Армения  - Азербайжан чыңалуусунун мааниси

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1465112
Армения  - Азербайжан чыңалуусунун мааниси

12 -  июль күнү Армения чек арасындагы Азербайжандын  Товуз районуна армян күчтөрү кол салды. Кол салуунун акырында Азербайжан аскери шейит болду. Андан кийин болгон кол салууларда болсо эки тарап тең жоготууга учурады. Армения Азербайжанды күнөөлөсө, азербайжандык жетекчилер да кол салуунун «бир армян көкүтүүсү болгонун» айтышты. Бул кагылышуу узун убакыттан бер кыймылсыз жаткан Армения  - Азербайжан чыңалуусун кайрадан эл аралык саясаттын  күн тартибине алып келди.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1992 -  жылы армян күчтөрү жана Армения колдогон куралдуу күчтөр Тоолуу Карабах аймагы жана тегерегиндеги жети облусту башкача айтканда Азербайжандын 20 пайызын басып алган. Миллиондогон Азербайжан түркү үйлөрүнөн куулуп, эми болсо өлкө ичинде жерлеринен куулган кишилер катары жашап жатышат. Он миңдеген азербайжандык болсо каза болду. 1994 -  жылы ок атышпоо келишимине кол коюлду. Ал күндөн бери кагылышуу «тоңду» деп мүнөздөлдү. Бирок 2016 -  жылы апрель айында төрт күнгө созулган катуу согушта 200 киши каза болду. 2018 -  жылдын жай мезгилинин баштарында Азербайжан күчтөрү Азербайжандын Нахчиван автоном республикасынын тоолуу аймагында стратегиялык мааниге ээ болгон бир айыл Гуннутту колго алуу үчүн операция баштады. Бул эки окуя 1994 -  жылдан берки бир гана өзгөрүү бооду. Товуз кол салуусу Армения  - Азербайжан келишпестигинде жаңы бир перде ачылды деген мааниге келүүдө. Бул кагылышуу мурунтадан болгондой эле азыр да жергиликтүү бир кагылышуу болгондон башка эң көп Россия, Иран жана Түркия да кошулуу менен аймактын баарына жайылган геополитикалык конкуренциянын маанилүү бир бөлүгү катары каралышы керек. Товуз аймагына жасалган кол салуунун артында бир топ себеп бар. Бул себептерден биринчисинин аймактык конкуренциянын Кавказия жолуна карай жайылууга аракет кылынышы. Бул жерде Россиянын эки өлкөнүн ортосундагы кагылышуудан азыктанганын айтууда пайда бар. Бул кагылышуу Россияга аймактагы бийлигин күчтөндүрүү үчүн жаңы бир мүмүкнчүлүк сунуштап жатат. Россия негизги стратегиясын Армения аркылуу курган болсо да Армения менен Азербайжан үчүн эң чоң курал жеткирүүчү. Аймактагы ыраатсыздыкты Россиянын ар бир эки өлкөгө курал сатуу үчүн жаңы бир себеп сунуштоосу бул жактан маанилүү бир себеп.

Армения  -  Азербайжан кагылышуусуна кийлигишкен  башка бир аймактык актер да Иран. Ирандын Азербайжандын негизги душманы Армения менен болгон жакындыгы Бакуну да тынчсыздантууда. 1990 -  жылдардын баштарындагы Тоолуу Карабах согушунда Иран Азербайжандын аймактагы ролун четке кагуунун жолу катары Армения тарабында орун алды. Армения  - Иран соодасы 2019 -  жылы рекорддук деңгээлге жетти. Ирандын президенти Хасан Рухани да өткөн жылы Азербайжанга жасаган сапарында буларды айтты : «Досубуз жана коңшубуз Армения менен бардык тармакта  карым  - катнаштардын өнүгүшүнө абдан чоң маани беребиз».

Албетте тарыхый жана маданий себептерден улам Түркия да аймактын эң негизги актерлору жана Азербайжандын жанында орун алат. Россиянын Түркиянын көңүлүн Сирия жана Ливия сыяктуу жерлерден башка жакка буруунун бир жолу катары Түштүк Кавказиядагы абалды куручтуу  чечимин чыгаруу ыктымалы Түркиянын позициясын дагы да маанилүү абалга алып келди. Москванын Ереван башкаруусундагы таасирине көңүл бурулганда мунун мүмкүн экенин айтууга болот. Аймактык конкуренцияга кошумча катары кагылышуунун артында жаткан экономикалык себептер да бар. Бутага алынган Агдам айылы, Евразия кургактык массасынын жүрөгүндө Каспий аймагын Европа жана эл аралык энергия базарына байланыштырган чоң нефть жана жаратылыш газ түтүк жолдоруна абдан жакын орун алууда. Картага караганда энергетика жана сооданын Европа жана Азиянын ортосунда ташылышы үчүн үч гана жол бар. Иран, Россия жана Азербайжан. Бир гана 100 километр кеңдиктеги бул кичинекей соода коридору Азербайжандын экинчи эң чоң шаары жана аймактагы эски Жибек Жолу соода борбору Генженин атын алган «Генже боштугу» деп да билинет. Акыркы кагылышуулардын көпчүлүгү болгон аймак болсо Генже боштугунун так эле ортосунда. Азыркы учурда Россия менен Иранды маанилүү өлчөмдө аттап өткөн жана Генже боштугунан өткөн үч чоң нефть жана газ түтүк жолу бар: Баку  - Тбилиси -  Жейхан түтүк жолу, Баку  - Супса түтүк жолу жана Түштүк Газ Коридору. Батыш Европаны Каспий аймагына байланыштырган фибер оптик кабелдери да маанилүү бир авто жолу жана темир жол байланышы сыяктуу Генже боштугунан өтөт. Ачыкчасы Товуз кол салуусу түздөн түз бул гео  - экономикалык теңдемени бутага алууда. Эгерде Россия ошол эле учурда Европаны жана Ливия менен Сириядан улам Түркияны кысмакка алууну кааласа ал үчүн Генже боштугунан дагы жакшы бир бута болбос эле. Бул үчүн Армениянын өзүн колдонтуу үчүн бир топ себеби бар. Ички саясаттан, экономикалык абалдын начарлашына Армениянын Азербайжандын тынчын алуу үчүн бир топ негиз бар.

Армения  - Азербайжан чыңалуусу жаңы бир аймактык кризистин кабарчысы мүнөзүндө. Бул жактан алып караганда жакындан иликтенип, кагылышуунун тереңдөө ыктымалына каршы даяр болушу керек.



Тектеш кабарлар