Корона жана глобалдык системанын келечеги

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын пикири.

1381321
Корона жана глобалдык системанын келечеги

Январь айында Кытайдын Ухань аймагынан чыккан жана үч ай сыяктуу кыска убакытта бүткүл дүйнөгө жайылган коронавирус глобалдык системаны тереңден таасирленткен жыйынтыкка жеткендей көрүнүүдө. Акыркы он жылдан бери дүйнөлүк саясат глобалдык өлчөмдө ортого чыккан абалдарга сахна болду. 11 -  сентябрь менен бирге глобалдык система бир коопсуздук кризис менен беттешүүгө мажбур болуп андан кийин ДЕАШтын ортого чыгып жайылышы менен да глобалдык өлчөмдүү коопсуздук кризис тереңдеди. 2008 -  жылы бүткүл дүйнө глобалдык финансылык кризис менен бетме  - бет келди. Арадан өткөн он жылга карабастан глобалдык системада жакшыруунун ордуна начарлоо болду. Экономикалык көрсөткүчтөр кайрадан тескерисине айлана баштады. Акыйкаттан да акыркы жылдарда АКШ  -  Кытай ортосунда болгон соода согуштары глобалдык өлчөмдүү экономикалык тартипти коркунучка салып, жаңы бир глобалдык кризистин ортого чыгышына карата күтүүлөр да барган сайын артты. Глобалдык өлчөмдүү саясий кризистер ашыкча оңчулдуктун жогорулоого өтүшү, эл аралык мекемелердин функциясын  жоготушу жана Сирия кризиси сыяктуу орчундуу маселелер глобалдык системанын келечегинин да териштирилишине себеп болгон. Бирок эч ким бул маселелердин глобалдык системаны пессимист жана белгисиз бир келечек күтүп турат деп  айткан эмес. Ал эми корона эпидемиясынын күтүлгөндөн жана көрүнгөндөн дагы терең бир кризиске алып барары белгиленүүдө. Глобалдык системанын келечегин барган сайын белгисиз кылып жатат.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын пикири.

Корона барыдан мурда адамдын коопсуздугун түздөн түз кызыктырган глобалдык бир саламаттык маселеси. Адамдын коопсуздугу 1980 – жылдардан бери борбордук маселелердин бири катары каралууда. Корона адамдын коопсуздугун жана глобалдык коомчулуктун  саламаттыгынан да башка таасирлерди ортого чыгара баштады. Биринчи жана эң негизги таасири эч шексиз глобалдык экономикада сезилүүдө. Оорунун кай жерге чейин барары, качан текшерүү астына алынары, адамдын ден соолугу жактан эмне болору, чыгымы, кайрадан кайталанып же кайталанбай тургандыгы тууралуу белгисиздиктер глобалдык экономиканын азыртадан солгундашына жол ачууда.

Кыйтайдын өсүү сандарынын тескерисине айланышы, Кытай өндүрүшүнүн кээ бирлери токтоп калууга чейин келиши, Италия, Франция, Германия жана Испания сыяктуу Европанын локомотив экономикаларынын коронадан улам токтоп калышы АКШ сыяктуу актерлорду да аракетке өткөрдү. Американын борбордук банкы ФЕД тарабынан билдирилген 700 миллиард долларлык чоң кийлигишүүгө карабастан базарлар бул кийлигишүүгө оң жооп берген жок. ИМФ сыяктуу глобалдык экономика мекемелеринин башкы кеңешчилигин аткарган негизги ысымдардын бирөөсү болгон Кеннет Рогофф  дүйнө экономикасынын кичирейип рецессияга кирерин айтты. Оксфорд изилдөө институту да  тышкы карызга ээ өнүгүп келе жаткан  өлкөлөрдүн карыздарын төлөө тууралуу кыйынчылык жашай тургандыгын билдирди.

Бир тараптан АКШ борбордук банкы көп колдонбогон ыкма болгон акчалай кеңейүү саясатын ишке ашырат. Франция болсо 500 миллиард евролук чоң бир бюджет менен корона менен күрөшүү үчүн акча бөлүүнү пландагандыгын жарыялады. Көрүлгөн чаралар экономикадагы рецессияны акырындатпайт, бирок реалдуу базарлар токтоп калуу жерине келди. Ушундай кете турган болсо глобалдык экономиканын алдыбыздагы эки жылда өзүнө келиши мүмкүн эместей көрүнүүдө. Бул абал глобалдык бир экономикалык кризистин ичине кирүү менен жыйынтыкталып жана экономикасы начар өлкөлөрдүн чөгүшүнө себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан корона эпидемиясынын глобалдык экономиканы бир кризиске киргизүүдөн башка тарыхый бир кризиске кириптер кылып, глобалдык экономикада структуралык бир абалдын ортого чыгышына себеп болот.

