Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-87

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Огуз Каган дастаны

1396570
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-87

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктар арасында кеңири тараган, орток адабияттын руханий байлыгы – Огуз Каган дастаны тууралуу кеп кылабыз.

Дастан – тарыхта болуп өткөн окуялардын оозеки жана жазуу түрүндөгү баяны деп айтсак болот. Бул -“дастан” термини фарс тилинен алынып “окуя, уламыш, болумуш” деген маанини берет. Түрк тектүү калктардын ичинде баатырдык дастандар же баатырдык эпостор көп айтылып келет. Булар - ар түрк элинин элдик дастаны жана орток түрк элдик дастаны болуп бөлүнөт. Орток дастандарыбызга түрк тектүү калктар арасында эң кеңири жайылган дастан Огуз Каган дастаны болуп саналат. Бул дастандын бугүнкү күнгө чейин сакталып келген үч нускасы бар. Алардын эң эски жазуу түрүндөгү нускасы эски уйгур алфавити менен жазылган жана ал азыр Париждеги китепканада сакталууда. Кийинки нускалары чагатайча жана фарсча жазылган. Ислам дининен мурун жазылып калган Огуз Каган дастаны тууралуу, белгилүү тарыхчы Зеки Велиди Тоган “Огуз Каган дастаны биздин заманга чейин 7-кылымда борбордук Орто Азияда жашаган Сакалар менен кийинки кылымдарда жашаган Искитлер” деп жазган. Ал эми Огуз Каган дастанынын кийинки фарсча жазылган вариантында исламдашкан түрк элдеринин турмушун чагылдырган. Үчүнчү варианты 17-кылымда Эбул Гази Бахадыр Хан тарабынан түркмөндөрдүн ичинде ооздон-оозго өтүп келген уламыштар жана мурунку варианттарынан колдонулуп түзүлгөн. Мына бул көрөңгөлүү дастанды Радлов, Щербак жана Бернштам, Абдүлкадир Инан сыяктуу жана башка улуу түркологдор тарабынан изилденип чыккан. Бул иликтөөлөрдүн натыйжасы - Огуз Каган дастанын жалпы түрк тектүү калктардын орток чыгармасы болгонун далилдейт.      

Ал ошо менен ошо болду.

Дагы андан соң кубанычка тунду,

Ай каган көз жарды да болду уулду.

Баланын өң-чырайы көк чаар эди,

Эрини алоо, көзү өрттөй

Чачы-кашы кара эди.

Тектүүдөн теңдеши жок көрктүү,

Ошол уул бир оозанып энесинин ак сүтүн

Бир эмген соң, андан артык эмбеди, - деген ыр саптары менен Огуз баатырдын төрөлүшү сүрөттөлгөн.

Бул дастанда - Хун өкүмдары Метенин төрөлүшү, каган болушу, андан соң түрк биримдигинин курулушу жана карыганда өлкөсүн өз балдарына бөлүп бергени тууралуу баяндалат. Мете хан биздин заманга чейинки кытай жылнаамаларында сакталып калган тарыхый инсан. Ал биздин заманга чейинки 209-174-жылдары арасында Хун өкүмдары болгон. Бардык дастандар сыяктуу эле бул дастандын да алгачкы чыккан варианты сакталып калган эмес.

Огуз Каган дастаны – баатырдык дастандарда жолукчу окуялар сыяктуу эле жомоктой сүрөттөлөт. Ал төрөлгөндөн кийин эле:

Тилге келди. Чийки эт, аш-сүзмө тиледи,

Кырк күн өттү, ойноп кетти.

Бука сындуу, бөрү белдүү,

Булгун жоорун, аюу көөдөн,

Бүт денеси түк эди.

Күгүрөтүп жылкы күтүп,

Күлүк тандап минер болду.

Кийик уулап жүрөөр болду.

Күн өттү, ай-жыл тозду, жигит толду.

Дастанда Огуз жаш кезинен ушундайча чоңоюп, асмандан түшкөн ай чырайлуу кызга үйлөнөт. Бул кыздан Күн, Ай жана Жылдыз деген үч уулду болот. Бир күн чытырман токойдо аң уулап жүрүп укмуштай сулуу перидей кызга жолугуп ага да үйлөнөт. Андан Көк, Тоо жана Деңиз аттуу үч уулу дагы болот. Төрт тарабы түлүк болгон Каган коңшу өлкөлөргө кат жөнөтөт. Ал катта макул болуп баш ийгендер чабылбайт, аны өкүмдар катары тааныбагандар кыргынга учуратылаары жазылган. Коңшусу Алтын Каган дос болду, Урум ханын, Чүрчет ханын жана Индия, Тангут, Сирия, Баркан сыяктуу бир топ элди-жерди багындырды. Душмандары азап тартты, достору жыргал жашоодо жашады. Күндөрдүн биринде акылман Улуг бий түшүндө бир алтын жаа жана анын үч жебесин көрүп Огуз Каганга айтат. Жакшылыкка жоорулган бул түштөн кийин Огуз Каган уулдарына өлкөсүн бөлүп берген экен.                                                          Урматтуу окурмандар, орток руханий жана маданий байлыкты элдик дастан, эпос, жомок жана ушул сыяктуу элдик оозеки чыгармачылык аркылуу алабыз. Бул орток дастан эл биримдигин жана түпкү тегибизди билип жүрүүгө өтө чоң өбөлгө. Ошондуктан ар бир элдик оозеки чыгарманын баа жетпес наркы бар. Огуз Каган дастанынын ар бир түрк тектүү элдердин арасында кеңири таралып окулуп чыгышына тилектешпиз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар