Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1490492
Тарыхта бүгүн

1918-жылдын 15-сентябрында, Биринчи Дүйнөлүк согуштун акыркы күндөрүндө Нури Пашанын командачылыгындагы Осмон Кавказ Ислам армиясы Бакуну орус жана армян баскынчыларынан куткарды.

1928-жылдын 15-сентябрында, шотландиялык бактериолог Александр Флеминг пенициллинди тапты. Пенициллин Экинчи Дүйнөлүк согуш жана андан кийин миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууда өтө маанилүү ролду ойноду. Флеминг менен биргеликте пенициллинди иштеп чыгышкан Ховард Флори жана Эрнст Борис Чейн 1945-жылы медицина боюнча Нобель сыйлыгына ээ болушту.

1931-жылдын 15-сентябрында, Ливиянын көз карандысыздык күрөшүнүн лидери Омар Мухтар италиялыктар тарабынан өлүм жазасына тартылды.

1975-жылдын 15-сентябрында, Ливандын борбор шаары Бейрутта христиандар менен мусулмандардын ортосунда жарандык согуш башталды. Туура 7 жылдан кийин ошол эле күнү Израиль Бейрутту басып алды.



Тектеш кабарлар