29 -  май Стамбулдун багындырылышы

1453 – жылы Осмон падышасы Султан Мехмет Стамбулду курчоого алды.

1425343
29 -  май Стамбулдун багындырылышы

 Осмон империясы негизги чоңоюу жана күчтөнүүгө Византия жерлерин басып алуу менен жетишти. Анадолу менен Румелинин алынышы менен  Византия  Стамбулдан эле турган шаар мамлекетке айланды. 1453 – жылы Осмон падышасы Султан Мехмет Стамбулдун Византиянын колунда болушу Осмон мамлекетинин коопсуздугу үчүн коркунуч экендигин  билип чоң бир армия менен Стамбулду курчоого алды.

Узун убакытка созулган курчоодо осмондук армиясы колдонгон технология жана замбиректер 1453 -  жылы 29 -  майда Стамбулдун алынышына мүмкүнчүлүк түздү.

Стамбул осмондуктардын борбор шаары болду. Ортоңку кылымды акырына чыгарып жаңы доорду баштаган Стамбулдун багындырылышы дүйнө тарыхына терең таасир  тийгизип, батышта реформа жана жаңыдан жаралуу кыймылдарынын баштоочусу болду.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар