Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-35

Кумук адабиятынан Кемал Абуковдун “Мен күнөөлүмүн, Марьям” повести.

1178036
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-35

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын кумук адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда кумук адабиятынын дагы бир белгилүү жазуучусу профессор, доктор Кемал Абуковтун чыгармачылыгы жана анын “Мен күнөөлүмүн, Марьям” аттуу повести менен тааныштырабыз.

               Кадырлуу окурмандар, Кемал Абуков 60-жылдары кумук адабий аренасына чыккан маанилүү жазуучулардан бири болуп саналат. Ал 1938-жылы Дагестандын Хасавйурт аттуу жеринде Чагар-отар деген айылында төрөлгөн. Алгачкы мектепти бүтүргөн соң, Дагестан Улуттук университетинде Филология факультетинде билим алган. 1963-жылы “Учкундар” деген ат менен алгачкы аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Андан кийин коомчулук издеп окуган “Бетме-бет”, “Элден жашыруун”, “Очоктун оту өчпөстөн”, “Балйурттун жалындары”, “Эски тегирменге кеткен жол”, “Азыр да согуштагыдай”, “Сурак күн алдыда” сыяктуу китептери жарыкка чыккан. Анын чыгармаларынын элге кеңири таралганынын себеби, эмгектерин кумук жана орус тилдеринде эркин жаза алгандыгында болгон. Анын эмгектери терең философиялык ойду жана чыгармаларындагы көркөм сүрөттөөсү реалдуулукту камтыйт. Жазуучуну бул деңгээлге жеткирген адабий усталары Лев Толстой, Чынгыз Айтматов, Расул Гамзатов, Михаил Шолохов, Олжас Сулейменовдордун эмгектери болгон. Окурмандары анын чыгармачылыгына ызаат көрсөтүп “Биздин Белинский” деп аташкан. Кемал Абуков -  Дагестан Республикасынын эмгек сиңирген элдик жазуучусу, Стальский атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты жана СССР Жазуучулар Союзунун сыйлыгына ээ болгон. Мындан тышкары, Эл аралык жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү болуп саналат.

                      Жазуучунун программабызга камтылган, “Мен күнөөлүмүн, Марьям” повести орус тилинде жарыяланган биринчи чыгармасы болгон. Бул чыгарма элге кеңири таанылган соң окурмандарынын талабы менен аңгеменин пьесасы дагы жазылып чыккан. Көп кырдуу таланттын ээси Кемал Абуков – кумук элинин ардактуу жазуучусу, драматургу, адабий сынчы, публицист жана илимдин доктору катары таанымал.

             Кемал Абуковдун “Мен күнөөлүмүн, Марьям” повести, жазуучунун ийгилигине кадам таштаган эң маанилүү чыгармаларынын бири болуп саналат. Бул чыгармада - жашоонун ар түрдүү кырдаалдары, урпактардын алмашуусу, алгачкы сүйүү жана эки ашыктын эки ажырым жолго түшүшү, буга өбөлгө болгон арамзаанын кылыктары кеңири баяндалат. Эки бөлүмдөн турган повесттин башкы каарманы - айылдык Жемал аттуу жигиттин алгачкы жана түбөлүктүү сүйүүсү чыгарманын негизги темасы болуп эсептелет. Жемал классташ кызы Марьямга ашык болот. Марьям дагы аны жакшы көрөөрүн билгизет. Бирок алардын таза сүйүүсү ар түрдүү кыйынчылыктар менен бетме-бет келет. Булардын эң кооптусу - мектептин башкаруучуларынын бирисинин, окуганды да, иштегенди да жактырбаган, жалкоо жана начар мүнөздүү баласы Хасайдын дагы сулуу Марьямга ашык болуусу эле. Ал Марьямга үйлөнүүнүн жолдорун эрте эле издей баштаган. Жемал табиятынан жөнөкөй, жоош жана мектепте жакшы окуган бала болот. Анын алгачкы максаты шаар көрүп, жогорку билим алуу болгон. Ушул себеп менен Марьямга үйлөнүүнү кийинкиге жылдырат. Бирок бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Хасай амалкөйлүк менен Марьямды ала качып алат. Атасынын байлыгына чиренген Хасай, мыйзамды бузганын жашыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди тааныштын жана акчанын күчү менен көндүрөт. Ал эми Марьямды тууганынын үйүндө бир жума камап, ал жердеги аялдардын психологиялык күчү менен аны көндүрөт. Эки үй-бүлөнүн улуулары бул окуяга бата берип кабыл алышат. Окуудан колу бошобогон Жемал бул окуяны элдин эң аягында угат. Айылдын күбүр-шыбыры көбөйөт. Кыздын мурун эле Хасайга ашык экени айтылат. Бир-бирине белек берип жүрүшкөнү ушактардын арасынан бири эле. Бул сөздөр Жемалга октой тиет. Анткени бул сөдөр жалган эле, бирок сөздүн төгүнүн чыгара албайт, айласы жок эле. Өзүн күнөөлүү сезет. Окууну бүтүрүп айылга кайткан жылы, түн бир оокумда эшигин каккылап айылдык доктор айым кирип келет. Жемалдын иниси айылда машина айдаар эле. Доктор шашылып, айылдык келиндин толгоосу башталганын кабарлайт. Анын Марьям экенин уккан Жемал ага өмүрүндө кылган катачылыгын акташ үчүн жардам берүүнү чечет. Чарчап келген, терең уйкудагы инисин ойготуп жөнөтүүгө аракет кылат. Бирок алардын бактысыз сүйүүсүнөн кабардар болгон иниси ачуусу менен барбай турганын айтат. Ошондо Жемал өзү үчүн суранат, анткени ал Марьямга жардам берсе күнөөсүнүн жеңилдээрин үмүт кылат. Эртеңки күн айылда сүйүнчүлөр айтылып, Марьямдын кыздуу болгону кабары жайылат. Чыгарма ушуну менен аяктайт жана аң-сезимдерде жараланган жүрөк, сүйүүсүнө кеч калган тагдыр эсте калат. Тактап айтканда аңгеменин актуалдуулугу, башкы каармандын өз сүйүүсүнө ээлик кыла албай, кечиккен тагдырын жана өзүнө болгон капачылыгын баяндайт.  

Урматтуу окурмандар, сиздер учурдагы кумук адабиятынан кабардар болдуңуздар. Кемал Абуковдун “Мен күнөөлүмүн, Марьям” аттуу бул аңгемеси орус, түрк тилдерине дагы которулуп жарыяланган. Эгер чыгармага кызыгуу жаралган болсо анда орус тилинде “Кумук дүйнөсү” аттуу атайын интернет сайтынан окууңуздарды унуштай алабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар