Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-107

Түрк элдеринин адабиятынан –Тоо булбулу - Токтогул

1481370
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-107

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында кыргыз элинин эл акыны, тоо булбулу Токтогул ырчынын таржымалы жана анын ырлары тууралуу кеп кылабыз.

Кыргыз элинде залкар акын, ойчул жана композитор катары таанымал болгон улуу акындарыбыздын бири - Токтогул Сатылганов. Ал өмүрүн ыр-күүгө арнап, келечек муунга насаатын айтып, кыргыз поэзиясын түптөлүшүнө чоң салым кошуп кеткен чыгармачыл инсан. Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кыргызстандын Кетмен-Төбө районуна караштуу Кушчу-Суу айылында төрөлгөн. Атасы Сатылган аштык айдап жан баккан жарды адам болгон экен. Энеси Бурма элдик ырларды, кыргыз жомокторун, кошокторун айта билген сөзгө чебер аял болгон экен. Токтогулдун улуу акын болуп калышына энеси Бурманын түздөн-түз таасири тийген. Жакырчылыктын айынан жаш кезинде картаң эне-атасын багуу үчүн малайлыкка жалданып иштеген. Он үч жашына келгенде эл аралап ырдай баштаган. Акындын бүгүнкү күнгө чейин өз наркын жоготпой келген “Алымкан”, “Насылкан”, “Кызыл жоолук” аттуу лирикалык ырлары мына ошол жаш кезинде жаралган. Курч сөздүү, айтканынан кайтпаган мүнөзү менен ал элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди таамай айта ырдап өзүнө далайды душман кылып алган. Анын бай-манаптардын адилетсиздигине карата чыгарган “Беш каман” аттуу белгилүү ырында калыссыз беш бир тууганды сынга алып ырдаган. Албетте муну көз жаздымда калтырбаган бай-манаптар ошол учурдун законуна шылтоо кылып акынды 1898-жылы жети жылга Сибирге сүргүнгө айдаган. Ушундай адилетсиздикке кабылган өмүрүнүн экинчи бөлүмү арман ырга толгон.

Эр өлтүрүп, кун тартпай,

Нар өлтүрүп, пул тартпай,

Кылмышы жок, неси жок

Кандайлыктан тарттым шор?... – деп зар какшаган ыры актыгын далилдей албаган алсыздыгына күйгөндө чыккан экен. Акын буга себепкерлерден өч алуу үчүн үмүтүн үзбөй кыйын күндөрдү башынан өткөргөн. Акыры жанындагы жолдошторунун жардамы менен туулган жерине качып чыккан. “Качкандагы ыр” аттуу чыгармасында мына ошол жол азабын жана кыйын күндөрүн чагылдырган. Токтогул он жылдык азаптын артынан жөө-жалаңдап өз мекенине жеткен экен. “Жерди көргөндө”, “Элимди таап турамын” аттуу ырлары мына ошол учурда жаралган. Мекенине кайткада аны өкүнүчтүү кабар күтүп турган. Анын жалгыз уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка күйөөгө тийип кеткен. Ал эми апасы Бурманын көзү көрбөй азаптуу күн менен алпурушуп аткан экен. Мына ушул турмуштун оор соккусу акынды бышырган. Анын ырга болгон сүйүүсү бекемделип наамы элге-журтка кеңири тарала баштаган.

 Сибирден эл-жер таанып, аң-сезими курчуп кайткан акындын атагы алыска угула баштаган. Көрө албаган душмандары аны 1913-жылы Наманган түрмөсүнө экинчи жолу каматышкан. “Экинчи айдалганда”, “Камакка күйгөн жан элем” аттуу ырлары мына ошол күндөрүн чагылдырган. Бул тоскоолдуктар акындын оюн курчутуп, адилетсиздикке каршы турууга күч берип кийинки улуу акындык жолго даярдаган. Анын ырларынын тематикасы ар түрдүү болгон. Азыр да эл ичинде кеңири таанымал “Алымкан”, “Чакырбай сүткор”, “Беш каман”, “Эшен-калпа” аттуу жана башка ырлары күү менен ырдалып келет. Кийинчерээк “Эмне кызык”, “Гүлдөп ал”, “Санат”, “Терме” сыяктуу нускалуу ырларын жараткан. Сибирге барып келгенден кийин анын бай-манап, эшен-калпаны сындаган жана жаңыча көз караштагы ырлары чыккан. Октябрь революциясынан кийин акын теңдиктин келгенин даңазалаган бир топ ыры чыккан. “Жашасын совет өкмөт!”, “Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду” сыяктуу мактоо ырларын жаңы заманга арнап ырдаган. Токтогул элдик оозеки чыгармачылыктагы санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчы, комузчулардын чоң таасири тийген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязалы комузчу, Сары ырчылар буга мисал. Акындын өмүрүнүн акыркы жылдарында “Бала элем”, “Карылык” сыяктуу арман ырлары анын шакирти Атай Огомбаевдин аткаруусунда жазылып калган. Бул чыгармаларында акын арман кылганы менен карыя катары кийинки муунга өз насаатын калтырган. Токтогул Сатылганов 1933-жылы 69 жаш курагында бул дүйнөдөн кайткан. Азыр анын ысмы көчө, мектеп аттарына, өзүнүн жашап өткөн районго жана сыйлык аттарына ыйгарылган. Элдин эркиндиги үчүн өмүр бою күрөшкөн акын 19-кылымдын эң таанымалы жана азыркы учурдун классикалык акыны катары бааланып келет.                                                                                   

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда элинин укугун талашкан, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн демократ акын Токтогул Сатылганов тууралуу учкай кеп болду. Анын ырлар жыйнактары орусча, французча да жарыяланган. 2014-жылы акындын 150-жылдыгына арналган Гүлзура Жумакунова тарабынан даярдалган “Ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр” аттуу китеби азербайжан, казак, түркмөн, түрк жана өзбек тилдерине которулуп түрк тектүү элдерге дагы кеңири таанылган. Акын кыргыз элинин “тоо булбулу” деп бекеринен аталбаса керек. Анын ырлары азыр да ырдалып келет жана анын санат-насыят ырлары муундан-муунга өтүп жашай бермекчи.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 

 



Тектеш кабарлар