Глобалдык алмашуунун кыйынчылыгы

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1432769
Глобалдык алмашуунун кыйынчылыгы

                      

Жаңы тип коронавирус эпидемиясы бүткүл дүйнө үчүн бир шок жаратты. Бул шок АКШда болгон митингдер менен бирге дагы да тереңдегендей көрүнүүдө.  Кээ бирлеринин оюу боюнча Экинчи дүйнөлүк согушунан бери эл аралык коом көргөн эң чоң кризис.      

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.    

Кризис глобалдык коомдун саламаттыгы тууралуу болсо да эл аралык саясат узун убакыттан бери сөз кылган темаларынын бири болгон дүйнө тартиби талкууларын кайрадан от алдырды. Кээ билери эпидемиянын Кытайдын лидерлигиндеги жаңы бир дүйнө тартибинин ортого чыгарын болжолдоп жатса, кээ бирлери АКШнын лидерлигинин жок болушун ортого салып жатат. Кээ бир топтор глобалдашуунун акырына чыгарын айтууда. Кээ бирлери да глобалдык кызматташуу үчүн жаңы бир мезгилди баштай турганын ойлоп жатат. Божомолдоолор муну менен эле калган жок. Эпидемиянын глобалдык өлчөмдө  улутчулдукту күчтөндүрөрү, глобалдык соода желелерин күчсүздөнтөрү жана түрдүү өлкөлөрдө режим алмашууларга жол ачары болжолдолууда.

Бул кенен алмашуудан эл аралык саясаттын да насибин алабашы мүмкүн эместей. Корона эпидемиясынын глобалдык тартипте өзгөрүүнү кошо ала келерин айтуу абдан кыйын. Учурдагы кризис, глобалдык күч көлөмүнүн кайрадан таркатылышы тууралуу бир маселе болуудан башка глобалдык башкаруу бетме – бет келген бир кризис катары ортого чыгып жана ошондой улантылган. Бул кризис учурдагы глобалдык тартипти өзгөртүү процессине катуу кысым көрсөтүшү мүмкүн. Муну менен бирге коронадан кийин дүйнө Кытай тынчтыгы жана Америка тынчтыгынын кайрадан жогорулашына күбө боло албайт. Тескерисинче эки күч да бири бири менен кирген жарышта күчсүздөнүп дагы тең салмактуу дүйнө тартибинин жаралышы үчүн дагы көп мүмкүнчүлүк ортого чыгат. Андан да маанилүүсү АКШ менен Кытайдын ортосунда болгон геополитикалык жана экономикалык күрөштүн мазмунуна караштуу эл аралк системанын жалпы мүнөзү менен аймактык астыңкы системаларда болгон геополитикалык конкуренция жаңы мезгилде айырмаланат.

Эл аралык өлчөмдө кризис так түрдө экономика аркылуу глобалдык өлчөмдө бир тараюу жана кичирейүү менен сезилет. Глобалдык экономикадагы жакшыруу менен калыбына келүү процесси болсо эпидемиянын качан толугу менен бүтөрүнө байланыштуу узарат.

Бир тараптан АКШ  -  Кытай конкуренциясы кээ бир геополитикалык жыйынтыктарды жаратат.

АКШнын Кытайга карата катаалдашкан мамилеси  менен кыйла жөнөкөй стратегияны кабыл алышы Азия-Тынч океан масштабындагы геополитикалык жана коопсуздук маселелеринин тереңдеши менен АКШнын айрым эл аралык келишимдерден баш тартуусу жана глобалдык башкаруу маселелерин андан ары диверсификациялоосуна себеп болот.

Кытай АКШнын стратегиясын окшош жол менен теңдештире турган көчүрүү стратегиясын кабыл алуу менен бирге Азия  - Тынч океан огундагы белгисиздиктер дагы көбөйөт. Глобалдык геополитикалык чөйрөсүнүн бул конкуренциянын  бир жыйынтыгы катары морт бир структурага өтөт.

АКШ  -  Кытай огунда катуу конкурнециянын башка аймактык астыңкы системаларга тескери таасир тийгизиши да жогорку ыктымалдардын арасында орун алууда. Ушул себеп менен Европа Биримдиги, Транс  - Атлантика карым  - катнаштары, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азияда геополитикалык бир толкундануунун болуу ыктымалы жогору. Бирок булардын баары дүйнө тартибинин акыры экенин жарыялоо үчүн жетерлик эмес.

Корона эпидемиясынын дүйнөгө кандай таасир берери АКШда эмнелердин болору менен түздөн түз байланыштуу. Акыркы митингдер менен бирге ортого чыккан жаңылыштыктар  АКШнын глобалдык лидерлигин дагы да күчсүздөнтөт. Коронанын таасири менен жаңы бир саясаттын пайдубалы пайда болду. Бул пайдубал Америкада  раситсикке каршы митингдер катары ортого чыкса башка аймактарда башка себептерден улам ортого чыгып жана жайылышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар