Баалуулуктардын акырына чыгышыбы ?

Жер шары кайда баратат жана жашаган мезгилибиз эмне деп аталат?

Баалуулуктардын акырына чыгышыбы ?

Глобалдашуу процессинен жетеринче пайда таба албаган батыш глобалдашуудан баш тартып жатабы? Улут  - мамлекет дооруна кайтып жатабы? Заманбапташуу менен үй  - бүлөнүн бөлүнүшү жана баалууктардын эрозияга учурашы менен жалгыз жашаган киши дагы да бөлүктөргө бөлүнөбү? Жасалма интеллект эмгектери адамзаттын акырын алып келеби? Келечектеги процессте кагылышуулар жер шарынан космоско жетеби? Глобалдашуудан кийин эмне болот? Жер шары кайда баратат жана жашаган мезгилибиз эмне деп аталат?

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн бул тууралуу көз карашын угуңуздар.

Социалдык билимдерде мезгил мезгили менен кандай бир дүйнөгө бара жаткандыгыбызга байланыштуу теориялар чыгарылат. Бул теориялар аркылуу келечекти дагы жакшы түшүнүүгө карата анализдер жасалат. Бул теориялар ар дайым күнөөсүз жана өз алдынча чыккан теориялар болбошу мүмкүн. Ошондой эле тийиштүү теориялар ар бир тармакта бир билдирүү күчүнө ээ болбошу да мүмкүн. Түрдүү сындарга тушукса да бул теориялар белгилүү бир муктаждыктан жаралат жана ушул себептен белгилүү бир маалымат күчүнө да ээ болушат. Белгилүү бир маалымат күчүнө ээ болушса да адамзат жетишкен ылдамдык бул теорияларды колдонуу процессин мүмкүн болушунча кыскартууда. Байланыш жана маалыматтык технологиялардагы жетишкендиктер адам психологиясын жана убакыт түшүнүгүн түп тамырынан бери өзгөрттү. Демек каалаганыбызды дагы жакшы түшүнүү үчүн акыркы жарым кылымда ортого салынганда көндүрүүчү сыяктуу көрүнгөн жана чоң толкундануу жараткан теорияларды кандайча ылдам түрдө жок кылганыбызды эскертүү жетерлик болот.

1950 -  жылдарда Даниэль Белл тарабынан «Идеологиянын акыры» деп жарыяланган диссертациясы кенен түрдө жаңырык жараткан. Андан кийин Паул Вирилло географиянын акырын жарыялады. 1992 -  жылы Фрэнсис Фукуяма «тарыхтын акырын» жарыялаганда Даниэль Беллге караганда дагы көп кызыгуу көрдү.  Цивилизациялар аралык кагылышуулардан улам батыш цивилизациясынын бирөө гана экендигин белгилеген Хантингтон 1993 -  жылы жазган «Цивилизациялар кагылышуусу» диссертациясы бүгүн дагы аз талкууланууда. Акыркы болуп жарыяланган диссертация болсо кудум бат унутулган диссертация сыяктуу: бүгүн Кеничи Охмае 1996 – жылы жазган «Улут  - мамлекеттин акыры» диссертациясынан  болсо эч ким сөз кылбайт. Өткөн күндүн мега  - баяндары чоң идеологиялардын эч бири эми массаларды артынан жетелебей калды. Мекен үчүн күрөшүү же басып алуу кыймылдары акырындык менен атайын коопсуздук фирмаларына өткөрүлүүдө. Жогоруда айтылган жана акырына чыккандыгы белгиленген диссертациялар да эми кызыгуу жаратпай жатат.

Бүгүн да өткөн мезгилдин кандай аталарына байланыштуу эмгектер жаратылууда. Макаламын башында берилген суроолор жаңы доорго байланыштуу адамзат түшүнүүгө, аныктоого аракет кылган талаш – тартыштуу темалардын жалпы алкагында ортого салууда.

