Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-17

Алтай адабияты Таныспай Шинжиндин “Бакыт алып келген үмүт” ангемеси

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-17

Урматтуу  китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузду алтай адабияты менен улантабыз. Программада учурдагы алтай адабиятынын белгилүү жазуучусу, акыны жана окумуштуу Таныспай Шинжиндин өмүр-баянын жана анын “Бакыт алып келген үмүт” аттуу аңгемесин баяндап беребиз.

                     Кадырлуу окурмандар, соңку алтай адабияты дегенде Таныспай Шинжиндин аты кеңири таанымал. Ал Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген жазуучусу, СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү жана алтай элинин элдик акыны. Ал акын-жазуучулук менен бирге мыкты окумуштуу жана фольклорист. Таныспай Алтай жергесинин Оңдой аттуу аймагындагы Үлегем деген айылда 1936-жылы жарык дүйнөгө келген. Кичине кезинде эне-атасынан эрте жетим калган Таныспай, алгач аз убакытка байкесинин жанында жашайт. Кийин балдар үйүндө жашоосун улантат. Ал 1956-жылы мектепти аяктайт жана 1962-жылы Алтай тили жана адабияты институтун бүткөрөт. Окуусун аяктаган Таныспай алгач мугалим болуп бир топ жыл эмгек кылат. Кийин 1973-жылдан баштап Алтаистика Институтунда фольклор жаатында иштеп, бир канча илимий изилдөөлөрдү аткарат. Калкин, Ялатов, Черноева аттуу алтай элинин атактуу акындарынын өмүр-баяны жана чыгармачылыгын изилдеп Ялатовдон 36094 саптан турган “Жаңар” аттуу эпосту жазып алат. Бул илим дүйнөсүнө кошкон чоң эмгеги болуп эсептелет.

                      Шинжиндин  алгачкы ырлары 1954-жылы “Биз келдик” деп аталып жарыяланган. Кичинекей жаштан баштап алтай салтын билген акындардын ичинде чоңойгон Шинжинди акын деп да айтсак болот. Айтор акындын бир топ эмгегинин арасында эпосторду редакциялап китеп кылып чыгарганы да маалым. Анан балдар үчүн да чыгарма жаратып алтай элине бир топ эмгеги сиңген. Толуктап айтсак, алтайча жана орусча жыйырмадан ашуун илимий эмгеги, онго жакын адабий чыгарманын ээси. Анын “Биз келебиз”, “Эненин эркеси”, “Алтын босого”, “Көк өзөктүн балдары”, “Ак кулун”, “Күндүн көзү” жана “Бакыт алып келген үмүт” сыяктуу ыр жана аңгемелери алтай жергесинде белгилүү болуп окурмандардын мактоосуна арзыган. Азыркы учурда жашы 82ге таянган Шинжин, өз элине жан үрөгөн эмгектери үчүн “Эмгек ветераны” медалына жана Россия Федерациясынын жазуучулар союзунун ардак грамотасына татыктуу болгон. Анда эмесе мындан аркы сөздү жазуучунун “Бакыт алып келген үмүт” аттуу чыгармасы менен уланталы.

SİNYALЖаш кезинде эне-атасынан жетим калган жазуучунун “Бакыт алып келген үмүт” аттуу чыгармасы өзүнүн чыныгы жашоосуна окшоп кетет. Анткени чыгарманын башкы каарманы Кара аттуу баланын балдар үйүнө берилиши жазуучунун өзүнүн да балдар үйүндө чоңойгонун эске салат. Чыгарма 70-чи жылдардагы карапайым алтай элинин айыл жергесиндеги тиричилик баянынан башталат. Башкы каармандардын бири Маадай аттуу киши колхоздун малчысы. Аны жаштайынан Эрте аттуу кызга үйлөндүрүшөт. Бири-бирин тойдо көрүп таанышса да кийин нике буюруп бактылуу жашай башташат. Ортолорунда бир кыз, эки уулдуу да болушат. Ошондой бактылуу жашоолору уланган күндөрдүн биринде жубайы ымыркайы менен төркүнүнө конокко бара жатып жол кырсыктан каза табат. Аман калган ымыркайы жана улуураак эки баласы менен Маадайдын башына кыйынчылык күн түшөт. Ар кимдин өз тиричилиги дегендей, Маадайдын жалгыз бир тууган эжеси Куйка балдарга жардамдашканы менен ал убактылуу эле. Эжесинин кеңеши менен ымыркай Кара аттуу баласын балдар үйүнө берүүгө мажбур болот. Оюнда кичине чоңойсо кайра өзүнө алуу эле. Бирок балдар бакчанын тартиби менен ал баланы башкалар багып алышкан болот. Кабар алып турган Маадай муну угуп айласы куруйт. Убакыт өтөт, Маадай экинчи жолу үйлөнөт, дагы төрт балалуу болот, аларды чоңойтот. Бирок бир энеден болгон бир туугандары жана атасы Маадай баланы унута алышпайт. Күндөрдүн биринде шаарда окуп жаткан кызы Чинчей өзүнүн бир тууган инисин таап алат. Ал учурда Кара 18 жашка толгон жигит болот. Эжеси болгон окуяны айтып Караны көндүрүп каникулда өзүлөрүнүн Жети-Жото айылына алып келет. Албетте атасы маңдайы жарылып сүйүнөт, аны байке, ини-карындаштары тегеректейт. Бирок өгөй энеси Торкочуга бул көрүнүш жага бербейт. Таанышып шаарга кайткан Кара баккан эне-атасына айтат. Капа болгон эне-атасы менен пикирлери келишпей экинчи жолу айылга келет. Бирок өгөй энесинин каары жаш жигиттин көңүлүн сындырат. Үйүнөн урушуп чыгып кеткен Караны өгөй энеси батырбаганын билип туңгуюкка кептелет. Жашоонун кызыгы кетип өзүн өлтүрүүнү көздөйт. Бирок муну байкап калган Маадайдын эжеси өлүмдөн алып калат да баккан эне-атасына шаарга кетүүсүн кеңеш кылат. Жашоо өз нугунда айланып, бала баккан эне-атасынын баркын  билип жашоосун улантат. Үйлөнүү чагына келгенде баккан атасы Макар баланын өз атасын да тойго чакырууну туура көрөт. Тойго келген Маадай баласынын экинчи эне-атасына абдан ыраазы болот. Аңгеме аягында эки үй-бүлө тууган болуп бири-бирине каттап калышат.

                  Бакытка жетүү менен жыйынтыкталган бул чыгармада алтай элинин үрп-адатынан, каада-салтынан кеңири маалымат берилген. Андан тышкары совет дооруна чейинки тарых, 2-дүйнөлүк согуш учуру жана андан кийинки жылдардан да кабар берет. Бул аңгеме ошол совет доорундагы алтай элинин  карапайым бир үй-бүлөсүнүн социалдык-психологиясын таамай баяндаган чыгармалардан бири десек жаңылышпайбыз.   1986-жылы чыккан бул аңгеме 40 бөлүмдү түзүп жалпысынан 280 барактан турат. 

    Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда соңку алтай адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгерде бул аңгемеге кызыгуу жаралган болсо, анда Шинжиндин орус тилине да которулган ушул “Бакыт алып келген үмүт” аттуу чыгармасын окуп чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар