Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1151614
Тарыхта бүгүн

 

1964 -  жыл  25 -  февралда Мухаммед Али Клей Сонни Листонду жеңип бокс боюнча чемпион болду.

Мухаммед Али Клей тактап айтканда мусулман болгондон мурунку аты Кассий Марцелл Клей... Афро - Америка тектүү боксер Мухаммед Али 12 жашында бокс менен таанышты. Кыска убакытта  бокстагы ийгиликтери менен аты атала баштады. 18 жашка келгенде катышкан Рим олимпиадаларында алты медальга жетишти.

1964 -  жылы дүйнөлүк бокс чемпиону номинациясын алгандан кийин динин өзгөртүп мусулман болду. Бир гана спортчу күбөлүгү менен эмес мүнөзү жана мамилеси менен да дайыма күн тартибинде болду. «Вьетнамдыктар мага эч кандай жамандык кылбаса да эмнеге алар менен согушушум керек»,- деп Вьетнам согушуна барган жок. Ушул себептен 5 жыл абак жана 10 миң доллар акчалай жазага тартылды. 1960 – жылдагы Рим олимпиадаларынан кайткандан эки күндөн кийин бир ресторанда жалаң ак адамдарга кызмат кылынгандыгын көргөндө алтын медалын Огайо дарыясына ыргытты. Кээ бир себептерден улам узун убакыт бокстан алыс турууга мажбур болгон Мухаммед Али бокс карьерсында беш оюнда гана жеңилди.

 

*** Батыш Шерианын шаары болгон Хеброндо Баруч Голдстеин  аттуу бир еврей аткан ок менен 29 палестиналык каза таап, 125 киши жараланды. 1994 -  жылы 25 -  февралда болгон бул кыргын тарыхка «Ибрахим мечит кыргыны» деп өттү. Голдстеин кыжырдуу калың эл тарабынан ташбараңга алынды. Андан кийин чыккан көтөрүлүштөрдө болсо 26 палестиналык жана 9 израилдик набыт болду.

*** Түркиянын белгилүү ишкерлеринен болгон Вехби Коч  Анталияда жүрөк пристубунан 1994 -  жылы 25 -  февралда дүйнөдөн кайтты.

1901 -  жылы туулган Вехби Коч 16 жашында атасынын ал үчүн ачкан кичинекей дүкөнүндө шекер, быштак, зайтун макарон сыяктуу товарларды сатуу менен сооданы баштады. Соодагерлигин 1926 -  жылы тастыктаткандан кийин биринчи эл аралык фирма түшүнүгүн киргизди. Өнүккөн Түркиянын муктаждыктарына карата дайыма жаңы тармактарда келишимдерди түзүп ал кичинекей дүкөнүнөн Түркиянын эң ири холдингдеринин бирөөсүн курду. 1984 -  жылы соода турмушунан чыгып социалдык долбоорлорго карай багыт алды.

1987 -  жылы Эл аралык соода кабинети Вехби Кочту «Жылдын ишкери» деп тандады жана сыйлыгын Делиде мезгилдин Индия премьер  - министри Ражив Гандинин колунан алды.

1994 -  жылы БУУнун башкы катчысы Бутрос Бутрос-Гали Вехби Кочко  кошкон салымынан улам «Дүйнөлүк үй  - бүлө пландоо» сыйлыгын берди. «Өмүр таржымалым» жана «Эскерүүлөр, көз караштарым, насааттарым» аттуу эки китеп да жазды.

 

*** 2000 – жыл 25 -  февралда мексикалык гитарист жана акын Карлос Сантана 8 Гремми сыйлыгын алды. Андан мурда  Майкл Жексон "Thriller" альбому менен житишкен «бир жолкуда эң көп Гремми алган өнөрпоз рекордун» өткөрүп алды.



Тектеш кабарлар