Буларды билесиздерби?

Жаңы жылдык майрам.

1332961
Буларды билесиздерби?

Жаңы жылдын дүйнөдө бир топ өлкөдө түрдүү салттар           менен майрамдалгандыгын билесиздерби?

Бардык тармакта жаңы бир башталгыч деген мааниге келген жаңы жыл дүйнөнүн төрт тарабында түрдүү салттар менен майрамдалат. Баарынын орток максаты келерки жылдын жакшы үмүт жана молчулук, бакыт алып келиши.  

Жаңы жылдык майрам тарыхтын билинген эң эски  майрамы.  Билинген биринчи жаңы жылдык майрам биздин эрага чейинки 4000 – жылдарда Бабилде майрамдалган. Бабилдиктерде жаздын башталышы жаңы жылдын да башталышы болгон.

Григориан календары  1 -  январь эч бир астрономиялык же  айыл  - чарбалык  мааниси болбогондугуна карабастан бул календарды колдонгон маданияттар тарабынан жаңы жыл катары майрамдала баштады.

Түркияда Григориан календары 1925 -  жылы 26 -  декабрда кабыл алынган жана биринчи жолу 1926 -  жылы жаңы жыл катары майрамдоо максатында жаңы жылдык лоторея да өткөрүлдү. 1935 -  жылы 1 -  январь расмий эс алуу күнү катары кабыл алынып, жаңы жыл түндөрү эс алуу менен бирдикте майрамдык маанайда майрамдала баштады.

 



Тектеш кабарлар