Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-76

Өзбек адабиятынын поэзия жаатындагы белгилүү жазуучуларынын бири – Хамид Алимжандын чыгармачылыгы.

1325586
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-76

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү бөлүмүн өзбек адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда өзбек адабиятынын поэзия жаатындагы белгилүү жазуучуларынын бири – Хамид Алимжандын чыгармачылыгынан жана анын “Зейнеп менен Аман” аттуу дастанынан кеп салабыз.

    Кадырлуу угармандар, жаңы өзбек адабиятында лириканын поэзия даражасына көтөрүлүшүнө чоң салым кошкон акындардын бири – Хамид Алимжан уулу. Анын ырлары өтө курч жаратылып философиялык-саясий лирика жанрынын үлгүсү болуп калды. Ал өзбек адабиятында акын эле катары эмес драматургия жана котормочулук жаатында да белгилүү.

Хамид Алимжан 1909-жылы Жиззе шаарында төрөлгөн. Алгачкы мектепти бүткөргөн соң Самаркандда орто мектепте, андан кийин педагогикалык академияда окуган. Академияда окуп жүргөн кезинен баштап ал “Зерефшан”, “Жаш Ленинчи” гезиттеринде, кийин “Курулуш”, “Совет адабияты” журналдарында иштеп келген. 1937-жылы басмакананын редакторлук ишин аркалаган. 1939-1944-жылдары Өзбекстан жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланган. Хамид Алимжандын алгачкы ырлары 1926-жылы “Көктөм” аты менен чыккан. Алгачкы эле ырлар жыйнагын окурмандар тобу жакшы күтүп алышкан. Муну “Таң шооласы”, “Алоолонгон чачтар”, “Душманга өлүм”, “Байге” аттуу ырлар жыйнактары коштоп чыккан. Хамид Алимжандын 2-дүйнөлүк согуш жылдарында жазган ырлары өзбек адабиятынын поэзиядагы жетишкен ийгилиги катары таанылган. Жазуучунун ырларынан башка бир канчалаган драмаларын окууга болот. Алардын белгилүүсү “Муканне” деп аталат. Драмада эски доор чагылдырылып, качандыр-бир убакта араптардын Түркстанга чабуул жасаганы жана элден чыккан эр-жигит Муканненин жоосуна туруштук берип салгылашканы сүрөттөлөт. Жазуучунун мындан сырткары бир топ фольклордук эмгектерди жыйнаганы жана аларды ирээттеп бир топ макала жазганы белгилүү. Ал жазуучулар союзунда төрөгалык кылып турган учурунда өзбек чыгармаларынын орус тилине, орус классик адабиятынын абдан көп чыгармаларын өзбек тилине которулушуна баш көз болуп, Өзбекстанда котормочулук ишин да өтө тереңдеткен. Өмүрүнүн акырына чейин чыгармачылыктан алыстабаган Хамид Алимжан 1944-жылы авто кырсыктан көз жумган. Улуу жазуучу катары баалаган өзбек эли анын ысмын бир топ көчөгө, мектептерге жана театрга берген. Анын ыр китептери көп тиражда басылып чыккан чыгармалар арасына кирет жана анын ырлары эстрада да ырдалып келет. Хамит Алимжан өзбек эли үчүн унутулгус жаңы доордун курч граждандык акыны болуп кала бермекчи.

   Хамид Алимжандын “Зейнеп жана Аман” дастаны реалдуу окуя жана реалдуу каармандардан алынып жазылган. Ал дастан сүйүүнүн дастаны. Жазуучу чыгармасында кылымдар бою келген “Хусрев жана Ширин”, “Лейла жана Мажнун”дардын сүйүүсүн талкалаган адамдардын заманынан өтүп, жаңы заманга жеткендигин айтып, дастандын каармандары Зейнеп менен Амандын сүйүү тарыхын сүрөттөйт. Бирок бул сүйүү да оңой-олтоң өз максаттарына жете койбойт. Чыгармада Зейнепти жаштайынан эжесинин кайниси болгон Сабырга кудалашып койгон. Ошол себептүү Аманга ашык болуп калган Зейнептин эжеси жана тууган-уруктары Сабырга узатуу аракетинде күйүп бышышат. Жаңы заманда жашап, жаңы көз карашка ээ болгон Зейнеп бул салтка каршы чыгат. Эжеси экөөнүн ортосундагы конфликт чоңоет. Жолдошун көшөгөгө барганында гана көргөн эжесиндей жашоону каалабайт. Бул жерде эски заман, эски салттын калдыктары менен жаңы замандын психологиясынын ортосундагы карама-каршычылык, сүйүү, бакыт түшүнүгү сүрөттөлгөн. Эже-сиңди ортосундагы тирешүүсү эжесинин Зейнептен кечип, бир боор экендигинен танууга чейин барат. Эжесинин да өзүн кийин түшүнөөрүн ойлогон Зейнеп өз тагдырын Амандын тагдыры менен байлап чыныгы бакытка ээ болот. Зейнеп өз бактысы үчүн күрөшүп кудаланган күйөө бала Сабырга ичиндеги максатынын баарын айтат. Жаңыча психологияга ээ болгон Сабыр да аны туура түшүнөт. Зейнеп менен Амандын бактылуулугун көргөн адамдар тең замандын келгенине ыраазы болушат. Бул чыгарма чыныгы жашоодон алынган жана кийинки келген муунга жакшы мисал болгон чыгарма катары бааланат.  

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда өзбек адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгерде Хамид Алимжандын чыгармаларына кызыктар болсоңуздар, анда анын чыгармаларын түркчө, орусча, кыргызча булактардан окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз. 

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 



Тектеш кабарлар