ТҮРКСОЙдун ϴзбекстан менен кызматташтыгы

Евразия күндеми-37

1488511
ТҮРКСОЙдун ϴзбекстан менен кызматташтыгы

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү чыгарылышыбызда Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун ϴзбекстан менен кызматташтыгы тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун ϴзбекстан менен маданий кызматташтыгын чагылдырган “ТҮРКСОЙ-ϴзбекстан китеби” аттуу эмгектин бет ачаарына арналган видеоконференция болуп өттү. Жыйынга ТҮРКСОЙдун жооптуу катчысы Дүсен Касеинов, ϴзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков, Түркия Республикасынын Президентинин кеңешчиси Йалчын Топчу, элчилер, эл өкүлдөрү жана дипломаттар катышышты. Жыйында ϴзбекстандык маданият кызматкерлеринин ТҮРКСОЙдун иш-чараларына кошкон салымы, жалпысынан ϴзбекстандын аты аталган уюм менен кызматташтыгы тууралуу сөз болду.

ТҮРКСОЙ түзүлгөн күндөн бери маданияттын көп тармагы боюнча түрк дүйнөсүнө тиешелүү жүздөгөн иш-чараны үзгүлтүккө учуратпастан өткөрүүдө. Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу атыккан ТҮРКСОЙ, түрк республикаларынын ортосундагы маданий мамилелерди өнүктүрүү менен гана чектелбестен, түрк маданиятын дүйнө жүзүнө таанытып жатат.

Өзбекстан Республикасы 1993-жылдын 12-июлунда Алмата шаарында ТҮРКСОЙдун түзүлүшү боюнча документке кол койгон мамлекеттердин бири болуп саналат. Бирок Ислам Каримовдун бийлиги учурунда болгон кээ бир түшүнбөстүктөрдөн улам алигиче ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде ϴзбекстандын өкүлүнүн орду бош турат.

2018-жылдын 3-сентябрында болуп өткөн 6-Түрк Кеңеши саммитинде сөз сүйлөгөн ϴзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев ЮНЕСКОнун маданият мурасы тизмесине киргизилген Хива шаарын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялоонуу сунуштаган. Бул сунуш Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин колдоосун тапты. Ошентип 2020-жылы Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Өзбекстандын мындай маанилүү сунушунан кийин өлкөнүн маданият министрлиги ТҮРКСОЙ менен тыгыз иш алып бара баштады.

Ушул жерде баса белгилей кетчү жагдай, ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде ϴзбекстандын өкүлү болбогонуна карабастан аты аталган уюм өзбекстандык артисттер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, жазуучуларды ж.б. маданият  өкүлдөрүн өзүнүн иш-чараларына ар дайым чакырып келген. ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде Алишер Навои, Абдулла Кадири сыяктуу ϴзбекстандын улуу инсандары боюнча илимий жыйындар өткөрүлгөн. Уюштуруучулардын арасында ТҮРКСОЙ уюму да болгон “Түрк дүйнөсүнүн адабиятчысы” сыйлыгы 2017-жылы өзбек жазуучу Шүкруллага ыйгарылган. ТҮРКСОЙдун жооптуу катчысы Дүсен Касеинов ар дайым баса белгилегендей эле, уюштурулган күндөн бери ϴзбекстандын байрагы уюмдун башкы кеңсесинде жана ТҮРКСОЙдун бардык иш-чараларында желбиреп турат.

Урматтуу окурмандар, маалыматтар көрсөтүп тургандай эле, ϴзбекстан Түрк Кеңешине мүчө болгондон кийин, ТҮРКСОЙ уюму менен дагы тыгызыраак иштеше баштады. Түрк дүйнөсү өзбек маданиятын, искусствосун жана белгилүү инсандарын жакындан таанууга муктаж. ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде ϴзбекстандын өкүлчүлүгү ишке киришсе, бул тармакта көп иш-чаралар жасалат деп үмүт кылабыз.

Мындан сырткары ТҮРКСОЙ басып чыгарган эмгектер уюмга мүчө жана байкоочу болгон 14 мамлекеттин тилдерине толук которулса жана бул эмгектердин бардыгы интернет айдыңына жүктөлсө, түрк дүйнөсүнүн жакындашуусу дагы батыраак ишке ашып, ТҮРКСОЙдун маанилүү иш-чаралары дагы көбүрөөк элге жетет деп ойлойбуз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар