Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Түркиянын жардам мекемелери-13

1176584
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору-13

 Эске сала кетсек өткөн апталарда Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын эң маанилүү долбоорлорунун арасында орун алган «Түркия стипендиялары» программасынын алкагында берилген стипендиялардын процессинен кеп кылганбыз. Бүгүн болсо бул стипендиялардын эмнелерди камтыганына токтолуп, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тууралуу теманы жапкан болбобуз.

Стипендия тууралуу кеңири маалыматтар;

Стипендия эмнелерди камтыйт?

  1. Айлык стипендия:

-Бакалавриат деңгээлинде: Айлык 700 Түрк лирасы,

-Магистратура деңгээлинде: Айлык 950 Түрк лирасы

-Докторантура деңгээлинде: Айлык 1400 Түрк лирасы

-Изилдөө стипендиялары: Айлык 3000 Түрк лирасы

-Түрк тили үчүн жайкы окуу программасы; Айлык 500 Түрк лирасы

-Коомдук кызматкерлер жана академиктер үчүн түркчө байланыш программасы; Айлык 2000 Түрк лирасы

 

* Изилдөө стипендиялары бир гана айлык чөнтөк акы чыгымынан турат...

* Түрк тили үчүн жайкы окуу программасы да; айлык чөнтөк акысы, жатакана, саламаттык сактоо камсыздандыруусу, социалдык жана маданий иш-чараларды камтыйт.

* Коомдук кызматкерлер жана академиктер үчүн түркчө байланыш программасы; айлык чөнтөк акы, жатакана, транспорт чыгымдары, социалдык жана маданиий иш-чараларды камтыйт.

Бакалавриат, магистратура стипендиялары; айлык чөнтөк акысы менен катар;

2. Окуу акысы,

3.  Бир жолу барыш-келиш учак билети,

4. Саламаттык сактоо камсыздандыруусу,

4. Акысыз жатакана,

5. Акысыз 1 жыл түркчө үйрөнүүнү камтыйт.

Стипендиялардын берилүү мөөнөтү мындай;

-Бакалавриат деңгээлинде; 1 жылдык Түрк тили сабагы + 4-6 жылдык стипендия (программанын нормалдуу мөөнөтүнө жараша)

-Магистратура: 1 жылдык түрк тили сабагы + 2 жылдык стипендия

-Докторантура: 1 жылдык түрк тили сабагы + 4 жылдык стипендия

-Изилдөө стипендиялары: 3-12 айлык стипендия

-Түрк тили үчүн жайкы окуу программасы; 2 айлык стипендия

-Коомдук кызматкерлер жана академиктер үчүн түркчө байланыш программасы; 8-12 айлык стипендия

 

Бакалавриат стипендиялары

Бакалавриат стипендия программасы, бакалавр деңгээлиндеги кайрылуучуларга атайын долбоорлонгон программа болуп эсептелет. Инженериядан тартып саламаттык сактоо бөлүмдөрүнө чейин, гуманитардык илимдерден коомдук илимдерге чейин белгиленген ар түрдүү тема жана сабактарга кызыккан кишилер бул программаларга кайрыла алышат. Учурдагы бөлүм жана университеттерди көрүш үчүн Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын интернет барагына киришиңизди сунуштайбыз.

Магистратура стипендиялары

Айрыкча Түркиянын престиждүү университеттеринде; коомдук илимдер, гуманитардык илимдер, табият илимдери жана инженердик тармактарында магистратура жана докторантура деңгээлинде ар түрдүү программар сунушталууда. Учурдагы бөлүм жана университеттерди көрүш үчүн Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын интернет барагына кире аласыздар.

Бардык талапкерлерге ийгилик каалайбыз. Алдыдагы аптада Түркиянын дагы бир жардам мекемесинен кеп кылабыз...



Тектеш кабарлар