Таррант христиан террористпи?

Анкарадагы Йылдырым Беязыт  университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн тема тууралуу пикири.

1167678
Таррант христиан террористпи?

Австралиялык террорист Брентон Таррант 15 -  мартта  Жаңы Зеландияда жума намазында эки мечитке жасаган кол салуу менен 50 мусулманды шейит кылып, ондогон кишини жаралады. Батыштагы террордук кол салуулардан кийин эч бир өлүм же кан изинин көрүнүштөрү көрсөтүлбөстөн, Тарранттын кол салуусу социалдык медиада түз эфирден берилди. Виртуалдык медиа менен телекөрсөтүүлөрдө кол салуу жана мусулмандар бетме  - бет келген окуя көптөгөн жолу көрсөтүлдү.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт  университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн тема тууралуу пикири.

Жөн гана бир кылмышкерби? Террористпи?

Бул суроо  орунсуз болушу мүмкүн, мындай кол салуунун алдында канчалык аянычтуу. Бирок батыштык саясатчылардын жана медианын баарына жакыны Жаңы Зеландияда тарыхынын эң кандуу кол салуусуна террордук кол салуу деп айта алган жок. Террорду «пландап, күч жана зомбулук колдонуу менен кысым, коркутуу методдору менен саясий бир максатка жетүүнүн методу катары аныктай алабыз. Таррант көптөгөн жылдар пландап, түз эфир менен адамдарды өлтүрүү менен эле калган жок. Батышта ак кишилердин тышындагы баарынын эмне себептен өлтүрүлүшү керектигине байланыштуу 74 беттик негиз да жазган. Таррант террорист эмес, жасаганы да террордук кол салуу болбосо, башка эч бир нерсе террордук кол салуу боло албайт. Тарранттын миңдеген жылдык тарыхтан, ислам жана түрктөргө каршы бардык ысымдарды, жерлерди, окуяларды билиши жана буларды колдонгон куралдарга оригинал тилде жазышы, кол салууну жалгыз эмес, илимий колдоо алуу менен жасагандыгынын негизги далили.

Батышта демократтар жана эркиндиктер да коргоосуз

Европада өзгөчө экономикалык кризистен улам фашизм жана расизм барган сайын күчөп жатат. Башка демократиялык өлкөлөр менен салыштырылганда расист партиялар эң көп бийлик бөлүшкөн өлкөлөр бүгүн Европа өлкөлөрү. Расист партиялардын таасиринин барган сайын күч алышы, батыштык өлкөлөрдөгү эркиндикчил жана либералдык бөлүктөрдүн үндөрүнүн чыкпашы менен жыйынтыкталууда. Бул бөлүктөр да кысымды сезип жатышат. Келинген жерде батышта башка турмуштук формаларын ортодон жок кылууга карата коркутуулар барган сайын артып, бул коркутуунун 2 -  Дүйнөлүк согушунан мурда болгондой барган сайын өздөрүн да курчагандыгын билген абдан аз лидер калды.

50 мусулмандын шейит кылынышында да батышта ар бир динден, тилден, улуттан сезимталдуу кишилер ойлорун ортого салышты. Бул кишилердин мусулмандар менен тилектештик ичинде экендерин көрсөтүүлөрү, жашаган өлкөлөрдөгү кысымды ойлогондо  абдан маанилүү. Батыштык саясатчылар үнсүз болушса да Жаңы Зеландиянын премьер – министри Жасинда Ардерндин аракеттери маселелерге батышта азыр да адам катары карай турган лидерлердин бар экендигин көрсөтүүдө. Мындай үмүтсүздүк чөйрөсүндө  өлкөсүндөгү мусулмандардын чаарасыз жана ээсиз экендигин сезген бир учурда Ардерндин жоолук салып мусулман коом үчүн аза күтүүсү абдан маанилүү. Сүйлөгөн сөзү да ак расист террористтерге жооп мүнөзүндө: «Бул өлкөдө төрөлбөсө да бул жерде жашоону тандагандар бизден. Бул коркунучтуу кыргынды аткаргандар бизден эмес». Ардерндин : «Жасай ала турган нерсең барбы» ,- деп сураган Трампка берген жообу болсо бир сабак сыяктуу : «Бардык мусулман коомдорго сүйүү жана симпатия көрсөтүңүз».

Христиан террорубу?

