Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-108

Түрк элдеринин адабиятынан – Абай Кунанбай уулу жана анын чыгармачылыгы

1483054
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-108

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында казак элинин улуу акыны, композитор, философ, саясатчы, агартуучу Абай Кунанбай уулунун таржымалы жана анын чыгармалары тууралуу кеп кылабыз.

Ар бир улут адатта улуу инсандары менен сыймыктанып, элине, тарыхына, маданиятына салым кошкону үчүн ардактап атын жашатып келишет. Казак эли үчүн 19-кылымда мына ушундай унутулбас ардактуу эки ысым бар. Бири – казак элине батыштын жаңычыл илимин алып келген Чокан Валиханов болгон болсо, экинчиси – поэзияда, музыкада, коомдо азаттыктын ой-пикиринин үрөнүн сепкен, өлбөс өчпөс чыгармаларын калтырып кеткен улуу акын жана агартуучу Абай Кунанбай уулу. Абай Кунанбай уулунун атын Казакстандын көчөлөрүнө, районуна, айылына жана ар кандай коомдук уюмдарына ыйгарылганына күбө болобуз. Бул улуу акын 1845-жылы Чынгыз тоодо жашаган Тобыкты уругунда жарык дүйнөгө келген. Абайдын улуу уруусу Орто жүз, Тобукту, Аргындын ичинен чыккан Олжай баатырдын тукумунан келген экен. Өз аты Ыбырай болгон акын алгач сөзгө чебер энеси Уулжандан тарбия алган. Кат-сабатын айылдагы Абитхан молдодон ачкан. Кийин Семейге барып Ахмет Рыза медресесинде арап-фарс тилдерин өздөштүргөн. Мына ошол жерде чыгыштын классикалык акындары Низами, Навои, Саади, Хафыз, Фузулилердин чыгармалары менен таанышкан. Айрыкча орус мектебине да барып жүрүп, орус тилин да өздөштүргөн. Ал Пушкин, Толстой, Лермонтов, Салтыков, Щедрин жана Некрасовдун, мындан сырткары европанын улуу жазуучулары Гёте, Байрон, Спенсер, Спиноза, Дарвиндердин чыгармаларын окуп такшалган. Кийин ушул эле улуу акын-жазуучулардын чыгармаларын казак тилине которуп чыгып элине тааныткан. Жалпы жонунан акын элүү алты чыгарманы казакчага которуп жарыялаган экен.

Абай медреседе окуп жаткан учурунда, тактап айтканда, 13 жашынан атасы Кунанбай айылга чакыртып алган экен. Анткени, ошол кезде аттуу-баштуунун балдары жаштайынан эл башкарууга дайындалып үйрөтүлгөн. Ошо жаш кезинен эле Абай лидерлигин көрсөтүп, бир топ коомдук маселелерди оңунан чечкен экен. Бирок 28 жашка келгенде саясий оюндардан, уруулар арасындагы араздашкандардан көңүлү калып бийликтен толук баш тарткан. Ошондон баштап биротоло чыгармачылык жолуна кирген. Жашоодон көптү көрүп, көптү окуп такшалган акын эскиден бөлүнүп, замамбап ой жүгүрткөн демократ инсан болгон. Өзү саясаттан кеткени менен ырларында жана чыгармаларында адилетсиздикти ашкерелеп, эзилгендерге боор тартып, ар дайым коомдогу чыныгы турмушту сүрөттөп келген.

Абайдын чыгармачылык жолу 14 жашынан башталып, алгачкы ырларын ушул жашында жазган. Анын ырларынын мазмуну негизинен акыл-насаат ирээтинде болгон. Өзү жашаган доордун чоң маселеси болгон элдин караңгылыгын жоюуга умтулган Абай – жаштарды илимге, жаңычыл жашоого үгүттөгөн. Акындын адабий мурасы негизинен үч бөлүктөн турат. Алар: поэтикалык чыгармалар, котормолор жана кара сөз менен жазылган санаттар. Абайдын эл арасында белгилүү болгон, мезгилдин аталыштары менен чыгарган “Жаз”, “Жай”, “Күз” жана “Кыш” аттуу ырлары менен карапайым элдин турмушун сүрөттөгөн. Ал эми “Масгут” жана “Азим жөнүндө уламыш” аттуу поэмалары чыгыш классикалык адабиятынын негизинде жазылган. Аристотель менен улуу Искендердин арасындагы кагылышууну сүрөттөгөн “Искендер” аттуу чыгармасы көп окулган эмгектеринин арасында. Абай жалпы жонунан 170ке жакын ыр, бир нече поэма жазып жана 56 чыгарманы казак тилине которгон.

Абайдын эң негизги чыгармасы – философиялык ойлор жана кыска уламыштардан куралган “Кара сөздөр” эмгеги деп айтууга болот. Бул чыгарманын бир бөлүгү акындын көзү өткөндөн кийин басылып, ал – орус, кытай, немис жана башка тилдерге которулган. Бул эмгегинде акын – алган билимин, философиясын, динин жана гумандуулугун толук чагылдырган. “Бир гана билимдүү жана биримдиктүү калк тарыхты өзгөртө алат” – деп эсептеген акын ушул чыгармасында элди илимге жана эмгекке үндөгөн. Ушундан улам Абай 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында өсүп чыккан казак агартуучуларына өтө чоң таасирин тийгизген. Белгилүү “Алаш-Ордо” кыймылынын өкүлдөрү акынды жалпы казак элинин руханий лидери катары баалашкан. “Кара сөздөр” эмгеги азыр да өз маанисин жоготпой эл арасында жашап келет.

         Жан дүйнөгө үгүт жасаган Абай Кунанбай уулу 1904-жылы 59 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал эми анын чыгармалары жана элине жасаган эрдиги кылымдык жашап келет.

Казак адабий тилинин негиздөөчүлөрүнүн бири, реформатор акын Абай тууралуу учкай кеп болду. Анын өчпөс руханий байлыгы болгон чыгармалары бир топ тилге которулган. Акындын чыгармачылык жолун эң жакшы түшүндүрүп жазган Мухтар Шахановдун “Абай жолу” деп аталган романынан Абай тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Ошондой эле акындын чыгармалары учурда бир топ түрк тектүү тилдерге оодарылган жана анын чыгармаларын мына ошол котормолордон кеңири окуп чыгууга болот.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар