Президент Эрдогандын Украинага жасаган иш сапары

Евразия күндеми-7

1359020
Президент Эрдогандын Украинага жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар! Бүгүнкү программабызда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Украинага жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

 Президент Эрдоган 2020-жылдын 3-февралында Украинага бир күндүк иш сапары менен барды. Эске сала кетсек, Түркия-Украина дипломатиялык мамилелери 1992-жылдын 3-февралында түзүлгѳн. Президент Эрдоганды Киевде расмий салтанат менен тосуп алышты. Эки ѳлкѳ лидерлери тар форматта жолугушуу ѳткѳрүштү. Андан кийин 8-Түркия-Украина стратегиялык кызматташтыгы боюнча жогорку даражадагы кеңештин жыйыны болду. Эки мамлекеттин ортосундагы 7 келишимге кол коюлду. Мындан сырткары Президент Эрдогандын катышуусу менен Украина-Түркия иш форуму болуп ѳттү.

Эки ѳлкѳ мамилелери стратегиялык деңгээлде деп айтылып келет. Чындап эле акыркы убакта эки тараптуу мамилелердин ар кыл тармагында кызматташтык ѳнүгүп жатат. Коопсуздук тармагындагы кызматташтык Түркия-Украина мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарды. Мисалы, Украинанын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Сибига, Украина армиясынын муктаждыгы, айрыкча курал-жарак сатып алышы үчүн Түркиянын 200 миллион түрк лирасы өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтө тургандыгын билдирди. Түркия Украинанын Антонов-178 учагын сатып алганга кызыкдар. Түркиянын коргоо министри терроризмге каршы күрѳшүү сымал коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн март айында Украинага иш сапары менен барат. Коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо эки ѳлкѳ үчүн тең пайдалуу болуп саналат.

Эки мамлекет тарабынан жүзөгө ашырылган ID карта менен саясат кызматы өз мѳмѳсүн бере баштады. Ѳткѳн жылы Украинадан Түркияга 1,5 миллион жаран турист катары келди. Мындан беш жыл мурда бул сан 700 миң эле.

Саламаттыкты сактоо туризми тармагында да украиналыктар Түркияга кѳп келе башташты. Киевде эки ѳлкѳнүн ортосунда айдоочу күбѳлүктѳрдүн таанылышы боюнча келишимге кол коюлду. Бул келишим жеке же үй-бүлѳсү менен саясат жасагысы келгендерге жеңилдик болуп саналат. Тагыраак айтканда туризмдин ѳнүгүшүнѳ салым кошот. Эки ѳлкѳнүн туризм тармагындагы кызматташтыгынын келечеги  кең экендигин баса белгилесек болот.

Киевде ѳткѳрүлгѳн иш форумунда эркин соода келишимине ушул жылы кол коюла тургандыгы билдирилди. Эркин соода келишими жүзѳгѳ ашырылса, эки ѳлкѳнүн кызматташтык алакасы жаңы баскычка көтөрүлүп, эки ѳлкѳнүн лидерлеринин соода көлөмүн 10 миллиард долларга чыгаруу максаттары ишке ашат десек жаңылышпайбыз. Азыркы учурда эки ѳлкѳнүн ортосундагы сооданын көлөмү 4 миллиард доллардын тегерегинде. Жаз айларында ѳткѳрүлѳ турган Түркия-Украина соода жана экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйынында бул маселе чечилиши мүмкүн.

Украинага Транс-Анадолу табигый газ түтүкчѳсү аркылуу Каспий табигый газын жеткирүү маселеси да Киевде талкууланды. Бул - бардык тараптарга пайда алып келе турган долбоор болуп саналат. Мурда Түркия орус газын Украина аркылуу алып келсе, эми Украина Каспий газын Түркия аркылуу алмакчы. 

Президент Эрдоган Украинада Крым татарлары, гагауздар жана ахыска түрктѳрү менен жолугушту. Украинадагы түрк калктарынын ѳкүлдѳрү Түркиянын Киев менен мамилесин ѳнүктүрүүгѳ ѳбѳлгѳ түзѳт. ТИКАнын түрк калктары жашаган аймактарга жасаган инвестициялары эки ѳлкѳ кызматташтыгынын ѳнүгүшүнѳ салым кошот.

Президент Эрдоган Киевде Украинанын территориялык бүтүндүгү боюнча Түркиянын позициясын дагы бир жолу баса белгиледи. Ошондой эле расмий салтанатта “Слава Украине” сөзүн колдонду. Бул нерселер Россия менен тең салмактуулукту сактоо үчүн маанилүү болуп саналат. Түркиянын Крым татарлары үчүн Украина менен бирге турак-жай кура тургандыгынын жарыяланышы, Украина православ чиркѳѳсүнүн Москва православ чиркѳѳсүнѳн көз карандысыз болушунда ойногон ролу Анкаранын сѳздѳ эмес, иш жүзүндө тең салмактуулук саясатын жүргүзүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Түркия Россиядагы украиналык туткундардын бошотулушунда чоң роль ойношу мүмкүн.

Жыйынтыктай турган болсок, Президент Эрдогандын Украинага иш сапары жемиштүү болду. Түркиянын Кара деңизде жана жалпысынан түндүк аймагында таасирдүү болушунда Украина менен бекем кызматташтык пайдалуу болуп саналат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков!



Тектеш кабарлар