Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары

«Кабар» менен ТРТнын келишими - кыргыз-түрк кызматташтыгынын көпүрөсү.

409814
Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары

Кыргыздар менен түрктөр түбү, дини бир, тили, дили, каада-салты окшош элдербиз. Эгер азыркы түрктөр мындан бир нече кылым мурда Борбор Азия аймагынан чыгып, Европага чейинки аймакта өз мамлекеттүүлүгүн түзгөндүгүн 600 жылдан ашык бийлиги өкүм сүргөн Осмон империясы далилдеп турат. Ошол эле учурда кыргыздардын Енисейге чейин келип, өз каганатын кургандыгын карт тарыхтан билебиз. Бирок, өткөн кылымдын башында белгилүү себептерден улам бул эки элдин ортосуна темир тосмо орнотулуп, жетимиш жылдан ашык убакыт экономикалык, маданий жана башка карым-катнаштар кан буугандай токтоп калган. Себеби, кимдир-бирөөлөр түрк элдеринин биригишинен, өз алдынча мамлекет болушунан чочулашкан. Анткен менен 1991-жылы СССР кулаган соң ошол тосмо бузулуп, эски байланыштар калыбына келе баштады. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп таанып, өз элчилигин ачкан да Түркия Республикасы болду.
«Чыныгы дос кыйынчылыкта билинет» демекчи, Түркия Кыргызстандын 50 млн. доллар карызын кечти. Мындан тышкары республикабыздын курулуш, өнөржай, айыл чарба тармактарына ири суммада инвестициялар тартылып, экономикабызды бутуна тургузууга чоң салым кошулууда. Бизде күнүмдүк жашоого өтө керек болгон нан бышыруу көйгөйлүү маселе экендиги жашыруун эмес. Башкасын айтпаганда да жеке менчик нан бышыруучу цехтерде санитардык талаптар өз деңгээлинде деп айтууга ооз барбайт. Бул жагдайды илгиртпей түшүнгөн Стамбулдагы муниципалдык нан заводунун жетекчилиги былтыр Бишкекте өзүнүн филиалын куруп, бала бакча, мектеп сыяктуу мекемелерди сапаттуу жана арзан нан менен камсыз кылууда. Ал эми мал киндиктүү өлкөбүздө этти заман шартына ылайык даярдап, чет өлкөлөргө экспорттоо дээрлик колго алынган эмес. Жакында эле Чүй облусунун Лебединовка айылында түрк ишкерлери тарабынан бардык санитардык талаптарга жооп берген касапкана ишке кирип, этибиз Казакстан, Россия жана башка мамлекеттерге экспорттолуп жатат. Жалпысынан азыр Кыргызстанда 140ка жакын кыргыз-түрк биргелешкен ишканалары бар. Негизинен Кыргызстанга инвестиция тартуу жагынан Түркия алдыңкы үч мамлекеттин катарында турат.
Дипломатиялык мамилебиз түзүлгөн чейрек кылымга жакын аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы бардык жагынан өнүгүүдө. Албетте, азыр дүйнөдөгү алдыңкы өнүккөн 20 мамлекеттин катарында бараткан, 2020-жылы алдыңкы ондуктун катарына кошулууга умтулган Түркия менен өнүгүү жолунда бараткан Кыргызстан бир гана экономикалык эмес, маданий-гуманитардык багытта да кызматташууга кызыкдар. Азыр Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен окуу жайлары менен өндүрүш ишканалары жана тейлөө тармактары ондоп саналат. Күн сайын Бишкек-Стамбул багытында 3-4, Ош-Стамбул багытында жумасына 3 ирет самолеттун учушу эле биздин ар тараптуу байланышыбыз жанданып бараткандыгынын белгиси. Азыр түрк ишкерлери Кыргызстанда ишмердүүлүк менен кеңири алектенгендей эле, кыргызстандык студенттер Түркиянын ар кайсы жогорку окуу жайларында билим алышып, кандидаттык, докторлук диссертацияларды жакташууда. Мындан тышкары өспүрүм курактагылардан тартып, жумуш издеген миңдеген мекендештерибиз Түркиянын туризм, тейлөө, өнөржай ишканаларында иштеп, жеке өздөрүнүн гана эмес, мамлекетибиздин да экономикасына салым кошуп жатышат
