Бир гана туура абалды тандоо -  көз караш жетерлик болобу?

Глобалдык перспектива - 35

1040531
Бир гана туура абалды тандоо -  көз караш жетерлик болобу?

Сүйүктүү окурмандар, мурунку макалаларыбызда Батыш да  беттешкен фактыларга, көз караштарга, маселелерге, психологияга баш ийбестен, ээ болгон баалуулуктардын жалпы программасынын негизинде аналитикалык түрдө ишенимдүү бир көз караш менен мамиле кылышы керектигин белгилегенбиз.

Анда эмесе туура абалды тандоо, туура көз караш жетерлик болобу? Бир гана туура бир көз караш менен маселелерибиз чечиле алабы?

Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн бул тууралуу пикирин сунуштайбыз.

Туура абалды тандоо, көз караш, перспектива эч шексиз бардык маселелерди чечүүдө, максатка жетүүдө балким эң негизги элемент. Баскан багытыбыз жаңылыш болгон болсо канчалык туура нерселерди арткарса аткаралы, туура максатка жете албайбыз. Бир тараптан жаңылыш максатчалык максатын билбөө да чоң маселе. Кете турган багытын билбеген кемеге эч бир шамал жардам бере албайт. Ушул себептен турмушта бетме – бет келген бардык процесстер, фактылар, түшүнүктөрдүн алдында оболу туура бир абалды тандоо, перспективге ээ болуу талаш  - тартышы жетерсиз болот. Бирок башка эч бир нерсе аткарбастан, бир гана туура абалды тандоо жетерлик болобу? Бул тууралуу ойлонуу керек. Себеби көпчүлүк учурда бир гана интеллектуалдык талкуулардын, ээ болунган интеллектуалдык тажрыйбанын жетерлик болору ойлонулууда. Так жыйынтык чыга турган, эмгектенүүгө багыттабаган, кичинекей топтордун арасында болгон интеллектуалдык талкууларга ашыкча маани берилүүдө. Ислам дүйнөсүнүн маселелери, бир гана туура ойлонуу менен чечиле алабы? Ойлонуу менен канчалык жолду басып өтө алат?

Албетте ойлор абдан баалуу. Адамзат тырыхын өзгөрткөн, узун мөөнөттөгү ойлор. Муну менен бирге бул ойлор ишке ашпаган, теориялык деңгээлде калган эмес, ишке ашырылган ойлор.

Турмушубузга форма берген абстрактуу ойлорубуз эмес, ушул негизде таштаган так кадамдар. Туура бир абалды тандоого, көз карашка ээ болсок да бул көз караштын негизинде бир нерселерди өзгөртүү аракетинин ичинде болбосок да көз карашыбыз өзүбүздөн баштоо менен тегерегибизде жана турган чөйрөбүздө так нерселерди өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзө албаса, бир гана көз караш менен эмне өзгөртүлө алат. Мыкты бир көз карашыбыз болушу мүмкүн. Бирок отурган жерибизде отурууну, жаткан жерибизде уктоону уланта алабыз. Ушул себептен бир гана интеллектуалдуу талаш  - тартыштар менен ишке ашырууга өтпөгөн ойлор менен кемсинткен мамилелер менен бир нерселердин өзгөрө тургандыгын ойлосок, өзүбүздү алдагандан башка эч нерсе аткарбаган болобуз. Бир тараптан турмуштан алыс канчалык туура  бир көз карашты ортого сала аларыбыз өзүнчө бир талкуу темасы. Ишке ашыруудан, турмуштук тажрыйбадан алыста, пил сөөгү мунараларында чыккан ойлор көпчүлүк учурда көптөгөн зыянчылыкты да алып келет. Тарых, тилекке каршы турмуштук тажрыйбадан алыс болгон мындай зыяндуу ойлор менен толгон. Турмушту токтотуу менен, турмуштан алыс, турмуштун бардык жактарын курчоого ала турган жана бир жолкуда ортого салына турган бир көз караш, парадигма коркунучтуу жыйынтыкты жарата алат. Ушул себептен туура абалды тандоо же көз караш гана турмуш тажрыйбасы менен бирдикте, турмуштун ичинде жана турмуштун ичинен чыгарыла алат же ортого салына алат. Ислам дининин келиши да ушундай. Ислам дини бир жолкуда жана так түрдө эмес, убакытка жайылуу менен жана көпчүлүк учурда так окуялар менен байланыштуу болуп толугу менен турмуштун ичинде өнүгүү процессин аяктаган.

Бүгүн көрсөтүлүшү керек болгон мамиле жасалышы керек болгон иш, басылышы керек болгон жол тууралуу бардык нерсеге карабастан абдан чоң бир белгисиздик ичинде эмеспиз. Негизги программалар ансыз да ортодо. Бүгүн эң чоң маселелерибиздин бирөөсү туура преспектива менен бирдей болбогон, айткандарыбыз менен шайкеш келбеген кыймылдарыбыз. Аны менен бирге айткан сөздөрүбүздүн керек кылгандыгына карабастан кыймылсыздыгыбыз да бар. Айткандарыбыз менен шайкеш келген бир кыймылдын ичинде болбошубуз.  Турмуш деген ыйман жана аракет кылуу демек. Аракет кылуу менен күрөш бирдей кетиши керек. Күрөштүн бир түрү катары согуш деген мааниде жихад бүгүндүн дүйнөсүндө аз муктаждык болгон абал. Ушуга жараша күнүмдүк турмушта эмне кылсак да дагы жакшысын аткаруу үчүн аракет кылып, дагы туура, принциптүү жана жакшы болуу үчүн күрөшүп, эмгектенүү, аракет кылуубуз керек. Башкача айтканда жакшы болгонду, принциптүү болууну айтуу жетпейт. Бул үчүн ар бир тармакта болгон күчүбүз менен күрөшүүбүз керек.

Кайрадан эң башта сураган сурообузга кайтсак, эч шексиз туура абалды тандоо, туура перспектива түрдүү максаттарга жетүү үчүн  эң туура шарт. Себеби туура эмес көз караш, абалды тандоо максатыбыздан алыстатып, бизди апаатка жетелеши мүмкүн. Жаңылыш абалды тандоо ниет канчалык жакшы болсо болсун эң сонун ниетти же сезимди пайдасыз абалга алып келет. Бирок туура көз караш же туура абалды тандоо да бизди куткара албайт. Көз караш туура деп ойлойбуз, бир жолу ортого салындыбы  өзүнөн өзү эле максатына жетет деп ойлойбуз. Бирок бир гана көз караш жалгыз жыйынтыктарды жарата албайт. Туура көз караш бир гана жакшы бир башталгыч. Жыйынтык чыгарган нерсе туура бир абалды тандоого, максатка алып барган бир перспективага ээ болуу менен ташталган так кадамдар жана ушул негиз боюнча аткарылган иштер. Андай болсо бүгүн туура перспектива менен шайкеш келбеген, өзүбүзгө байланыштуу өзгөртүшүбүз керек болгон эң негизги кемчиликтерибиз эмнелер? Өз жаңылыштарыбызды көрбөстөн, көпчүлүк учурда туура да болсок бир гана башкаларынын жаңылыштарына  көңүл буруу менен маселелерибизди чече алабызбы? Эгерде туруп шамды жакпасак бир гана караңгылыкты сынга алуу жарыкты алып келеби? Булар да башка бир макаланын темасы болсун.

Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.



Тектеш кабарлар