Батышта саясатчылар жана медиа  өкүлү мусулман болгон ислам жихадист, шарыятчы сыяктуу сыпаттар менен мүнөздөп, Тарранттын кыргынына «Христиан терроризми» деген эч бир билдирүү келген жок. Бирок Таррант манифестинде ак адамдардын тышында батышта жашаган баарын өлтүрүүгө чакырууда. Кол салуусунда жана манифестте христиандыкка көп орун берилген. Бир кол салууну бир дин менен байланыштыруу керек болсо бул кол салууну христинадык менен байланыштыруу үчүн абдан көп себеп бар. Балким батышта барган сайын жогорулаган бул кол салуучу аң – сезими крестүүлөр террору катары мүнөздөө, маселени христиандыктан чыгаруу менен крестүүлөр аң  - сезиминин негизинде кароо дагы ылайык болушу мүмкүн. Булардын баарына карабастан маселеге батыш сыяктуу мамиле кылбоо керек. Себеби батыш биздин мугалимибиз эмес. Алардын кээ бир зомбулук кыймылдарын ислам менен байланыштырууга аракет кылгандарына кандай каршы чыгып жаткан болсок, бул кол салууну да христиан  террору катары мүнөздөбөшүбүз керек. Себеби террор эмне үчүн жасалса жасалсын террористтер менен террор кылган диндер, идеологиялар жана баалуулуктардын арасына аралык койбоо эң көп террористтерге кызмат кылат. Жалгандан ислам үчүн жасалган кыймылдардан мусулмандардын, христиандык үчүн жасалган террордон христинадар күнөөлөнгөн бир дүйнөдө тынчтык жана бейкуттукка жетүү кыйын абалга келет. Бир тараптан террористтерди колдонуу менен диндерди жана негизги түшүнүктөрүн терроризм менен бирге атоо, кылымдардан бери дин өкүлдөрүнүн  ашыкчалыктан коргогон салттарынын ортодон жок болушу менен жыйынтыкталып террорго дагы көп кызмат кылышы мүмкүн. Досум Берат Өзипек менен сүйлөшкөнүбүздөй ислам дагы жайылган, жихад дагы таасирдүү болгон жана өлкөлөр дагы көп шарият менен башкарылган мезгилдерде  жана жерлерде дүйнөнүн башка аймактарында үлгүсү болбогондой түрдө мусулмандар, христиандар, еврейлер бирдикте жашап жатышкан. Ушул себептен дүйнөдө көпчүлүктүн, түрдүү маданияттар мыкты жашалган үлгүлөрдү башка жерлер эмес, мусулмандардын башкаруусундагы Осмон аймактарында Андалус жана Индияда көрүүгө болот. Бул мезгилдерде эч бир мусулман 11 -  сентябрда болгондой күнөөсүз кишилерди топ түрүндө кыра турган бир кыймылды ойлобос эле. ФЕТӨдо болгондой  өз калкына Ф  - 16лар менен кол салууну кыялданбас эле.

Булардын баары жаңы, заманбап кыймылдар. Тора Борадагы будда айкелдери, Афганстандын шарият менен башкарылган, адамдардын жихадда дагы көп чыныгы маанисин жүктөгөн мезгилде эмес, заманбап мезгилде кулады. Тарранттын жасаган кол салуусу менен 11 -  сентябрь жана 15 -  июлдгы окуяларды аткарган аң  - сезим негизинен бир эле түшүнүктөгү аң  - сезимде. Үчөөсү  да күнөөсүз кишилерге каршы принциптен, эрежеден, баалуулуктан, адилеттиктен алыс, өзүн өзү арноо рухунун адамды жетелей турган жерди көрсөтүүдө. Тарранттын күнөөсүз кишилерге карата курал менен Ладиндин 11 -  сентябрда учак менен ФЕТӨнүн 15 -  июлда Ф  - 16лар менен жасаган кол салуусу ошол эле баштан чыккан.

Террорду диндер менен байланыштырып, террористтердин диндердин артына жашырынышына террордук аң  - сезимдердин дагы көп кабыл алынышына уруксат берилбеши керек.

Эмне кылуу керек?

Терранттын коркунучтуу кол салууну бүткүл дүйнөгө түз эфирден жарыялашында эч шексиз батыштагы  медианын жана кээ бир саясатчылар колдонгон тилдин расист, бөлүүчү жана жек көрүү сөздөрүнүн да таасири бар. Бул окуя батышта жогорулаган исламга каршылыктын Эрдоганга карата жек көрүүнүн барышы мүмкүн болгон жердин так абалы.

Таррант, Бин Ладен жана ФЕТӨ сыяктуу террористтер кылгандарын эмне менен мыйзамдаштырууга аракет кылса кылсын ошол эле аң  - сезимдеги дүйнөнүн адамдары болсо күрөштө орток болушу керек.  

Бүткүл дүйнөдөн адамзаттык үй  - бүлөсү, террордук кол салууларга каршы, негиздерине карабастан дайыма бирдикте каршылык көрсөтүүсү керек.

Дүйнө эми глобалдык бир айыл. Ар бир тилден, динден, көз караштан адамдар бардык жерде жанаша жашоодо. Жер шарынан тынчтыкты, бейкуттукту, эркиндиктерди уурдоону каалаган ар бир динден, көз караштан адамдардын бизди өз караңгылыгына жетелешине уруксат бербейли. Макалабызды бир чакыруу менен акырына чыгаралы. Бүткүл дүйнөдөн сезимталдуу адамдар биригели. Болбосо толкун толкун болуп жайылган караңгылыктын баарыбызды туткунга алышы алыс эмес.



Тектеш кабарлар