Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Түркиянын жардам мекемелери-12

1169046
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

 

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

 Өткөн жумада Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын эң маанилүү долбоорлорунун арасында орун алган «Түркия стипендиялары» программасы тууралуу айрым жалпы маалыматтарды берип кайсы документтер жана кандай критерийлерди орундатыш керек экенин маалымдаганбыз. Бул бөлүмүбүздө да аты аталган программанын стипендиясынан пайдалана турган студенттер үчүн кандай процесс иштегенин жана кайсы критерийлерге жараша тандалганы жөнүндө маалымат беребиз.

Студенттердин тандалышы

Тандоо процесси:

Түркия стипендиялары үчүн жасалган кайрылуулар; талапкердин академиялык ийгилигине, билим берүү программасынан тышкары иш-чараларга катышуусуна жана башка кесиптик жетиштүүлүктөрү эске алынып баа берилет.

  1. Алдын ала тандоо

Бардык кайрылуулар; эң төмөнкү академиялык баа, жаш чеги, керектүү документтер сыяктуу негизги критерийлер боюнча иликтенет.

  1. Акыркы тандоо

Ылайыктуу деп табылган талапкерлердин кайрылуулары; академиялык абал, мурдагы ийгиликтери, академиялык багыты, карьера максаттары, тандоолорунун тууралыгы, ниет катынын мазмуну/түшүнүктүүлүгү жана социалдык иш-аракеттерге катышуу сыяктуу бир катар критерийлер аркылуу Адис комитет тарабынан кылдат иликтенет. Бул баскычтан кийин кайрылуу процесси үчүн сапаттуу талапкерлердин акыркы тизмеси түзүлөт.

  1. Маектешүү

100дөн ашуун өлкөдөн тандалып акыркы тизмеге киргизилген талапкерлер, академик жана адистерден турган маектешүү комитети тарабынан баа берилет.

  1. Тандоо

Маектешүү комитеттери тарабынан талапкер катары белгиленген кайрылуу ээлеринин кайрылуу жыйынтыктары, бир шайлоо комитети тарабынан баа берилет жана стипендия ала турган кайрылуучулардын тизмеси түзүлөт.

Тандоо критерийлери

Сапаттуу кайрылуучулар өз өлкөлөрүндө ишке аша турган маектешүүлөргө чакырылат. Айрым убактарда кайрылуучулар менен интернет же телефон аркылуу маектешүү өткөрүлөт. Маектешүү комитети негизинен эң аз бир Түркия стипендияларынын өкүлү жана Түрк университеттеринен келген бир академиялык кызматкерден турат.

Негизинен 15-30 мүнөткө созулган маектешүүлөр, төмөндө белгиленген формат боюнча ишке ашырылат;               а) Тосуп алуу жана кирүү,                                                                                                                                              б) Документтердин текшерилиши                                                                                                                                  в) Талапкердин кайрылуу максатын билүү                                                                                                                    г) Академиялык маалыматы жана карьера максаттары                                                                                              д) Жабылыш жана талапкер тарабынан комитетке суроо суралышы...

Түркия стипендияларына кайрылгандарга ийгилик каалайбыз!



Тектеш кабарлар