Жаңы мезгилди ой же принциптик  бир негизде атоо иштери мага тилекке каршы ашыкчасы менен оптимисттик  изилдөөлөр сыяктуу туюлууда. Жашаган мезгилибиз жана андан кийинкиси кошулбасак да жаңылыш десек да башка негизги  теориялар менен билдириле алса. Интеллектуалдуулук, принциптүүлүк бүткөн жаңы бир мезгилге карай бара жатканыбыздай көрүнүүдө. Жаңы бир доор үчүн айтып жаткан жокмун. Анткени эч бир өзгөрүү анчалык узун убакытка созулбайт. Баалуулуктар эрозияга учураган, принциптүүлүк, эрдем, изгилик, бөлүшүү адилеттик сыяктуу түшүнүктөр унутула баштаган, бул түшүнүктөр эски сыяктуу көрүлгөн жаңы бир мезгилге кирип жатабыз. Бул мезгилди да акыркы кыймыл менен түшүндүрүү керек боло турган болсо «баалуулуктардын акыры» деп атоо менин оюмча дагы ылайыктуу көрүнүүдө. Өлкөлөр, мекемелер өздөрүн түшүндүрүү үчүн мыйзамдуу  көрүнүүгө, туура бир жолдо кыймыл кылууга дагы аз муктаждык бар сыяктуу. Кыскача карап чыгуу менен дүйнөгө көз жүргүртүү кандайча баалуулуктар эрозиясына учурап жаткандыгыбызды көрүү үчүн ашыкчасы менен жетерлик болот.

БУУ

Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин Улуттар жамаатынын ордун алган БУУ убактысын толтурган сыяктуу. Сирия, Мьянма, Крым, Украинадагы абалдар тууралуу эч нерсе аткара албашы, беш туруктуу өлкөнүн өз кызыкчылыктарынын тышында эч бир санааркоосунун болбошу БУУнун адамзаттын көз алдында мыйзамдуулугун күчсүздөнткөн негизги себептерден. БУУнун маалыматтарына караганда дүйнөдө 70 миллионго жакын качкын жашай турган жер табууга, жашап калуу үчүн аракет кылууда. Бул катнаш Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийинки  эң жогорку сан. БУУнун бул тууралуу аткарган ишин уктуңуздарбы? Же БУУ тарабынан кыйынчылык жараткандарды токтотууга, жабыркоочуларга жардам берүүгө карата олуттуу бир чакыруу, бир кыймыл планын билесиздерби? Бир кишиге, өлкөгө, мекемеге карата сындар айтылышы мүмкүн бирок эң жаманы аларга карата үмүттүн жок болушу.

Европа Биримдиги

Европа Биримдиги негизинен бири бири менен эки жолу согушкан жана бул согушка да бүткүл дүйнөнү орток кылган өлкөлөрдүн белгилүү баалуулуктардын орбитасында согушка тоскоол болууну, бейкуттукту, кызматташууну, бөлүшүүнү, тилектештикти арттырууну максат кылган бир биримдик. Бүгүн эч ким Европа Биримдигинин баалуулуктар биримдиги экендигинен сөз кылбайт. Дүйнөдө демократиялык өлкөлөрдүн арасында расистик партиялардан эң көп бийликти бөлүшкөн өлкөлөр Европа Биримдиги өлкөлөрү болсо керек. Качкындар, ислам жана еврейлерге каршы абдан коркунучтуу өлчөмгө жеткен, чет элдик душмандык жана кол салуучулук күнүмдүк турмушта эми кезектеги эле абалга айлангандыгы, дүйнөдө ыбадатканалар эң көп өрттөнгөн бир Европа Биримдиги менен бетме  - бет келип турабыз. Европа Биримдиги өткөн күндө өзүндө жана аймагында тынчтыкка, бейкуттукка, адам укуктарына, демократияга салымын кошту. Бирок бүгүнкү абалы менен Европа Биримдиги Европа Биримдигине кайрыла турган болсо өзү койгон критериялардан алыс экендигинен мүчө  катары Европа Биримдигине алына албай турган абалда. Качкындарга байланыштуу жүргүзгөн саясаттар менен жээкке чыккан сириялык Айлан бөбөктөрдүн сөөктөрү эмес, ошол эле учурда Европа Биримдигинин да баалуулуктары.

Европа Биримдиги өлкөлөрү үчүн дагы маанилүү болгону демократия жана эркиндик аянттарын барган сайын тарайтып, көпчүлүк болгон жана эркиндикчил бөлүктөрдүн барган сайын үнүнүн чыкпай калышы. Европанын ылдам түрдө экинчи дүйнөлүк согушунан мурунку бир климатка жетеленип бара жатышы. Ушуга карабастан Европа Биримдигин бул климаттан чыгара ала турган, бул климатка багынбаган, бир  - эки өзгөчөлүктүн тышында саясий лидерлик да көрүнбөйт.

Глобалдык деңгээлде кандай баалуулуктар, принциптер жоготуусуна учурап жатканыбызды келерки жумада улантабыз.



Тектеш кабарлар