Франция : Якобен секуляризми

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

1210606
Франция : Якобен секуляризми

Түркиянын же жашаган өлкөңүздүн азчылык мектептеринде үй  - бүлөлөрдүн еврей6  христиан кийимдери менен балдар менен бирдикте мектеп саякатына чыгууга тыюу салынгандыгын ойлоп көрүңүз. Ишенүү кыйын. Бул доордо кантип ушундай болсун? Бул эмне деген түркөйлүк, эмне деген сокурлук.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

Мындай нерсе Түркияда же жашаган өлкөңүздө эмес, Францияда болууда. Франция мусулмандар үчүн ушундай чечим чыгаруу жолунда. Францияда сенат өкмөт даярдаган мектеп мыйзамынын негизинде мектеп саякаттарында окуучуларды коштогон үй  - бүлө  жакындарынын жоолук салышына тыюу салган беренени бекитти. Мыйзамдын ишке кириши үчүн парламенттен да өтүшү керек. Француз билим берүү министри Бланкер мектеп саякаттарында ата  - энелердин диний символдорду алып жүрбөшү үчүн колунан келгенди аткарарын белгиледи. Жоолук салган энелердин, окуучу жакындарынын, башталгыч мектептеги балдардын мектеп саякаттарына катышуусун секуляристтик принцип алдыга чыгарылуу менен тыюу салынган долбоор мектеп саякаттарында ата  - энелердин «убактылуу коомдук кызматкер» сыпатына ээ болуу себеби менен кандайдыр бир диний белгини алып жүрбөө негизине таянууда. Францияда батыштык көптөгөн өлкөдө өзгөчө Австрияда ушуга окшогон тыюу салынган эски ишке ашыруулар мурунку жазууларымда белгилегенимдей батыштын ишеним жана эркиндиктеринин кризистин ичинде экендигин көрүү үчүн жетиштүү. Биз да мисалдарды көп бербестен Франциядагы бул ишке ашыруу менен барган сайын эркиндик кризиси менен бетме  - бет экендигине, тоталитаризмге карай ылдам жол алгандыгына токтололу.

Мыйзам еврей жана христиандар үчүн мындай нерсени сунуш кылбагандыктан теңдик жактан сынга алына алат. Бирок түрдүү турмуштук форманы жойгон, кысымчыл жана диний эркиндиктерге, адам укуктарына тескери бир ишке ашыруунун теңдик үчүн баарына  жасалышын каалоо да туура эмес. Бул тең укуктуулукка да тескери. Бирок жакталышы керек болгон нерсе кысымда, эркиндиксиздикте тең укуктуулук болбошу керек.

Максатынан алыстатылып кымысчыл каражатка айланган секуляризм

Батыш үчүн секуляризм диний согуштардан кутулуу үчүн оң жана алдыңкы бир кадам. Түрдүү жашоо формаларын жашоо укугун, диний эркиндигин коргоп калууга карата чыгарылган бир механизм.

Биздин тарыхыбызда болсо диндер ансыз да бардык айырмачылыктары менен жанаша жашап жаткан. Батышта секуляризмден күтүлгөн пайда исламдын толеранттуу жана плюралисттик анализи менен ашыкча кабыл алынып жаткан.

Израилдик тарых профессору акыркы учурлардын популярдуу жазуучусу, Ювал Ноах Хараринин сөздөрү бул абалды ачыкча ортого салууда: «Ортоңку кылымдын Европасында толеранттуулуктан эч нерсе жок эле... 1600 – жылы Парижде баары католик болгон. Бир протестант шаарга киргенде аны өлтүрүшкөн. Лондондо баары протестант эле. Бир католик шаарга киргенде аны өлтүрүшкөн. Ал жылдарда Европада еврейлер  кыйналышкан... Эч ким мусулмандарды каалабас эле... Бирок ошол эле мезгилде Стамбулда түрдүү секталардан мусулмандар, католиктер, армяндар, ортодокстор, румдар, болгарлар жанаша, бактылуу жашашкан». 