Корона эпидемиясынын глобалдык системанын келечегин кызыктырган экинчи жагы болсо глобалдык коопсуздукту түздөн түз кызыктырууда. Түркия республикасы өкмөтүнүн билдиргениндей «маселе глобалдык, бирок күрөш улуттук». Бул бардык өлкөлөрдү оболу өздөрүн куткарууга карата бир күрөш методун жактырууга түртүүдө. Эки өлкө күндүн акырында өзүн жана жарандарын куткаруу үчүн кыймыл кылууда. Кытай, Италия, Франция, АКШ, Испания жана Европанын бир тор өлкөсү катуу чараларды көрө баштады. Түркия да башынан бери эң катуу чараларды көргөн өлкөлөрдүн арасында орун алууда. Бардык өлкөлөр бири бири менен болгон аба байланыштарын жаба башташты. Франция бардык кургактык чек араларын жапкандыгын жарыялады. Британия болсо Европанын жана дүйнөнүн жалпысына караганда башка бир стратегия жүргүзүүдө. Бирок келген кабарлар Британ калкында күн өткөн сайын дүрбөлөң атмосферасынын жайылгандыгын көрсөтүүдө. Бир тараптан Францияда жергиликтүү шайлоонун экинчи турлары кечеңдетилип; Испания менчик ооруканалардын башкаруусунун мамлекетке өткөндүгүн билдирди. Нидерландияда 1973 – жылдагы нефть кризисинен бери биринчи жолу бир премьер  - министр улутка кайрылып сөз сүйлөдү.

АКШда вирустан эң көп таасирленген аймактарда жеке куралдануулар өстү. Бул ушул бойдон кете турган болсо, дүрбөлөң атмосферасы оболу терең улуттук коопсуздук маселелеринин пайда болушуна андан кийин да мамлекет ичинде жана мамлекеттер арасында көкүтүүчү жыйынтыктарга жол ачышы мүмкүн.

Корона глобалдык экономика жана глобалдык коопсуздук сыяктуу эки негизги системага терең таасирин тийгизүүдө. Бул эки система глобалдык системанын келечегинин кандай форма аларына түздөн түз таасир бериши мүмкүн. Мындан кийин боло тургандар бардык актерлор үчүн чыдай ала турган бир процесске айлана тургандай көрүнбөйт.

Биринчи чыдамдуулук жекече деңгээлде өлкө экономикалары боюнча болот. Күчтүү экономикалар эпидемияга карата көрүлө турган чаралар тууралуу акча кыйынчылыгын тартпайт бирок глобалдык экономикада ортого чыккан толкундоолор күндүн акырында чоң экономикаларга дагы көп таасир берет. Күчсүз экономикалардын ансыз да жогото турган көп нерсеси калбайт. Экинчи чыдамдуулук тести коомдук жана жеке психологиялар аркылуу болот. Дүрбөлөңгө түшкөн кишилер көбөйгөн сайын коомдук психология дүрбөлөңгө түшкөн кыймылдар аркылуу кетет жана саясий хаоско себеп боло турган жыйынтыкты жаратат. Ушул себептен коомдук чыдамдуулугу күчтүү болгон коомдор дагы аз чыгым менен бул процесстен өтөт. Үчүнчү тест болсо мамлекеттин чыдамдуулугу аркылуу болот. Мекемелешкен, стандарт процедуралары болгон жана чечим чыгаруу механизми күчтүү болгон мамлекеттер бул мезгилди дагы аз чыгым менен өткөрөт. Күчсүз мамлекеттер болсо  дагы көп күчсүздөнөт балким да дагы да алсыз мамлекетке айланат.

Чоң ыктымалдуулук менен эпидемия акырына чыкканда ортодо глобалдык бир уранды менен бетме  - бет келебиз. Бул уранды жаңы бир глобалдык тартип куруу үчүн кандай пайдубал даярдай тургандыгын күтүп көрөбүз.

 



Тектеш кабарлар