Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-68

Түркмөн адабиятынан Махтумкулу Фиракинин чыгармачылыгы.

1307399
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-68

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында 18-кылымда жашап өткөн түркмөн адабий жазуусунун негиздөөчүсү Махтумкулу Фиракинин өмүр баяны тууралуу жана анын поэзиясынан кеп салабыз.

                       Кадырлуу окурмандар, түркмөн элинин пайгамбардай сыйлаган суфий акыны Махтумкулу Фиракинин чыгармалары азыркы түркмөн адабиятынын башаты деп айтууга болот. Ал өз доорунда түркмөн тилин арап, фарс жана чагатай тил өзгөчөлүктөрүнөн арылтып, түркмөн адабиятынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон аалым. Анын ырлары өлбөс-өчпөс ордунда - эл арасында ар дайым жашап келет. 18-кылымда жашап өткөн акын болжол менен 1720-1730-жылдары Түркмөнстандын аймагындагы Геркез аттуу айылда жарык дүйнөгө келген. Анын атасы белгилүү акын жана агартуучу Дөөлөтмамед Азади болгон. Махтумулу алгач атасынын мектебинен кат-сабатын ачып, кийин Аму дарыянын жээгиндеги Керки шаарындагы медреседе жана Бухарадагы Көкүлташ медресесинде окуп, Хивадагы Ширгазы медресесин бүткөнүн ырларына жазып өткөн. Ал өз эне тилинен башка арапча менен фарсчаны абдан жакшы өздөштүргөн. Кичине кезинен эле ыр чыгарып “Фираки” каймана аты менен таанылган. Акын жаш кезинен Гүрген, Мерв, Самарканд, Хива, Бухара сыяктуу түрк элдеринин маданий борборлорун жана Авганистан, Индия, Иран сыяктуу чоң өлкөлөрдү кыдырып билимин тереңдеткен. Ал чыгыш акын-жазуучуларынын чыгармаларын абдан жакшы билген. Терең алган билимин элинин ынтымагы үчүн колдонгон. Эл ичинде анын аты дастан болуп жашап келе жатканынын бир топ себеби бар. Алардын бири - Махтумкулу жашаган доордо түркмөн элинин башынан өтө оор мезгил өтүп жаткан учур болгон. Түркмөн урууларынын ички кагышуусу, башка түрк элдери хандыктары менен урушу саясий конфликтке айланган. Мындан сырткары, иран баскынчыларынын чабуулу элди мүңкүрөткөн. Мына ушун ички жана тышкы кагышуу, элдин жашоо-шартын аксатып, экономикалык жактан дагы, руханий жактан дагы чөгүп турган кези болгон. Ушундай мезгилде Махтумкулу сыяктуу акындар элинин биримдиги үчүн үн чыгарып ырлары менен калайык-калкка дем берген. Коомчулуктун маселесин жөнөкөй тил менен өз эне тилинде түшүндүрүп элинин жан дүйнөсүнүн жаңырыгы болгон. Акындын ырларында негизинен ата мекенди сүйүү, түркмөн элинин биримдиги, түркмөн рухунун көтөрүлүшү, дин жана сопулук, жакшы менен жамандын айырмасы, социалдык жашоо, билим алуунун адеби, тарбиянын жакшы жана жаманы сыяктуу темалардагы акыл-насаат ырларын жазган. Мына ушундай үгүт, тарбия ырлары менен таанылып, ал түркмөн элинин руханий байлыгы болуп кала берген. Махтумкулу Ахмет Яссавинин жолунан жүрүп суфизм мистикасын элге жеткирген. Ал ырларында элдик оозеки чыгармаларды жана макал-лакаптарды көп колдонгон. Башкача айтканда элдин терең түшүнүүсүнө таасир эткен.

  “Эй, Махтумкулу, жүрөгүмө дарт толду

  Ким көрүптүр койдон бөрү туулганын.

Эй жарандар март жигиттен март туулат,

  Ким айтыптыр наадандан март чыкканын” – деп жазган акын ырларында марттык менен наадандыкты, жакшы менен жаманды көп жолу салыштырган. Махтумкулунун кол жазмалар фондундан жана эл оозунан жыйналган 700дөн ашуун ырлары жана онго жакын поэмалары бар. Ал ырларында негизинен түркмөн элинин ой-мүдөөсүн, тилегин жана турмушун баяндаган. 19-кылымда Орто Азияга келип кеткен венгер окумуштуусу Арминий Вамбери Махтумкулу Фираки тууралуу: “китеби түркмөндөр арасында Курандан кийин эле биринчи орунда турган” - деп жазганы маалым. Махтумкулунун эли үчүн канчалык маанилүү адам экенин ушул цитатадан билүүгө болот.

“Теке, Йомут, Гөклен, Языр, Алили

Ынтымактуу болсок деймин бешибиз,

Көңүл менен жүрөк ошондо биригип,

Астыдагы топурак таштар жешилет.

Бир тасмалда даяр болсо эгер аштар

Түркмөндүн пейлин көрсөтөт бул эң башта.” – деп, акын дайыма элин ынтымакка чакырган.

Махтумкулу түркмөн элинде эле эмес башка түрк элдеринде да кеңири таанымал. Түркмөн эли бул улуу акынын азыр да өтө баалашат. Он түркмөн манатында Махтумкулунун сүрөтү жайгашкан. Түркмөнстанда 18-май - Махтумкулу поэзиясынын күнү болуп белгиленген. Ал эми май айы календарь боюнча Махтумкулу айы болуп кабыл алынган. Акын 1797-жылы бул дүйнөдөн кайткан жана анын мүрзөсү Ирандын түндүк-батышында Актокой айылында жайгашкан.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда түркмөн адабиятынын белгилүү акыны Махтумкулу Фиракинин чыгармачылыгы менен тааныштыңыздар. Түркмөн элинин адабиятына кызыктар болсоңуз, анда эң биринчи орунда Махтумкулунун ырларын окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар