Түркия-Украина мамилелери

Евразия күндеми-36

1483819
Түркия-Украина мамилелери

Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» чыгарылышында Украинанын вице-премьер-министри Олег Уруский баштаган делегациянын Түркияга жасаган иш сапары жана Түркия менен Украинанын ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Украинанын Премьер-министринин жардамчысы жана Стратегиялык индустриялар боюнча жооптуу министри Олег Уруский Түркияга иш сапары менен келди. Анкара шаарында Олег Уруский Түркиянын Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын жетекчиси Исмаил Демир менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Уруский андан соң Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен жолугушту. Бул жолугушууларда коргонуу, кеме куруу, авиация, космос, коргонуу өнөр жайы сыяктуу стратегиялык тармактардагы кызматташуу талкууланды. 27-август күнү президент Режеп Таййип Эрдоган Олег Урускийди кабыл алды. Президент Эрдоган 23-августта Украинанын Президенти Владимир Зеленский менен телефондо сүйлөшүп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин ар кыл маселелерини талкуулаган болчу.

Түркиянын ϴнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Олег Уруский менен жолугушуусунда Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын (SİHA) Украинага жиберишкенин билдирди. Белгилей кетчү жагдай, Түркия өткөн жылы Украинага учкучсуз учуучу аппараттарды берген. Бул тармакта эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу жогорку деңгээлде уланууда. Украина делегациясынын иш сапарынын алкагында 29-августта Түркиянын “SAHA İstanbul” фирмасы менен Украинанын УКРАВИАПРОМ ишканасынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Украина делегациясы Түрк авиация жана космос өнөр жайы ишканасы, “Aselsan”, “Roketsan” сыяктуу Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында иш алып барган алдыңкы ишканаларын кыдырышты. Аталган иш сапары боюнча массалык маалымат каражаттарына чыккан кабарларда Түркия менен Украинанын Антонов учагын чыгарууда чогуу иш алып баруу боюнча техникалык жолугушууларды башташканы билдирилди.

Урускийдин Түркияга иш сапарынын алдында Украинанын президенти Зеленский Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана “Baykar Savunma” аттуу Түрк коргонуу жана авиация ишканасынын директору Халук Байрактарга Украинанын жогорку мамлекеттик сыйлыгын ыйгарган чечимге кол койгон.

Пандемия учурунда жаралган айрым тоскоолдуктарга карабастан Түркия-Украина мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. Түркия биринчилерден болуп бул сезондо украиналык туристтерге эшигин ачты. Азырга чейин 200 миңден ашуун украиналык Түркияда эс алды. 2020-жылдын биринчи жарымында эки өлкөнүн соода жүгүртүү алакасы өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга көбөйүп, 2,27 миллиард долларга жетти. Үстүбүздөгү жылдын 21-августунда болуп өткөн  эки өлкөнүн экономика министрликтеринин видеоконференциясында баса белгиленгендей эле, Түркия-Украина эркин соода келишимине жакынкы келечекте кол коюлса, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү алакасы максатталган 10 миллиард долларга бир канча жылда жетиши мүмкүн.

Стратегиялык кызматташтык деп бааланган Түркия-Украина мамилелери ар тараптуу өнүгүүдө. Украинанын Тышты иштер министринин жардамчысы Эмине Жеппар 23-август күнү Украинанын Түрк Кеңешине байкоочу мамлекет болууну каалаганын билдирди. Түркия бул талапты уюмдун күн тартибине киргизет деп ойлойбуз. Урускийдин Түркияга иш сапары коргонуу өнөр жайы тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар