакр Меккеден Мединага көчүп барды. 9-сентябрда башталган сапар учурунда бир нече жолу өлүм коркунучунан аман калган Азирети Мухаммед Мединадан 1 саат алыстыктагы Кубага жетти. Азирети Мухаммед 24-сентябрь жума күнү Медина шаарына кирди. 

1951-жылдын 20-сентябрында Атлантика Кеңешинин чакыруусу боюнча Түркия НАТОго кошулду.     

1984-жылдын 20-сентябрында, Бейруттагы Америка элчилигине жасалган жанкечтилик чабуулда экөө америкалык 23 адам каза болду. Жаракат алган 60 кишинин арасында АКШ менен Британиянын элчилери да бар эле. 

1988-жылдын 20-сентябрында, Наим Сүлейманоглу Сеулдагы Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча 6 дүйнөлүк рекордду жаңылады. 



Тектеш кабарлар