Бүгүн Стамбулдун Осмон мамлекети тарабынан каратылган күнү

Бүгүн 29-май, Стамбулдун Осмон мамлекети тарабынан каратылган күнү.

981093
Бүгүн Стамбулдун Осмон мамлекети тарабынан каратылган күнү

Осмон императорлугу негизги өсүү жана күчтөнүүсүн Византиянын жерлерин басып алып камсыздады. Анадолу тарабынан жана Румели тарабынан жерлерин алдырган соң Византия мамлекети Стамбул шаарынан гана турган шаар мамлекет болуп калды. 1453-жылы Осмон падышасы Султан Мехмет Стамбулдун Византиянын колунда болушунун Осмон мамлекетинин коопсуздугу үчүн коркунуч туудурганын көрүп чоң армия менен Стамбулду курчоого алды. Көпкө созулган курчоодон кийин Осмон армиясы колдонгон технология жана замбиректер 1453-жылы 29-майда Стамбулдун каратылышын камсыздады. Андан соң Стамбул Осмон империясынын борбор шаарына айландырылды. Орто кылымды бүтүрүп жаңы калымды баштоого себепкер болгон Стамбулдун багындырылышы дүйнөлүк тарыхка терең из калтырып, батышта реформа жана ренессанстын баштылышына да түрткү болгон. Бүгүн 29-май Стамбулдун каратылган күнү. Учурда Стамбул Түркия мамлекетинин эң чоң тарыхый жана соода шаары, жана ошондой эле Түркия өкмөтүнүн мега долбоорлору менен гүлдөгөн чагы...



Тектеш кабарлар