Коргонууда улуттук долбоорлор - 08

Технология фестивалы.

1068753
Коргонууда улуттук долбоорлор  - 08

Түркия сентябрь айынын ичинде коргонуу, космос, технология жана авиация  тармагында эки маанилүү иш чара өткөрдү. Иш чараларадан биринчиси 20 – 23 -  сентябрь күнү Түркиянын негизги проектилеринИн бири болгон 3  - аэропортто өткөрүлгөн  “TEKNOFEST İSTANBUL”. Экинчи иш чара болсо 27 – 30 -  сентябрда Стамбулда Ататүрк аэропортунда өткөрүлгөн “İSTANBUL AIRSHOW”. Бул иш чаралар өткөрүлгөн жерлердин бирөөсү жакынкы учурда жабыла турган Ататүрк аэропорту бирөөсү болсо жакында ачыла турган 3 -  аэропорт. Түркиянын бир жумалык аралык менен  мындай маанилүү иш чараны өткөрүшү авиация жана космос тууралуу жетишкендиги болуп саналат. Иш чараларга карата элдин жана өзгөчө жаштардын көрсөткөн кызыгуусу  келечек үчүн үмүт берүүчү.

Түрк Харб  -  иш профсоюзунун билим берүү дирекору Таркан Зенгиндин тема тууралуу баа берүүсү....

Авиация, космос жана технология фестивалы Түркияда биричи жолу өткөрүлдү.

Фестиваль Стамбул мэрдиги жана Т3 фондунун жол башчылыгында уюшутурлду. Фестивалдын ачылуу сөзүндө Т3 фондунун куруучу делегациясынын төрагасы Байрактар : «Бүгүн курулган үй  - бүлөнүн көргөн бир түшүбүз чындыкка айланган күн, бүгүн улуттук технология көз карашын он миңдеген, жүз миңдеген жаштарыбыз менен бөлүшкөн бир күн. Бүгүн чыккан жолубузда   жалгыз эмес экенибизди көрсөткөн бир күн»,- деди. Т3 фондунун курулуш максаты Улуттук технология стипендия программасы менен стипендия колдоосу жана технология командалары программасынын негизинде  университет технология командаларына каражат, базис, транспорт жана техникалык кеңеш боюнча колдоо берүү. Фонддун негизги максаттарынын бирөөсү да 2023 -  жылга чейин 1001 технология командасын жана 1001 технология демилгесин колдоо.

ТЕХНОФЕСТ жарыштары

Көп сандаган унаа жана продукция көргөзмөгө чыккан фестивалга катышуу акысыз болду. Авиация, космос жана технология темаларына жалпы өлкөө кызыгууну жаратуу максатында  өткөрүлгөн фестивалга 4 күндө рекорддук катышуу болду. Фестивалды 4 күндүн ичинде 550 киши келип көрдү. Жаштар жана спорт министрлиги болсо 42 облустан 10 миң жаштын катышуусуна мүмкүнчүлүк түздү. 14 башка категорияда технология жарыштары өткөрүлдү. Жарыштарга жаштар жогорку даражада кызыгуу көрсөттү. Орто мектеп, лицей, университет жана  адамзаттын пайдасына технологиялык жарыштар. Лицей, университет жана андан жогору учкучсуз аба унаалары жарышы, кишисиз суу астындагы системалар жарышы, модель учак жарышы, роботакси жарышы, Роботтук Фетих 1453 жарышы, Ракета жарышы, жасалма акыл жарышы, ИХА колдогон учкучсуз кургактык унаасы жарышы, Согушкан ИХА жарышы. Университет жана андан жогору Модель спутник жарышы, ИХА жарышы. Бул технологиялык жарыштарга 750дөн ашуун команда, 2000ден ашуун жарышчы катышты. Жарыштарда жаштар маанилүү ийиликтерди көрсөтүштү. Түркиянын технология өндүргөн коомго айланышы жана улуттук технология кыймылын ишке ашыруу максатында уюштурулган фестивалде жаштардын кызыгуусу жана жарыштарда көрсөткөн ийгилиги маанилүү эле. Жаштардын кызыгуусу келечекте технология өндүргөн жаш лидерлердин ортого чыгышына себеп болот.

