Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** Биздин эрага чейинки 44 - жылы 15 - мартта дүйнө тарыхынын эң таасирдүү кишилеринин бирөөсү катары кабыл алынган римдик аскер жана саясий лидер Юлий Сезарь араларында Брута да болгон бир группа тарабынан киши колдуу болду.
*** 1892 - жылы 15 - мартта Джесси В. Рено тарабынан эскалатордун патенти алынды. Тепкичтери дайым айланып турган экалатор электр менен иштеген.
*** 1921 - жылы 15 - мартта Осмон мамлекетинин мурунку садразамы Талат паша армян депортациясында роль ойноду деген негиз менен 23 жаштагы Согомон Техлирян тарабынан Берлинде өлтүрүлдү.
*** Европа Чемпиондор Клубдарынын кубогунда Галатасарай 1989 - жылы 15 - мартта Монако командасы менен Келнде беттешти. 1 – 1 эсебинде бүткөн беттештен кийин бул кубокто жарым финалга чыккан биринчи команда болду.
*** 2001 - жылы 15 - мартта Стамбул - Москва каттамын аткарган бир учак чечен каракчылары тарабынан качырылды. Мадинага кондурулган учакка Саудия анти - террор бригадалары тарабынан жүргүзүлгөн операцияда бир түрк жүргүнчү, орус стюардесса жана бир каракчы каза болду.