Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-102

Түрк элдеринин адабиятынан – Мирза Фетхали Ахунзаденин чыгармачылыгы.

1457568
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-102

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусунда жакынкы Азербайжан адабиятынын куруучуларынын бири - Мирза Фетхали Ахунзаденин адабиятка кошкон салымы жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз.

Жакынкы доор жаңы Азербайжан адабиятынын куруучусу, жазуучу, философ Мирза Фетхали Ахунзаде түрк дүйнөсүнүн алгачкы драматургу катары таанымал. Ал 1812-жылы Азербайжандын Шеки шаарында төрөлгөн. 1814-жылы атасы Мирза Мехметтагы, энеси Нане менен Тебризге жакын Хамне аттуу жерге көчүп барышат. Бирок, үй-бүлөлүк маселелерден улам энеси Нане Ахунзадени алып кайрадан Шеки шаарына кайтып келет. Ал жерде Наненин агасы Ахунд Хажы Алескер деген киши Ахунзадени багып алат. Алескер өтө билимдүү киши болгон жана Ахунзадеге арап, фарс тилин, ислам тарыхын жана ислам укугун, ошондой эле түрк маданиятынын тарыхын үйрөткөн. Андан соң ал 1932-жылы Генже аттуу медреседен билим алган, ал эми 1933-жылы Шекидеги орус мектебинде окуган. 1934-жылы орус аскери катарында Тбилисиде кызмат өтөп, башкы командирдин котормочусу болуп иштеген. Тбилисиде жашап калган Мирза Фетхали билим менен адабиятка сүңгүп, өзүнө ылайык ошол учурдун жакшы шарттары менен орто мектептин мугалимдик кызматына кирген. Ал белгилүү орус акыны “Пушкиндин өлгөнү тууралуу чыгыш поэмасы” деген ырын жазып орус гезиттерине жарыялаган. Мына ошондон баштап орус философтору жана жазуучуларынын арасында кеңири тааныла баштаган. Башкача айтканда, чыгармачылыгынын жаңы нугу башталган. 1840-жылы Россиянын атынан дипломатиялык иштерге котормочулук кылып түрк жана иран дипломатиялык жолугушууларга катышкан. Ошол эле учурда адабиятка болгон шыгы менен пъесаларын, ырларын жана котормолорун чыгарып коомчулукка кеңири таанылган. Ал Азербайжан адабиятындагы жаңы агымды түзүп, адат болгон классикалык агымдан алыстап эл ичинде элдин үмүтүн, максатын көздөгөн жаңыча ой-пикир менен чыгармаларын жараткан. Азербайжан элине коомчулуктагы жаңы саясий көз караштарды оңой түшүндүрүү үчүн пъеса жана драма жаатында чыгармаларын өркүндөткөн. Эски көз караш, теңсиздик, караңгылыкты чагылдырган бир топ комедия жаатында пъесалары менен элдин көзүн ачканга аракет кылган. 1857-жылы бир топ түрк тектүү элдердин колдонгон арап алфавитин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу проект иштеп чыгат, бирок талапка жооп бербеген бул алфавитти кайрадан латын алфавитине алмаштыруу тууралуу реконструкциясын иштеп чыккан. Бул иш-чарасын ар бир түрк борборлоруна сунуштаган жана өзү Стамбул шаарына чейин барып бул тууралуу отчёт сунуштап келген. Түрк маданиятына салым кошкон ушул кызматы үчүн Осмон Империясы тарабынан төртүнчү даражадагы “Межидийе” аттуу сыйлыкка татыктуу болгон. Ал ар бир чыгармасында элдин сезимин ойготкон, жаңыча жашоого үгүттөгөн, жаңыча пикирлердин келип чыгышына себепчи болгон улуу жол башчы катары тарыхка жазылган.

 Ахунзаде учурунда алган жогорку билими жана үйрөнүп чыккан таалим-тарбиясы менен элинин шам чырагы болгон. Анын ар бир чыгармасынын мааниси элдин аң сезимин ойготууга жумшалган пикирлер менен камтылган. Өзгөчө жаңы нуктагы илимден алыс калган элди сүрөп бир университеттин жүгүндөй болгон жоопкерчиликти өзү аткарганга аракет кылган. Орус полковниги наамы менен түрк элдеринин тили, адабияты жана маданиятынын бардык тармагында ой жүгүртүп, чыгарма жана макала жазганга жетишкен. Азыр анын бул эмгектери фарс, грузин, армян, орус, немис, француз, англис тилдерине которулган жана анын чыгармачылыгы тууралуу бир топ изилдөөлөр, макалалар жазылып келет. Комедия түрүндө жазылган алгачкы түрк пъесасы “Молла Ибрахим-халил алхимик” алгач Тбилисиде көрсөтүлгөн. Бул чыгармасында балалыгын өткөргөн Шеки шаарындагы болгон окуяга таянат. Чыгарманын башкы каарманы Ибрахим-халил тоого чатыр тигип оолактап, темирди күмүшкө айланта аларын жарыялайт. Муну уккан ач көз бай-манаптар агылып бир топ байлыгынан кол жуушат. Бул чыгармасы менен артта калган караңгы аң сезимди ашкерелейт. Анын “Мусье Жордану жана дербиш Мастали Шах”, “Ленкоран хандыгынын вазири”, “Каракчыларды жеңген аюу”, “Чыгыш адвокаттары”, “Алданып калган жылдыздар” сыяктуу ошол учурду сындаган өтө олуттуу маселелерди комедия түрүндө жумшартып чагылдырган чыгармалары дагы да болсо актуалдуулугун жоготпой келет. Мирза Фетхали Ахунзаде тууралуу Самет Вургун аттуу акын төмөнкүчө баалайт. Ал: “Жүрөгү түрк-ислам дүйнөсүнүн эркиндиги жана бактысы үчүн согуп, дүйнөлүк аренадагы гуманист болгон” деп баалайт. Азербайжан элинен чыккан алгачкы драматург, сынчы, алфавит реконструкциясын иштеп чыккан тилчи, элдик акын, философ, жазуучусу Мирза Фетхали Ахунзаденин урматына Азербайжанда жана түрк дүйнөсүндө “2012-жыл Мирза Фетхали Ахунзаде жылы” деп белгиленип, анын чыгармачылыгы, караңгылык менен күрөшкөн аракети тууралуу бир топ иш чаралар өткөрүлгөн жана келечек муунга дем берген “түркчүлүк, боордоштук” аң сезими кайрадан эскерилген.

Урматтуу окурмандар, 1878-жылы көз жумган Мирза Фетхали Ахунзаденин түрк дүйнөсүнө кошкон салымы ар качан эскерилип келет. Анткени анын элине болгон сүйүүсү, пикири жана лидерлиги менен окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар