Күн тартибине сереп салуу - 01

Иранда эмнелер болуп жатат?

883008
Күн тартибине сереп салуу - 01

Ирандагы жакырдык жана жумушсуздукка карата Мешедде башталган митингдер Нишабур, Шахдур, Кирманшах, Кум, Решт, Йезд, Казвин, Захидан, Ахваз жана бир топ шаарга жайылды. Митингдерде эң баштарда өкмөт сынга алынган болсо, андан кийин башта Төңкөрүштүн жол башчысы Хаманей болуу менен саясатчылар менен режим да сынга алына баштады. Кум сыяктуу Иран шииттеринин негизги борборунда «Хаманей, Хизбуллахка каргыш тийсин» деген ураандар менен жүрүштү. Митингдер жана чыккан окуяларда жүздөгөн киши камоого алынып көптөгөн киши каза болду. Албетте негизги суроо Иранда мындан кийин эмне болору? Митингдер жайылып улантылабы же акырына чыгабы?

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун иликтөөчү - жазуучусу Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Жалпысынан Ирандын ички тең салмактуулугуна караганыбызда эки негизги маселенин бар экендигин көрөбүз. Начарлаган экономика жана ички саясий чатакташуулар. Рухани өкмөтү менен Хаманейдин ортосунда улантылып жаткан күрөш акыркы шайлоодон кийин күч алды. Руханинин жакын чөйрөсүнө жана Иран төңкөрүш гвардияларына карата коррупция менен күнөлөөлөр, Иран калкынын негизинде Иран мамлекетине болгон ишенимди маанилүү катнашта тебелеп  - тепселеди. Иранга каршы эмбарголор менен жаман башкаруу, коррупциялар менен биригип, Иран экономикасын дагы да начарлатты. Бардык нефть жана жаратлыш газ булактарына карабастан улуттук киреше 500 миллиард доллардан 350 миллиард долларлык деңгээлге түшкөн. Өлкөдө олуттуу бир инфляция маселеси бар, базис жетерсиз, абанын булганышы жана кургактык да бар. Тышкы саясатта болсо бөлүштүрүүчү саясатты жүргүзүү улантылууда; Ливан, Йемен, Сирия жана Иракта чоң экономикалык жетишкендиктер болду. Бирок бул гео – саясий жетишкендиктер  элдин кызыгуусун тартпагандай.

Иран ичиндеги митингдерде көңүлдөрдү бурган жагдайлардын бирөөсү этникалык мотивация митингдери болду. Ахваз аймагындагы араптар, Ирандын чыгышындагы белучтар, Ирандын батышындагы күрттөр менен Ирандагы түркмөн аймактарында болгон митингдерде кээ бир топтордун жана митингчилердин Иран режимине каршы чыгуу себептери этника негизги  бөлүүчүлүк болгондугу байкалууда. Ирандагы митингдердин негизинде ички саясаттагы маселелер менен элдин тынчсыздануусу жатса да митингдердин эл аралык жагы да бар. Иран мамлекеттик органдары митингдерде өлтүрүлгөн кишилердин канкорлорунун тышкы өлкөлөрдүн агенттери экендигин айтышууда. АКШнын президенти Дональд Трамптын твиттер аркылуу Ирандагы митингдерди колдогон билдирүүлөрү да тышкы кийлигишүү деген ойлорду күчтөндүрүүдө. Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху да Ирандагы митингдерди чоң ыраазычылык менен кабыл алды.

Акыйкаттан да түрк тышкы иштер министрлиги берген маалыматта дос жана бир тууган Ирандын коомдун тынчтыгы жана ырааттуулуктун сакталышына чоң маани бергендигин белгиледи. Маалыматта : «Ушул алкакта президент Хасан Руханинин калктын тынчтык митингин өткөрүү укугунун бар экендигин, бирок мыйзамдардын тебеленбеши жана коомдук байлыктарга зыян келтирүүдөн алыс туруу жана провакацияларга кабылбашы керектигине ишенебиз. Эртерээк өлкөдө тынчтыктын түзүлүшү жана оптимисттиктин өкүмдүк кылышы менен окуялардын күч алышына бөгөт болуу, абалды  көкүтүүчү  сөз жана тышкы кийлигишүүлөрдөн алыс болушун каалайбыз»,- деп айтылды.