Арийне электроника менен интернеттин кылымы деп аталган азыркы заманда ар кандай эле мамлекеттер ортосундагы байланыш маалымат алмашуудан башталары белгилүү. Бул жагдайда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаш жетиштүү экендигинде шек жок. Ошондой болсо да биз жаңыланууга, өз ара тажрыйба алмашууга муктаж экендигибизди мезгил өзү талап кылууда. Ушул жагдайда быйыл август айында Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик «Кабар» агенттиги жана Түркиянын ТРТ телерадиокомпаниясынын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлушун эки мамлекеттин ММКларынын ортосундагы тарыхый окуя катары бааласак болот. Анткени, аталган эки маалымат каражаты бир гана өз ара маалымат алмашуу менен чектелбестен, мамлекеттик деңгээлдеги иш чаралар, эки өлкөнүн маданий, экономикалык жана башка кызматташтыгын кеңири чагылдырып турмакчы.
Андан тышкары "Кабардын" директору Кубанычбек Таабалдиев жана ТРТнын тышкы берүүлөр департаментинин жетекчиси Сулейман Эрдал кол койгон келишимге ылайык, кыргызстандык журналисттер ай сайын ТРТга келишип, иш тажрыйбадан өтүп турушмакчы. Өз кезегинде мындай ыкма кыргыз журналисттеринин кесипкөйлүгүн жогорулатып, Түркия тууралуу, бул жактагы окуп, иштеп жүргөн мекендештердин жашоосу жөнүндө көбүрөөк жана жеринде маалымат алууга шарт түзүүдө. Балким, келечекте Кыргызстандын ММКлары да Түркияда өз өкүлчүлүгүн ачып калар. Менимче бул багытта алгачкы кадамдар жасалууда.
«Кабар» менен ТРТнын ортосундагы кызматташуу келишимине оңой эле кол коюла калган жок. Анткени, ТРТ көптөгөн мамлекеттердин маалымат каражаттары менен кызматташтык келишимин түзсө да журналисттердин бир ай тажрыйба алмашуусуна Азербайжандан тышкары Кыргызстандын гана «Кабар» агенттиги менен КТРК жана ЭлТР компанияларынын сунушун кабыл алган. Бул дагы бир ирет биздин бир тууган, дос эл экендигибиздин далили. Өз кезегинде күн сайын ТРТнын "Түркия үнү" радиосунун жарым сааттык уктуруулары (Бишкек убактысы боюнча саат 15:30дан 16:00гө чейин КТРКнын 1-каналы жана Манас FM радиолорунан) эфирге чыгууда.
Аталган келишимдин түзүлүшүндө ТРТнын "Түркия үнү" радиосунун кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Асанбаевдин эмгеги ат көтөргүс. Анткени, анын өзү иштеген мекеменин жетекчилерине кадыр-баркы жогору болгондуктан жана кыргыз журналисттери Кыргызстанда эле жүрө бербестен, дүйнөлүк деңгээлде, эл аралык стандарт менен иштеген ТРТда бир ай жашап, иштеп, бул жердеги кесиптештеринен кесипкөйлүктүн сырларын үйрөнсүн, андан соң Түркиянын кантип өнүгүп жаткандыгын чагылдырып, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошсо деген изги тилегинен жаралып отурат. Албетте, Алмазбектин чейрек кылымга жакын Түркияда жашап, иштеп эле жүрө бербестен, жүрөгү дайыма Кыргызстан деп согуп, ай сайын ар бир журналистти аэропорттон тосуп алып, кайра узатып, дем алыш күндөрү Түркиянын кооз жерлерин кыдырткан, жашоо-шартына бардык шарттарды түзүп, ал тургай эмгек акысын төлөтүп бергенге чейин кам көргөн «аталык» мээрими жана адамкерчилиги өзүнчө сөз кылууга татыктуу. Ушундай мекенчил, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн жана ар бир мекендешин бир тууганындай жакшы көргөн адамдар көп болгондо гана Кыргызстан да Түркиядай өнүгүү жолуна түшөрүнө ишенич чоң.

Эмилбек Момунов

Анкара,Түркия 

"Кабар" маалымат агенттиги

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар