Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1148375
Тарыхта бүгүн

            

*** 1861 -  жыл 19 -  февраль. Орусияда жерге байланыштуу крестяндык чыгарылды. Крестяндар феодалдык мезгилде күчтүү феодалдардын эгемендиги астында жер менен алектенген кишилер.

*** 1915 -  жылы 19 -  февралда Антанта мамлекеттеринин Чанаккалеге карата деңиз кыймылы башталды.

Чанаккале согушу 1 -  Дүйнөлүк согушунда 1915 – 1916 -  жылдардын арасында Гелиболу жарым аралында Осмон мамлекети менен Антанта мамлекеттеринин арасында болгон деңиз жана кургактык согуштары. Бирок кол салуулары ийгиликсиз болуп, артка чегинүүгө мажбур болушкан. Кургактык жана деңиз согуштарынын акырында эки тарап да абдан оор жоготууларга учурады.

*** 1925 -  жылы 19 – февралда радио тууралууу мыйзам чыкты. Түркияда радионун курулушу Түркия Улуттук Парламентинде кабыл алынды.

*** 1928 – жылы 19 -  февралда максаты жакыр аялдарга жардам берүү болгон «Химайе  -  и Етфал аялдарга жардам жамааты» курулду. Жамааттын аты 1938 -  жылы «Кайрымдуулар коому» деп өзгөртүлдү.

*** 1959 -  жылы 19 -  февраль күнү Лондон конференциясы аяктады. Көз карандысыз Кипр Республикасынын курулушун күткөн Лондон Келишимине кол коюлду. Британия, Түркия жана Греция Кипрде кепил өлкө болду.

 

*** 1986 -  жылы 19 -  февралда болсо Советтер союзу Мир космостук станциясын космоско жиберди.

 

***2008 -  жылы 19 -  февраль күнү Кубанын лидери Фидел Кастро кызматынан кеткендигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар