Абдүлхамид хандан бүгүнкү күндөгү чагылуулар

Султан Экинчи Абдүлхамит 1918 -  жылы 10 -  февралда дүйнөдөн кайтты.

1144148
Абдүлхамид хандан бүгүнкү күндөгү чагылуулар

Султан Экинчи Абдүлхамит 1918 -  жылы 10 -  февралда дүйнөдөн кайтты. Бул жума өлүмүнүн 101 – жылы. Тарых негизинен өтмүш эмес. Келечекке жарык чачкан негизги маалымат. Ушул себептен тарыхка мактоо же жээрүү темасы катары эмес, келечекке байланыштуу бере ала турган сабак катары кароо керек. Мехмет Акифтин айтканындай «тарыхка» кайталануу деп айтышат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн баа берүүсү.

Тарыхтан сабак алынган болсо кайталоо деп айтылат беле? Ушул жактан каралганда Султан Абдүлхамид жана мезгили бүгүнкү күндү түшүнүүбүзгө салым кошот жана балким да жакын тарыхыбыздын эң негизги мезгили.

Эч шексиз бул мезгилдеги өнүгүү аракеттери, салынган мектептер, жолдор, алыскы аймактар менен курулган карым – катнаштар, гобалдык тең салмактуулук саясаты сыяктуу токтолуу керек болгон бир топ тема бар. Мен бир канча теманы белгилегенден кийин негизинен ал мезгилде бетме  - бет келген маселелерден баштап азыркы күнгө чагылган темалар туралуу токтолгум келет.

Султан Абдүлхамиддин бардык максатын негизинен таркап бара жаткан чоң императорлукту  мезгилдин империалдык күчтөрүнүн арасында тең салмактуулук саясаты менен кармап калуу аракети катары көрүүгө болот. Өмүрү «оорулуу адам» деп аталган Осмон мамлекетин кармап калуу үчүн тышкы актерлор жана бул актерлор менен кызматташуу ичиндеги ички актерлор менен күрөшүү менен өттү. Ушул себептен туура туура эмес айыптоолор менен беттешкен. Аны деспотизм менен күнөөлөгөн Иттихат жана Теракки бийликке келгенден кийин дагы көп кысым жасагандыгы белгилүү. Мезгилинде Британиянын колдоосу менен сионист еврейлердин Осмон мамлекетинин жерлеринде Израиль мамлекетин куруу иштерин өзгөчө белгилөө керек.

Катип Челеби мамлекеттерди Ибн  -  и Халдун сыяктуу адам түзүлүшүнө окшотот. Алар да балалык, жаштык жана картайган мезгилин жашашат. Катип Челебинин оюу боюнча  Осмон мамлекети балалык, жаштык жана жетилген курак мезгилдерин артта калтырып, картаюу мезгилине жеткен. Бирок дарыгерлер оорулуунун өмүрүн узарткандай эле мамлекеттер да билимдүү жана тажрыйбалуу башкаруучулардын колунда акырына чыгууну кечеңдете алат. Ушул себеп менен Осмон мамлекетинин башкаруусу Челебинин оюна караганда сахиб  үс – сейфке  башкача айтканда акылдуу кишиге тапшырылышы керек.

Султан Абдүлхамид Катип Челеби белгилеген акылдуу киши. Бирок эми мезгилдин руху өзгөрүп жаткан. 20 -  кылымдын башында тарых сахнасынан чыккан бир гана Осмон мамлекети эмес эле. Орус империясы, Австрия – Венгрия императорлугу да 1 -  Дүйнөлүк согушу менен бирге тарых сахнасынан чыкты. Мезгилдин эң күчтүү актеру деп  билинген Британия империясынын болсо 2 -  Дүйнөлүк согушунун акырында мөөнөтүн толтургандыгы айтыла алат.

Азыркы күнгө болгон чагылуулары

Бүгүнкү күнгө карата чагылуусу жактан балким да биринчи болуп айтылышы керек болгон Султан Абдүлхамиддин ал мезгилде глобалдык деңгээлде курган карым  - катнаштары менен дүйнө мусулмандарына көрсөткөн кызыгуусу. Ушул себептен Япониядан Кытайга, Африкадан Жакынкы Чыгышка, Европага чейин көптөгөн жерде Абдүлхамиддин калтырган чыгармалары менен  алакасын көрүүгө болот. Осмон падышаларынын арасында Абдүлхамид балким да мамлекеттин бардык мүмкүн эместерине карабастан эң кенен аянтта эң көп чыгарма калтырган падыша.

