Мугалимдер ар дайым ардакталат

Мугалимдер ар бир адамдын жашоо турмушунун калыптанышында маанилүү ролду ойнойт.

422475
Мугалимдер ар дайым ардакталат

Мугалимдер күнү
Бир адамдын билим алуусунда үй-бүлөсүнүн жана айлана чөйрөсүнүн таасирлеринен кийин эң чоң салымды мугалимдер камсыздайт. Жашоо турмушубузда абдан чоң орду болгон мугалимдерге арналган күндү эскердик. 24-ноябрь өлкөбүздө мугалимдер даңазаланган күн катары 1981-жылдан бери майрамдалууда.
1928-жылы 24-ноябрда Ататүрк, улуттук мектептердин Баш мугалимдигин кабыл алды. Ататүрккө Баш мугалимдик наамы берилиши Тамга төңкөрүшү жана андан кийин өлкөбүздө ылдам түрдө сабаттуулардын саны көбөйүшүнөн улам берилген. Тамга төңкөрүшү менен өлкөбүздө араб алфавитинин ордун латын алфавити ээледи. Ушундайча заманбап дүйнө менен шайкеш абалга келүүсү максатталып жаткан эле. Тамга төңкөрүшүн жүргүзгөн Ататүрккө Министрлер Кеңешинин 1928-жылы 24-ноябрдагы жыйналышында «Баш мугалимдик» наамы ыйгарылуусу кабыл алынды. Ататүрктүн туулганынын жүз жылдыгы болгон 1981-жылга келгенде жыл сайын 24-ноябрда өлкө боюнча Мугалимдер күнү майрамдалышына чечим чыгарылды.
Мугалимдерибиз баарбыз үчүн маанилүү. Окуп жазганды алардан үйрөндүк. Алгачкы математика сабагын алар менен окудук. Саатты, календарды алардан үйрөндүк. Коомдогу жүрүш турушубузду да алар калыптандырды. Үйбүзгө, үй-бүлөбүзгө жана коңшуларыбызга карай мамилебизге да алар багыт берди. Тиш тазалоодон, кийим кечебизди жыйноого чейин, убагында жатуудан ата-энебизди урматтоого чейин бир топ темада бизге багыт берди. Бардык мугалимдерди ардактап, абдан көп окуганга аракеттендик. Үй тапшырмабызда аткарбастан окууга барууну ойлогон жокпуз. Кийинчерээк билим алуубуз жогорулаган сайын башка мугалимдерибиз да болду. Алардан да чоң колдоо көрдүк. Ал эми биринчи мугалимбиздин орду бардыгыбыздын жүрөгүбүздө башкача болду жана ушундай калат. Коомчулуктарды окутуп келечекке алып барууда мугалимдер чоң роль ойноду. Билим берүү системаңыз канчалык ийгиликтүү болсо келечекти куруу да ошончолук ийгиликтүү болот. Келечегибизди кура турган эң маанилүү түртүүчү күчүбүз болсо мугалимибиз болуп саналат. Алар өмүр бою нур чачты бизге жана чачуусун да улантат.
Динибиз жана турмушубузга карай да сабак берди албетте. Күнүмдүк турмушубузда Пайгамабарыбыздын үйрөткөндөрү басымдуу түрдө турмушубузду формаландырды. Ислам дини көздөгөн жашоо формасы жана үйрөтүүчүлүгү жашообузду калыптандырды. Жакшы адам болууну, жакшы ахлактуу болуп, адамдарга жардам берүүнү да бизге үйрөткөн динибиздин жарык нурунун астында турмушубузду жашоого белсендик.
Бүткүл мугалимдерибиздин мугалимдер күнү куттуу болсун! Бул маанилүү күндө бардык мугалимдерди куттуктоо менен арабыздан ажырагандардын жаткан жерлери жайлуу, топурагы торкоо болушун тилеп, алардын жаркын элестерине таазим кылабыз....


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар