Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1153289
Тарыхта бүгүн

 

*** 1863  - жылы 27 -  февралда Түркияда билинген алгачкы сүрөт көргөзмөсү Стамбулдагы Ат майданы аянтында ачылды. Көргөзмөнүн ачылышына Султан Абдүлазиз колдоо көрсөттү.

19 -  кылымдын ортолорунда бүткүл дүйнөдө көргөзмөлөр менен жарманкелердин өткөрүлүшү бир агымга айланды. Батышта бат – бат мисалдары  кездешилген көргөзмөлөр Осмон империясында да кызыгуу көрүп жаткан.  Осмондук султаны Абдүлмежит Лондон жана Парижде өткөрүлгөн жарманкелерге катышкан. Абдүлмежиттин каза болушу менен ордуна өткөн Абдүлазиз маданий иш чараларга болгон атайын кызыгуусу менен Осмон мамлекетинде  да ушундай жарманкелердин өткөрүлүшүн каалады.

«Серги  -  и Умуми  -  и Османи»  деген ат менен өткөрүлгөн бул жарманкеде расмий көргөзмө менен бирге Осмон мамлекетинде чыгарылган товарлар жана өзгөчө өлкөдө болбогон жана батыштан алып келинген жаңы товарлар көргөзмөгө коюлду.

*** 1879 -  жылы 27 -  февралда АКШлык химик Константин Фальберг «сахарин» деп аталган жасалма затты тапты. Азыркы күндө шекер оорулуулары менен дары – дармек жана тамак  - аш өнөр жайында бир топ продукцияда колдонулган сахарин негизинен бир жаңылыштыктын натыйжасында табылды. Константин Фальберг Жонс Хопкинс университетинин экинчи төрагасы Ира Ремсен менен бирдикте шахта көмүрүнүн кара майы тууралуу иштеп жатып жаңылыштык менен сахаринди тапты. Сахарин тууралуу макалаларды жарыялаган Фальберг 1884 -  жылы сахарин патентин алды.

*** 1914  - жылы 27 -  февралда түрк авиациясында биринчи жолу учкучтар шейит болду.  Учкуч Фетхи жана Садык мырзалар колдонгон Муавенет  -  и Миллийе аттуу учак Стамбул  - Каир каттамын баштады. Кония, Улукышла, Адана, Хумус жана Дамаск аркылуу Каирге созула турган бул аба жүргүнчүлүгү Дамаскка чейин эч бир маселесиз улантты. Бирок Дамасктын Баберийе районуна жакын жерде аба агымына кабылды жана аскаларга урунуп жерге түштү. Фетхи жана Садык мырза шейит болду. Балкан согушунда жеңилген Осмондукта мындай бир учуу элге маанай тартуулай тургандыгы ойлонулуп пландалган болчу.

*** 1947 -  жылы 27 -  февралда «Амжабей», «Эфруз бей», «Далкавук», «Акла Кара», «Йени зенгин» сыяктуу образдардын жаратуучусу, түрк карикатурасынын чеберлеринен Жемал Надир Гүлер каза болду. Жемал Надир жараткан образдар менен коомдогу кемчиликтерди, караңгылыкты, эки жүздүүлөрдү сынга алган.



Тектеш кабарлар