Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-44

Каракалпак адабиятынан Акын Бердактын өмүр-баяны жана анын “Санжыра” аттуу дастаны

1207888
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-44

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда сиздер үчүн каракалпак адабиятын тандап алдык. Бүгүн каракалпак адабиятынын улуу акындарынын бири – Бердактын өмүр-баяны, чыгармачылыгы жана анын “Санжыра” аттуу дастанынан кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, 19-кылымда жашап өткөн, элге кеңири таанымал акын Бердак – Каракалпак адабиятынын баштоочуларынын бири. Түркияда Каражаоглан, Ашык Вейсел, казактарда Абай, кыргыздарда Токтогул канчалык белгилүү болсо, каракалпактарда Бердак ошончолук мааниге ээ. Өз аты-жөнү Бермурат Каргабай уулу болгон акын, ырларында Бердак каймана атын колдонгону үчүн элге ушул аты менен таанымал. Ал он жашка жетпей жетим калып, ар кимдин малын кайтарып жан багат. Бирок, ушундай жашоосуна карабай айылдагы мектептен сабатын ачып, кийин медреседе билимин улантат. Ошентип түрк тилдерин гана билбестен, арап-фарс тилдерин да үйрөнүп чыккан. Бердак жаш кезинен эле ырга ыктап, чыгыш классиктерин терең үйрөнүүгө тырышкан. Анын акындык таланты Махтумкулу, Навои, Фузули, каракалпак акындары Күнхожа, Хажынияз сыяктуу улуулардын ырлары менен өнүгөт.

                Бердак өз доорундагы акындарынын ичинде эң таанымалы болгон. Анын ырлары менен бирге дастандары да белгилүү. Ыр-дастандары менен ал каракалпак элинин жашоосун, үрп-адаттарын таанытып, өлбөс-өчпөс из калтырган. Ырларында элин коргогон, адилеттикти, туура жолду үйрөткөн, байлардын заалимдигин ашкерелеген темалар камтылган. Акындын “Замана”, “Санжыра”, “Болгон эмес”, “Өткөн дүйнөдөн”, “Боло албадым” сыяктуу ыр-дастандарында каракалпак элинин реалдуу жашоолорунан кабар берет. Ошондой эле, ошол учурдун саясатына каршы “Акмак падыша”, “Салык” сыяктуу ырларында элинин нааразычылыгын туюнткан. “Амангелди”, “Санжыра”, “Айдос бий” сыяктуу дастандары тарыхый темада жазылган. 1900-жылдары элге кеңири таанымал акынды орус башкаруучулары, элдик оозеки чыгармаларды жаздыруу максатында Төрткүл шаарына чакыртышкан экен. Чакырууну кабыл алган акын жолго чыгып, бирок оорудан улам жетпей кайра кайткан. Мына ошол 1900-жылы 73 жашында акын дүйнөдө салган. Анын кызы Хүрлиман атасынын жолун жолдоп кыйын акындардан болуп кеңири таанымал.

                Бердактын аты учурда Каракалпакстандагы университеттерге, мектептерге, театрларга ыйгарылган. Анын аты менен аталган бир топ акын-жазуучуларга сыйлыктар берилип келет. Акындын ыр-дастандары көп жолу кайрадан басылып чыккан жана Бердак тууралуу бир топ изилдөөлөр, макалалар жарыяланган. Акынды кийинки муунга тааныткан Нежим Девкараев, Калли Айымбетов, Сагитов сыяктуу каракалпак адабиятчылары жана Бартольд, Малов, Баскаков сыяктуу белгилүү түркологдордун эмгектери болгон. Бердак азыр Каракалпак элинин белгилүү классик акыны катары таанымал.

Санжыра ооздон-оозго өтүп келген ата-баба тарыхы. Бердактын “Санжырасынын" мааниси каракалпак элинин өтмүшүн, ата-баба тарыхын биринчилерден болуп калемге алгандыгында. Ал бул дастанында каракалпак элинин тарыхын хронологиялык ирээти менен түздөп чыккан. Бул дастан уруулардын, Орто Азия элдеринин, алардын аттарынын пайда болушун акын өз элегинен өткөрүп, билимин калчап ыр түрүндө жазган. Бердак бул дастанында адат менен Мухаммет пайгамбардын доорунан баштайт. Анын айтымында пайгамбардын 33 сахабасы дүйнөгө тарап, алардан Энес менен Малик ушул каракалпак элине келген экен. Ошол Энестен казак, Маликтен каракалпак тараганы айтылат. Андан улап “каракалпак” атынын келип чыгышын жазып, кийин санжырага өтөт. Өзбек, түркмөн жана харезм аймагындагы калктардын туугандыгын аңыз-уламыштар менен коштойт. “Санжырада” Алтын Ордо кулагандан кийин каракалпак элинин бөлүнүп чыгышы жана Амударьяга көчү тууралуу тарыхый маалыматтарды дагы камтыйт. Бул маалыматтар менен Бердакты тарыхчы катары да кабыл алууга болот. Ал санжырасын жазып жатып, эл кыдырып оозеки чыгармаларды, уламыш, дастандарды чогулткан. Каракалпак тарыхын изилдеген алгачкы тарыхчылардан Иванов, акын тууралуу: “Бердактын санжырасы эл оозундагы аңгеме-уламыштарды оңдоп-түздөп, электен өткөрүп кайрадан жазып чыгышы менен пайда болгон” деп жазып өтөт. Муну менен Иванов акындын билимине баа берген. Санжыранын уландысында элдик фольклор, аңгемелер да жазылган. Мындан сырткары Чынгыз хандын да баяны жазылган. Санжыранын акыркы бөлүмүндө өз эли тууралуу уруу-уруктарды жазган. Эң сонунда санжыранын канчанчы жылы жазып бүткөнүн төмөнкү төрт сап ыр түшүндүрөт. Анда:

                “Бердимурат кудайдын кулу,

                Сахрада өскөн булбулу.

                Санжыраны жылкы жылында,

                Элине арнап жазган экен” деп аягына чыккан.

                Ар бир түрк элинде санжыра маанилүү жана кеңири жазылган. Бердактын каракалпак санжырасынын маани-маңызы, анын ыр түрүндө тизмектелгендигинде. Чыгарманын бул өзгөчөлүгү анын улуу акын экенин айныксыз далилейт.

Урматтуу китеп күйөрмандары, сиздер бүгүн каракалпак элинин улуу акыны Бердак менен тааныштыңыздар. Ал тууралуу орусча, аңглисче жана түрк тилдеринде бир топ маалымат табууга болот. Айрыкча жогорудагы дастаны санжыра изилдөөчүлөрү үчүн абдан баалуу маалымат десек болот. Ушул себептен санжырага кызыккан окурмандар үчүн Бердактын “Санжыра” дастанын сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар