Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон окуялар.

1282104
Тарыхта бүгүн

 

*** 1860 -  жылы 6 -  октябрда англис жана француз армиялары 2 -  Афйон  согушунда Кытайдын борбор шаары Пекинди басып алды.

 

*** 1923 -  жылы 6 -  октябрь күнү Шүкрү Наили Пашанын командирлигиндеги түрк армиясы Стамбулга кирди жана 5 жылга жакын созулган баскынчылык акырына чыкты.

 

*** 1923 -  жылы 6 -  октябрда америкалык астроном Хаббл Андромед галактикасын ачты.

 

*** 1926 -  жылы 6 -  октябрда болсо Түркиянын алгачкы учак заводу Кайсериде ачылды.

 

*** 1951 -  жылы 6 -  октябрда Иосеф Сталин СССРдин атом бомбасына ээ экендигин расмий түрдө билдирди.

 

*** 1973-  жылы 6 -  октябрда араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосунда Йом Киппур согушу башталды.

 

*** 1976 -  жылы 6 -  октябрда Кытайдын лидери Маонун өлүмүнөн кийин Хуа Гофэн президент болду жана маданият төңкөрүшүнүн акырына чыккандыгын жарыялады,  «Төрттүк козголоңчу» камоого алынды.

 

*** 1986 – жылы 6 -  октябрда ТРТ 2  каналы маданият жана көркөм өнөргө  орун берилген программалары менен расмий түрдө ачылды.

 

**** 1990 -  жылы 6 -  октябрда Социал демократ элдик партиясы СХПнин парламент мүчөсү доцент Бахрийе Үчок өзүнө каргодон жиберилген бомбалуу пакеттин жарылышы менен каза тапты.



Тектеш кабарлар