Түрк Республикаларынын энергетика тармагындагы кызматташтыгы

Евразия күндеми-35

1481015
Түрк Республикаларынын энергетика тармагындагы кызматташтыгы

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркиянын менен Евразия чөлкөмүндөгү Түрк Республикаларынын энергетика тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 21-август күнү Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Кара деңизден табигый газ табышканын жарыялады. Алгачкы маалыматтарга ылайык 320 миллиард метр куб экендиги билдирилген бул газ резерви Түркия үчүн аябай маанилүү болуп саналат. Энергия булактарын башка өлкөлөрдөн сатып алып жүргөн Түркия, акыркы жылдарда энергетика тармагына ири инвестициялар салуу аркылуу табигый газ жана нефть чыгарган өлкөлөрдүн катарына кошулуу алдында турат.

Түркия өзүнүн стратегиялык жайгашкан абалынан пайдаланып чыгыш менен батыштын ортосундагы энергетикалык транзит коридоруна айлана алды. Түркия, Евразиянын мамлекеттеринин ичинен Россия, Азербайжан жана Иран менен бул тармакта мыкты кызматташтык жүргүзүп жатат. Мындан ары Каспий деңизинин чыгышында жайгашкан мамлекеттер менен да энергетика тармагында кызматташууну кеңейтиши керек болуп турат.

Эгемендүүлүк жылдарында Түркия Евразиядагы Түрк тектүү Республикалар менен энергетика тармагында кызматташтык келишимдерине кол койду. Тагыраак айтканда, Түрк Республикалары ортосунда энергетика тармагында кызматташуу үчүн укуктук пайдубал бар. Түрк Республикалары энергетика тармагында мамлекеттер аралык жана регионалдык деңгээлде бири-бири менен кызматташып жатышат. Мисалы, Түркия мүчө болгон  Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (CAREC) энергетика министрлеринин алгачкы жыйыны 2019-жылы ϴзбекстанда болуп өттү. Түркия Евразиядагы Түрк Республикалары мүчө болгон Шанхай кызматташтык уюмунун Энергетика клубунун төрагалыгы кызматын аркалаган. Бирок Түрк дүйнөсүнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын жогорку деңгээлге чыгарылышы үчүн Түрк Кеңешинин алкагында энергетика тармагы боюнча кээ бир конкреттүү кадамдардын ташталышы керек. Мисалга алсак, бул кадамдар Түрк Республикаларынын баарында ушул тапта бар болгон электр энергиясы тармагында электр энергия линияларынын бири-бирине туташтырылышы, электр энергиясынын орток колдонулушу, ГЭСтердин курулушу сыяктуу иш-чаралар менен ташталса болот. Андан соң табигый газ, нефть, көмүр сыяктуу кен байлыктары, кайра жаралуучу энергия булактары тармактарында кызматташуу улантылса болот. Түрк дүйнөсүнүн энергетикалык коопсуздугунун камсыз кылынышы, өнүгүүнүн жана кызматташтыктын бекем пайдубалын тургузуучу фактор боло алат. 

Түркия өзүнүн энергетикалык муктаждыгын канааттандыруу жана диверсификациялоо үчүн ГЭСтен атом электр станциясына чейинки энергетиканын ар кыл секторуна инвестиция салып жатат. Түркия, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Түрк Республикалары менен нефть жана газдын батышка экспортун көп жылдардан бери талкуулап жатат. Ушундан улам Транскаспий куур линиясынын курулушу маанилүү болуп саналат. Түркстандагы Түрк Республикалары атом энергия станцияларында колдонулган урандын казып алынышы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турушат. Стратегиялык материал болуп эсептелген уран иштетүү тармагында Түрк Республикалары кызматташууну кеңейтиши зарыл.

Түркия Евразия аймагындагы Түрк Республикалары менен чогуу Кытай, Түштүк Азия мамлекеттерине кеткен энергетикалык куурларга (коридорлорго) орток инвестор катары катышышы керек. Чыгыш менен батыштын ортосунда энергетиканын ташылышы боюнча транзит аймак катары Түрк Республикалары чоң мааниге ээ. Энергетика тармагындагы кызматташтыктын өнүктүрүлүшү Түрк Кеңешинин позициясын чыңдай алат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар