Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-75

Батыш Тракиянын белгилүү жазуучуларынын бири – Тевфик Хусеин уулунун чыгармачылыгы.

1324930
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-75

Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү чыгарылышыбызда батыш Тракиянын белгилүү жазуучуларынын бири – Тевфик Хусеин уулунун чыгармачылыгынан жана анын “Кесиптик жоопкерчилик” аттуу романынан кеп салабыз.

  Кадырлуу уокурмандар, батыш Тракия түрк адабиятына, Греция чек арасынын ичинде жашаган түрк элдеринин жараткан адабияты деп айтууга болот. Батыш Тракия Осмон Империясына кошулуп турган учурунда, ал - Анадолу адабияты менен бирге өнүккөн. 1923-жылдан баштап, тагыраак айтканда, “Лозан” тынчтык келишиминен кийин Греция чек арасынын ичинде калган батыш Тракия түрк адабияты орток түрк адабиятынан алыс калган. Батыш Тракияда ошол жылдардан баштап 1960-жылдарга чейин гезит-журналдардын гана жарыяланганын көрүүгө болот. Ал учурларда Осмон Империясынан чыгып, Грециянын карамагына өткөн батыш Тракияда, саясий маселелерден жана көчүп-конуу сыяктуу факторлордон улам адабиятка көңүл бөлүүгө деле мүмкүнчүлүк болгон эмес. 1960-жылдардан баштап Түркия менен Грециянын ортосундагы маданий келишимдер ишке ашып, Түркиядан билим алган батыш Тракиялык жаштар мекенине кайтып, адабий кыймыл жаратышкан. Мына ошондон баштап өзүнчө бир топ чыгармалар жаралып түрк дүйнөсүнө таанылып, жайыла баштаган.

   Бүгүнкү чыгарылышыбызда батыш Тракия адабиятына жаңылык киргизип алгачкы романын жараткан белгилүү жазуучу Тевфик Хусеин уулунун чыгармачылыгынан кеп салабыз.

   Тевфик Хусеин уулу 1936-жылы Грецияда Комотини шаарынын Киразлы айылында төрөлгөн. Ал кичинекей жаштан эле жетим калган. Алгачкы мектепти өз айылынан бүтүрөт да, Туркияга келип Анкара университетинде 1967-жылга чейин билим алган. Окуусун бүткөн соң өлкөсү Тракияга кайтып 2003-жылга чейин мектепте иштеген.

  Тевфик Хусеин уулу алгач ар тармактуу макалалары менен таанылган. Анын адабиятка болгон кызыгуусу - грек жазуучусу Антонис Самаракистин “Коркунучтун белгиси” аттуу романын түрк тилине которуп жарыялагандан башталган. Ушул котормосу менен ал адабий чөйрөдө кеңири таанылган. Андан соң өзүнүн “Кесиптик жоопкерчилик” аттуу чыгармасы менен Тракия адабиятынын алгачкы романын жаратып адабиятка жаңылык киргизген. Жазуучунун дагы бир маанилүү изилдөөсү “1946-1949-жылдардагы Грециядагы граждандык согушта батыш Тракия түрк элдери” аттуу китеби көп окулуп келет. Анда эмесе кийинки сөз Тевфик Хусеин уулунун “Кесиптик жоопкерчилик” романы тууралуу болсун.

  “Кесиптик жоопкерчилик” романынын негизги темасы - бир кесиптин жумуш катары эле каралбастан, ишиндеги жоопкерчиликти дагы кошо алып жүрүүнү насыят кылат. Чыгармадагы башкы каарман Ихсан орто мектепте окуп жүргөн кезинде жайдары мүнөз, жакшы окуган бала болот. Жогорку окуу жайын Туркия мамлекетине тапшырып Стамбулда окуй баштайт. Алгачкы жылдары абдан дилгир, ийгилик жараткан Ихсан, алдыңкы студенттер катарына кошулат. Жайкы эс алууда айылына барып, өзү сүйгөн Айша кызга сөйкө салып кайтат. Эне-атасынын баласынан үмүттөрү чоң болуп, окуу жайды аяктаарын күтүшөт. Бирок бир топ убакыт өткөн соң Ихсандан кабар үзүлөт. Эне-атасы кайгыга батат. Ошол жылдары Ихсандын орто мектептеги мугалими Тургут мырза Ихсандын кабарын алат. Ихсан эми муруңкудай эмес, өтө начар абалга туш болуп баңги затка берилип кеткен болот. Күндөрдүн биринде мугалиминин үйүнө жардам сурап, өзүн Нихат деп тааныштырган эски окуучусу келет. Баңги зат колдонгон үчүн таанылгыс болуп өзгөргөн окуучусун Тургут мугалим көп күн бою багып, тааныган докторлорго көрсөтүп, өзүн ушул ишке атайт. Бир тараптан оюнан кетпеген Ихсанды ар тараптан издештирет. Бир күнү Ихсандын баңги зат сатып аткан маалында кармалып сотко берилгенин угушат. Бул кабар менен мугалими Тургут да барып, көргөн көзүнө ишенбейт. Көрсө бир топ убакыт өзү каралашып, айыктырып жүргөн Нихат Ихсан болуп чыгат. Адвокат баңги заттын коомдук маселе экенин айтып Ихсанды боштондукка чыгарат. Бир тарабынан Ихсан мугалиминин жардамы менен айыгып калган эле. Боштондукка чыкканына сүйүнгөн мугалими Ихсанды кара дарттан куткарып өз үйүнө жеткирип барат. Ошол маалда Ихсандын атасы өз жанына кыйаар маалда жетип барышат. Баласынын кайтканын көргөн ата дагы өлүмдөн баш тартып роман ийгилик менен аяктайт. Бул романда мугалимдик кесиптин терең маанисин жана коомчулукка пайдасынын чоң экени көрсөтүлгөн.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда батыш Тракия адабиятынан кабардар болдуңуздар. Батыш Тракия адабияты түрк дүйнөсүнүн ичинде Түркияда кеңири изилденген. Эгерде бул адабиятка кызыгуу жаралган болсо анда жазуучунун чыгармаларын түркчө булактардан окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз. 

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 



Тектеш кабарлар