Батышта секуляризм түрдүү ишеничтерди, турмуш формаларын бирге жашатуунун бир каражаты, бир механизми катары ойлонулгандыгына карабастан өзгөчө Францияда секуляризмдин көпчүлүк учурда дин үчүн жасалган кысымдарды да артта калтылрагн кысым каражатына айлангандыгын байкай алабыз. Жогоруда берилген мисалда да көрүнгөндөй бир гана саясий эмес, диндер бардык турмуштук аянттардан четке кагылууга аракет кылынууда. Бир диндин кысымына тоскоол болууга аракет кылынып, секуляризм турмуштун бардык тармактарында бардык диндерде кысымга айланган жаңы бир динге айланды. Алкагын дин адамдарынын эмес, парламенттердин жана сот мекемелери белгилеген жаңы бир дин. Секуляризмдин түрдүү турмуштук фомараларын, турмуштук аянттарын ушунчалык тарайтуучу, кысымчыл, якобен ишке ашыруусун көргөндө мындай өлкөлөр кандайдыр бир дин үчүн башкарылып жатса да айырмачылыктарга каршы дагы кысымчыл болор беле деп ойлобостон тура албайсың. Секуляризм негизи менен түрдүү ишенич жана турмуш формалары коомдук турмуштан толугу менен четке кагыла турган болсо билим берүү, маданият, саясий тармак толугу менен секуляризмге карата иретке салынып жана коомдун толугу менен светтик жеке кишилерден турушу максат кылына турган болсо мындай бир светтик анализдин толугу менен фашисттик жеке кишилер же коммунист кишилер түзүүгө аракет кылган тоталитардык системалардан айырмасы эмне болушу мүмкүн?

Балдар тууралуу сөз ээси ким?

Якобен светтик түшүнүгүнүн эң көп айкындаткан же жакталган тармактардын бири, балдардын түрдүү ишеничтерге каршы «коргоого алынышы». Жогорудагы мектеп саякаты мисалында болгондой, баланы дүйнөгө алып келген үй  - бүлөнүн, диний күбөлүгү менен баласы менен мектеп саякатына чыгышына тыюу салынууда. Мындай абалда билимин, маданиятын, күбөлүгүн белгилөө тууралуу бала аркылуу укук ээси ким деген суроо ортого чыгууда. Мамлекетпи? Үй  - бүлөбү? Эгерде бул суроонун жообу мамлекет боло турган болсо коммунизмди, фашизмди эмне үчүн сынга алабыз? Же мамлекет ал баланы дүйнөгө алып келген үй  - бүлөгө карабастан эмнеге мындай бир укукка ээ болсун? Үй  - бүлө баласына, негизги адам укуктарына тескери бир күбөлүк берүүгө аракет кылып жаткан болсо мамлекет албетте кийлигиши керек. Бирок нормалдуу шарттарда көпчүлүгүнүн кандай күбөлүккө ээ болору тууралу сөз ээси болушу керек болгон эч шексиз үй  - бүлөсү.

Англо  -  саксон  -  континенттик Европа светтиги

Секулярдык катары да айтылган англо   - саксон  светтиги диндин мамлекеттик аянтына кийлигишине тоскоол болуу максатында. Ошентсе да бул өлкөлөрдө дин, мамлекет карым  - катнаштары дагы да жакын. Британияда ханыша расмий түрдө ошол эле учурда Англикан чиркөөсүнүн да төрайымы.

Европада болсо «эски режимдин» кулашынан кийин секуляризм менен максатталган, айдыңдашуу менен күтүлгөн, диндин, салттын жана башка мекемелердин бир гана саясий тармакта эле эмес, коомдук тармакта да четке кагылышы, эч бир жерде бетме  - бет келинбей тургандай түрдө, көрүнбөс бир жерде калышы. Бул кыймыл Франция төңкөрүшү сыяктуу кандуу төңкөрүштөрдүн Гитлер жана Муссолини сыяктуу абдан кандуу лидерлердин англо - саксон өлкөлөрүндө эмес, континент Европасында чыгышынын бүгүн да бул аймакта расистик партиялар эң көп бийликте болгон аймак болушунун маанилүү себептеринин бирөөсү.

Сөзүбүздү француз аял жазуучу Симоне Де Бовуардын бир сөзү менен бүтүрөлү : адам үчүн чыгарылган идеологияларга көз каранды болгондуктан адамды унуттук».



Тектеш кабарлар