Дональд Трапмтын булуң саякатынан кийин өзгөчө Иранга каршы курууга аракет кылган Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Бахрейн жана Израиль болгон орток фронтунун Ирандагы митингдерди абдан көңүл буруу менен иликтегендиги байкалууда. Акыйкаттан да Иран мамлекети көптөгөн жылдардан бери өлкөдө болуп жаткан маселенин себеби катары тышкы кийлигишүүлөрдү көрсөтүүдө. Ирандын президентинин биринчи орун басары Исхак Жихангири жуманын акырында сүйлөгөн сөзүндө : «Экономикалык темалар башка темаларга шылтоо болду. Арткы планда башка сценарийлер бар»,- деди. Хасан Рухани өкмөтүнүн расмий басма сөз органы «Иран» гезити да биринчи бетинде жарыялаган бир макалада : «Кээ бирлери элди амалына жетүү үчүн бир оюнчук катары ойлоп жатат»,- деген сөздөргө орун берди.  Айетуллах Хаманей болсо ушунун негизинде  : «Душмандарыбыз өлкөнү  баш  - аламан кылуу үчүн акча, курал жана агент колдонуп жатышат»,- деп акыркы чекитти койгон болду. Бирок Ирандын эл аралык коомдук пикирдеги душмандары бул митингдердин элдин негизинде жарактуу себептеринин бар экендигин жаап жашырбашы керек. Өлкөдөгү экономикалык маселелерден улам ансыз да бир канча убакыттан бери кичинекей масштабда митингдер өткөрүлүп жаткан. Бардык жаратылыш ресурстарына карабастан барган сайын калкы жакырдашкан Иран турат. Айрыкча акыркы мезгилде болгон жана режим менен байланыштуу кээ бир капитал ээлерине таандык финансылык фирмалардын банкрот болушу жана миллиондогон кишинин жабыркашы митингдерди күчтөндүргөндөй көрүнүүдө. Өзгөчө митингдерде «Акчаңарды Сирия, Газа жана Ливан үчүн жумшабагыла», «Эл кайырчы боло турган абалга келди», «Сирияны таштап биздин абалыбызга көңүл бур», «Газа эмес, Ливан эмес, жаным Иран үчүн курман болсун» деген ураандар менен митингчилердин Иран мамлекетинин Жакынкы Чыгыштагы бөлүштүрүүчү саясатынан тынчсыздангандыгын көрсөтүүдө. Иран бир тараптан экономикалык маселелер менен күрөшүп жаткан болсо, бир тараптан да Жакынкы Чыгышта бөлүштүрүүчү саясаттарды жүргүзүүдө. Иранда бөлүштүрүүчү саясаттардан тынчсызданган бир бөлүктүн бар экендиги билинип жаткан.

Ирандын Сирияда согушкан куралдуу күчтөргө берген акы, өз өлкөсүндө жашаган бир топ жарандын айлык акысынан дагы көп. Өзгөчө «Ислам республикасын каалабайбыз», «Эркиндик, Иран республикасы» сыяктуу ураандар митингчилердин Ирандагы кысым жасоочу  режимден да тынчсызданып жаткандыгын көрсөтүүдө. Митингдерде Ирандын кулатылган лидери Риза Шах Пехлевиге дуа кылынышы кызыктуу болуп жатат. Глобалдык байланыш жана транспорт мүмкүнчүлүктөрү менен башка өлкөлөрдү байкоого алган Иран калкы өзгөчө Түркия сыяктуу мусулман өлкөлөр менен өз турмуш стилин жана стандарттарын салыштырууда.

Акырында Ирандагы митингдерди күч алдырган бир топ фактор бар. Бир тарапан эркиндик жана экономикалык бейкуттук издөө, бир тараптан Иранды бутага алган өлкөлөрдүн хаос издеши. Түркиянын Ирандагы абалдарга карата мамилеси болсо эки чындыкты көргөн бир тең салмактуулукта форма алган болуп жатат.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун иликтөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун пикири.



Тектеш кабарлар