Султан Абдүлхамид жогорулоо мезгилинин падышасы эмес, мамлекетти куткаруу – коргоо аракети ичинде болгондуктан өзүнөн жана мезгилинен ушул күнгө чейин чагылгандар дагы көп бул аракетке жана бул аракеттин жыйынтыктарына байланыштуу чагылуулар. Абдүлхамиддин бир сокку менен тактыдан түшүрүлүшү, жыйынтыктары жактан ал мезгилге чейин жасалган жана ийгиликке жеткендердин арасында сокку салтынын эң жогорку чеги катары көрүлө алат. Соккунун баштоочуларынан Иттихатчылардын соккучул салты менен Эркиндик жана Биримдикте өзүн тапкан Мендерес, Өзал жана Эрдоган сызыгы менен улантылып келген демократия салтынын күрөшү республика тарыхында улантылып келди. Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын мезгилинде жасалган демократиялашуу жана жарандашуу кадамдары менен Түркияда камкордукка алуу/ козголоңчу  салт күчсүз абалга алып келинди. Президенттик системага өтүү менен Түркияда козголоңчу салт балким да тарыхынын эң күчсүз абалына келди.

Абдүлхамидди тактыдан түшүрүү үчүн жасалгандар, өзгөчө Иттихатчылардын аткаргандары, эл болуп бүткөндөрдү байкабаган, интеллигенттер, медиа, бюрократия, армия сыяктуу элементтер тышкы элементтер менен жакын казматташуу түзө алган, бул кызматташуунун жыйынтыгы катары эл жана мамлекетке каршы оор процесстер болгон бир практиканы да мурас калтырды. Мендерес, Өзал, Эрбакан жана Эрдоган бетме  - бет келген процесстер өткөн күндө ийгиликке жетишкен бир процесстин уландысы. Султан Абдүлхамид ички жана тышкы коомчулукта шайтандаштырылган бир фигура катары бардык жамандыктардын булагы катары көрсөтүлүп, бул фигуранын кулашы менен бардык маселелер ортодон жок болот деген түшүнүк жаратылган. Жек көрүү деген сөз менен бир кишинин бардык маселелердин  булагы катары көрсөтүлүшүнө байланыштуу түшүнүктөрдүн Мендерес, Өзал жана Эрдоган мезгилдеринде да жаратылууга аракет кылынгандыгы белгилүү.

Бушаймандыктар жана текебердиктер

Абдүлхамид тактыдан түшүрүлгөндөн кийин болгондорду көргөн кээ бир инттелигенттер бушаймандыктарын билдиришкен. Булардын эң көп билингени акын Рыза Тевфик жазган «Султан Абдүлхамид Хандын духунан жардам» аттуу ыры. Төмөнкү төрт сабында Рыза Тевфик бушаймандыгын ачык түрдө  билдирген :

«Тарых атыңды атаганда

Сага ыраазы болот улуу Султан.

Биз элек уялбастан жалаа жапкан

Кылымдын саясий падышасына».

Бирок бул бушаймандыктын Абдүлхамидге каршы осмондук интеллигент жана бюрократтарда жайылгандыгын айтуу кыйын. Кемал Тахир айткандай бул интелигент жана бюрократтар батышташуу процессине Осмон мамлекетин куткаруу үчүн киришкен. Мамлекеттин жок болушун көрүп турганына карабастан бул жолдон кайтышкан жок, каршы чыккандарды артта калуучулук менен күнөөлөштү. Кемал Тахирдин сөздөрү менен : « Бир караганда ушундайча кыянатыкка чейин барышты. Бул жактан карала турган болсо бул батышташуучу осмондук интеллигент бюрократ алдыңкылар 1918 – жылдагы чөгүүнү бир түрдүү тагдыр жыйынтыгы катары кабыл алышты. Туура чыгуунун кыпчуурунда калды деп да айтууга болот».

Кемал Тахирдин Осмон мамлекетинин интеллигент жана бюрократтары үчүн айткандары кээ бир республика интеллигент жана бюрократтары үчүн да айтыла алат эмеспи? Бул интеллигенттер ыраматылык шейит премьер  - министр Аднан Мендерестин өлүм жазасына тартылышы менен бүткөн процесстен Тургут Өзалдын менин оюмча киши колдуу болушунан кийин Түркия бетме  - бет келген маселелердин айынан бушайман болуштубу? Эрдоганга каршы, белгилүү бир батыштык пропагандаларын тотукуш сыяктуу кайталаган, башка бир күн тартиби да болбогон бүгүнкү күндүн ушундай интеллигенттери Түркиянын жүрүшү токтотула турган болсо жасагандарынан уялышат бекен? Же жасагандары менен беттешпеш үчүн өздөрүнүн туура экендигин көрсөтүү үчүн аракет кылышабы?

Акарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.



Тектеш кабарлар