Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-106

Түрк элдеринин адабиятынан – Абдуллах Тукай жана анын ырлары

1479747
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-106

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк элдеринин арасында ырлары менен белгилүү татар акыны Абдуллах Тукай жана анын ырлары тууралуу кеп кылабыз.

Чагылгандай тез өткөн өмүрүнө жашоодон алынган олуттуу ырларын калтырып кеткен Абдуллах Тукай татар элинин алгачкы жана белгилүү акындарынан болуп эсептелет. Аны ар түрдүү темада жазылган ырлары менен 20-кылымдын жана келечек муундун адабиятын калыптандырган жол башчы акын деп да айтууга болот. Тукай 1886-жылы Казанга жакын Арча районундагы Кушлауч айылында кат-сабаттуу молдонун үй бүлөсүндө туулган. Атасы беш айлыгында, апасы үч жашында каза болуп томолой жетим калган. Жаштайынан ар кимдин колуна өтүп багылып, акыры атасынын жакын туугандары болгон эжесинин колуна 9 жашында барат. Тактап айтканда, Казакстандын Уральск шаарында ошол эжесинин колунда 21 жашка чейин жашаган. Ал жерде жергиликтүү медреседен билим алган жана кошумча орус мектебине дагы барган. Жаштайынан илимге жана чыгармачылыкка суусаган Абдуллахтын ырлары жана макалалары ошол учурда Уральскийде чыккан “Пикир”, “Жаңы кылым”, “Жебе” аттуу гезит-журналдарга жарыялана баштаган. 21 жашынан кийин Казанга кайткан акын ал жерде “Реформа” жана “Чагылган” аттуу гезит-журналдарда чыгармаларын жарыялоону уланткан. Мына ушул жерде атагы алыска кетип таанылганы менен жеке жашоосун куруп үй бүлө күтө албаган. Ага себеп дайыма оору менен күрөшүп келген жана каражаттын тартыштыгы болгон. Досторунун айтымында анын жашаган комнатасында бир кроваты, бир столу, столунун үстүндө дайыма ирээтсиз барактары жана бир куран китеби турчу экен. Жокчулуктун кыйынчылыгын тартып жүргөнүн көргөн колунда бардар досторунун жардамын да кабыл албаган экен. Ошентип 1911-жылы кабылган кургак учук оорусунан 1913-жылдын 2-апрелинде улуу акын көз жумган. Анын жаназасына өтө көп эл келип, өтө кайгыруу менен узатышкан экен. Бул кадыр-барк - акындын элине болгон сүйүүсү жана жүрөк түпкүрүнөн чыккан ырларына байланыштырууга болот. Ал кыска өмүрүндө күчтүү ыр саптары менен элинин деми болгон жана азыр да унутулбастан анын чыгармалары эл ичинде жашап келет.      

Болгум келет ак ниеттүү акылман

Жан аябай бакытка элди чакырган.

Чын ниеттен бакыт тилейм татарга,

Бактылуумун бакыт келсе аларга.

Бакыт тилеп, татар десе жан берем,

Өзүм татар, татарлыгым калп белем.

Өз элиме көп убада бергенмин,

Аткарамбы?.. Аны өзүм билбеймин - деп жазган “Өзүмө-өзүм” деген ырындагы ой-толгоолору кыска өмүрүндө аткарылгандай. Ал жыйырма жети жылдык өмүрүндө, эки томго жеткен ырларын жана ошондой эле көлөмдөгү кара сөз түрүндөгү чыгармаларын калтырып кеткен. Өзүнөн кийин келген акын-жазуучуларга чоң үлгү болуп татар элинин ичинде гана эмес түрк дүйнөсүнө наам салган улуу акын катары таанылган. 1907-жылдан 1917-жылга чейин он чакты гезит-журналга жарыяланган ырлары жана макалалары элүү беш жолу басылып чыккан экен. Чыгармаларынын бир бөлүмүндө Шүрели, Имам Хатип, Бичура сыяктуу бир топ каймана атын колдонуп жарыялаган. Элдин деми болуп турган бул акындын өтө көп каймана ат менен жарыялаганынын себеби ошол учурдун саясий режими болгон. Анын патриоттуулук аң-сезиминен жаралган ырлары жалгыз эле татар элине эмес жалпы мусулман түрк калктарына үн салган. Ошол учурдун биримдиктүү уюму “Усул-у жедид” башкача айтканда, “жаңыча окуу усулу” деген кыймыл менен элин караңгылыктан куткарууга жан үрөп салымын кошкон. Анын ырлары окурмандары тарабынан унутулбай азыркы тапта обон жазылып ырдалып келет. Ырларынын темалары ар түрдүү болгонуна карабай көпчүлүк учурда элине дем берген, патриоттулук сезим менен жазылган алга үрөгөн күчтүү ыр саптарын жараткан. Тукай акын, философ, аалым жана саясатчы да болгон. Өтө зээндүү жана билимдүү болгон акындын элине тийгизген таасири, улуттук маданиятына кошкон салымы өтө чоң. Анын ырлары кылым өтсө да активдүүлүгү жоголбой улуттук фольклордун унутулгус тизмесине алтын тамга менен жазылып, элине жана түрк дүйнөсүнө дем берип келет. Мындан сырткары акындын аты өчпөс көчө аттарына, коомдук уюм жана мектеп аттарына коюлуп жыл сайын эл арасында кечелер өткөрүлүп эскерилип келет.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда эл биримдигине үндөгөн, жалпы мусулман элге кайрылган күчтүү ыр саптарын калтырып кеткен белгилүү татар акыны Абдуллах Тукай тууралуу учкай кеп болду. Акындын ырлары бир топ тилге жана анын ичинен түрк тектүү элдердин тилдерине которулуп чыккан. Эгер акындын таржымалына кызыккан болсоңуздар анын котормо ырларын барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 


Тектеш кабарлар