Улуттук продукциялар жакындан көрүлдү

Фестивалда авиация тармагында жергиликтүү жана улуттук продукциялар да ичинде болгон иш чаралар өткөрүлдү. Ушунун негизинде Түрк жылдыздары, Соло түрк, парашют командасы, 129 АТАК тик учары, ТБ2 куралдуу ИХА жана Түркиянын алгачкы профессионалдуу улуттук акробаттык учкучу менен кызынын акробаттык өнөрү, абада эркин учуу тажрыйбасын көрсөткөн тигинен соккон шамал туннелинин платформасы, Стамбул лицейлер аралык модель учак жарышы жарандар тарабынан абдан чоң кызыгуу көрдү. Фестивалда өзгөчө дүйнөлүк дрон чемпиону, Стамбул кибердик коопсуздук жарышы,

Take-Off эл аралык демилге саммити, дүйнөнүн эң ылдам 7 унаасы жарышкан «Жарыштардын жарышы», раектив учак, тик учар  жана акробаттык өнөрлөр, парашют менен секирүү, аба унааларынын көргөзмөсү, технология жана билим берүү ательелери сыяктуу маанилүү иш чаралар да уюштурулду. Фестивалда келген коноктор аскердик жана жарандык бир топ аба унаасын көрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишти. АНКА, Улуттук аскердик учак, Т625 тик учары, Гөктүрк  - 2 спутниги, жаңы муундагы негизги машыктыруучу учак ХҮРКУШ менен АТАК тик учарын келген коноктор жакындан көрүштү. Фестивалда жергиликтүү жана чет элдик катышуучулар менен технология тармагында келечектин өнүгүү жана муктаждыктары сөз болгон семинарлар да өткөрүлдү.

Президент Эрдогандан маанилүү кабарлар

Президент Р. Т. Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен бирдикте 22 -  сентябрь ишемби күнү TEКNOFESTке келди. TEКNOFESTтин негизинде өткөрүлгөн жарыштарда даражага киргендерге сыйлыктарын тапшырган президент Эрдоган бул жерде маанилүү бир маалымат берди. Президент коргоо өнөр жайы жана технология тармагында аткарылышы керек болгондор тууралуу маанилүү кабарларды берди. Президент Эрдоган: «Азыркы күндө чыныгы мааниде көз карандысыздыктын биринчи шарты технологияны долбоорлогон, өндүргөн жана экспорттогон өлкөлөр. Ар бир жаңылык сыяктуу технологиядагы абалдардын да биринчи баскычы кыялдануу. «Кызыл алма» деп аталган кыйырдын ары жагындагы максатыбыз дайыма жаңыланып турду. Качан кыялданууну таштасак ошондо артка чегине баштадык. Биз да Түркияга алып келген болсок кыялыбыздын артынан түшүү менен жетиштик. Азыркы күндөгү коопсуздук түшүнүгүнүн мааниси чоң өлчөмдө өзгөрдү. Эми физикалык коопсуздугубузду кибердик коопсуздук менен, сан ариптик өнөр жай менен жергиликтүү программа менен бекемдебеген болсоңуз анда өзүңүздү өзүңүз алдап жаткан болосуз. Улуттук технология кыймылынын негизинде аткарылган бардык эмгектерди колдойбуз. Жаштардын жолун ачууда чечкиндүүбүз. Акыркы жылдарда башыбыздан өткөн ар бир окуя  көз карандысыздык менен технология жана өзгөчө коргоо өнөр жайынын ортосундагы байланышты кайра кайра көрсөтүүдө. Технологияны жергиликтүү жана улуттук жактан өнүктүрүү менен көз карандысыздыгыбызды бекемдөөнү каалайбыз»,- деди. Президент Эрдоган улуттук технология кыймылынын өлкө үчүн канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар