Бүткүл дүйнөлүк театр күнү

27-март, Бүткүл дүйнөлүк театр күнү.

283817
Бүткүл  дүйнөлүк театр күнү

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк театр күнү...
27-март, Эл аралык Театр Институтунун токтому менен 1962-жылдан баштап Дүйнөлүк театр күнү катары белгиленип келет. Бул күн театр чеберлери үчүн абдан маанилүү. Жандуу сахнанын жалындуу касиети жана таасири менен адамдарды жолугуштурган күчү жана кубанычы эч качан унутта калбайт жана четке кагылууга мүмкүн эмес.
Анадолуда курулган тарыхтын байыркы доорлорунда, эски шаарларга таандык бир топ театрларга кездешебиз. Мындан 2000 жыл мурун бул жер 5000 кишилик чакан шаар болсо да 5000 кишилик театрдын болушу менен кызыктуулугун сактайт. Ал мезгилде деле күнүмдүк көр тирликтеги чарчоо менен чаалыгуудан кутулуш үчүн адамдар бала бакырасы менен театрга чубашчу. Айрымдары көркөм трагедиялуу драмаларга кезиксе айрымдары комедиялуу театрдын негизги түрлүү жанрдык чыгармаларына туш болушчу. Адамзат алгачкы театр чыгармалары менен тарыхтын тереңдиктерин таанышат. Баян, уламыш, аңгеме түшүндүрүүчүлөрүнүн сөзү бара-бара жазууга өткөрүлүп, бүгүнкү учурга чейин жетет.
Тилекке каршы учурда, байыркы доордогудай шаар тургундары театрларга кайрыла алышпайт жана театрдын иши да ал мезгилден башкача. Калктын маданиятка маани берген бир бөлүгү гана театр көрүүчүсү болуп саналат. Тилекке каршы бир топ адамдар театрда жандуу чыгарма көрүүнүн ордуна үйлөрүнө даяр келген кино, сериялдар сыяктуу көңүл ачуучу мүмкүнчүлүктөр менен алек.
Борбору Парижде орун алган Эл аралык Театр Институту 1948-жылы ЮНЕСКО жана эл аралык театр коомчулугу тарабынан түзүлгөн. Анын максаты «тынчтыкты жана адамдардын ортосундагы ынтымак биримдикти чыңдоо, өз ара түшүнүшүүнү күчтөндүрүү жана сахна дүйнөсүндөгү адамдардын жараткан образдары аркылуу бири-бири менен кызматташуусун кеңири жайылтуу, ошондой эле сахна искусстволоруна байланыштуу маалыматтарын тажрыйбалап аны эл аралык абалда өнүктүрүү...»
Институт ушул максат боюнча Бүткүл Дүйнөлүк театр күнүндө улуттук жана эл аралык деңгээлде көп сандаган иш чаранын уюштурулуусуна жол башчылык кылат.
1962-жылдан бери Дүйнөлүк театр күнүнө арналып, сахналарда көркөм окулушу үчүн дүйнөгө таанылган искусство жана театр ишмерлери тарабынан атайын текст даярдалат. Эл аралык деңгээлдеги бул текст 20дан ашуун тилге которулуп, басма сөз каражаттарынын катышуусу менен беш континенттин ар тарабындагы көрүүчүлөргө жеткирилет. Ал текст 27-март күнү дүйнөдөгү көп сандаган театр ишмерлер тобунун салтанатында көркөм окулат.
1978-жылдан бери атайын улуттук билдирүү даярдалууда... 1977-жылы Стокгольмдо чогулган Эл аралык Театр Институтунун курултайында Түркия мамлекетинин сунушу менен ар бир өлкөнүн өз театры жана искусство ишмерлери тарабынан жазыла турган улуттук билдирүү жарыяланышы туура деп табылат.
Эл аралык Театр күнүнө карата жарыяланган польшалык режиссер Кшиштоф Варликовскийдин жазган макаласы:
«Театрдын чыныгы адистери көбүн эсе сахнадан алыс болушат. Ошондуктан калыптанып калган сөздөрдү кайталаган система салтты уланткан театр менен эч кандай тиешеси жок. Турмуштун ыргактарына ылайыкташкан алар. Алар жандуу булактарды жана жан эргиткен эргүүлөрдү театралдык залдан жана күндө чогулган көрөрмандардан алышып, кайра ал көрүнүштү өздөрүнө сиңирүү менен пайдаланышат. Биз көрөрмандардын талаш-тартышын жана эмоциясын көчүрүп алабыз бирок, өзүбүздүн жеке дүйнөбүз менен сезимибизди жаратпайбыз.
Мындай абалдарда жол көрсөтүүчүм адабият болуп саналат. Күнүм менен түнүм аралашат жана өзүмдү дээрлик жүз жыл мурдагы цивилизациябызды дагы эле гүлдөтүшү керек болгон караңгылыкка камаган мезгилде же Европа теңирлеринин кулашын кооптонуп караганын сездирген жазуучуларды ойлоп жатканда табам. Эсимде калгандар Франс Кафка, Томас Манн жана Марсел Проуст. Бүгүнкү күндө бул көрөгөчтөр тобуна Жон Максвелл Кутзеени да кошо алам...
Аты аталган жазуучулардын адам байланыштары модели катары биз жашап жаткан дүйнөнүн акырына, коомдук класс жана көтөрүлүүлөргө байланыштуу сезимтал мамилелери азыр да бардыгыбыз үчүн кадимки жол башчы. Кылынган кылмыштар, даяр күткөн медиа да ылдамдыгына жете албаган, күнүгө сапырылып, башка жерлерге жайылган согуштарга каршы туруштук бере алгандар ким болсо жалгыз ошол жашай алат. Бул, оттор бат эле кызыксыз болуп калат жана маалымат айдыңынан түбөлүккө жоголот. Биз кайра өзүбүздү чарасыз, коркок жана капканга кысылган сыяктуу сезебиз. Эми пилдин тишиндей мунараларды сала албайбыз, Атайылап күч жумшап курган дубалдар болсо бизди коргой албай жатат. Тескерисинче корголоого муктаж болгондор биздин жашоо энергиябыздын көбүн тартып алышат. Дубалдардын артында, каалгалардын сыртында эмне бар экенин караш үчүн бизде андай күч жок. Ошол үчүн театрдын бар болуусу зарыл жана ал ошол жерден күч кубат алат. «Айтымдар айтып түшүндүрө албаган нерселерди түшүндүрүүгө аракет кылат. «Анын башы чындыктын түбүнөн башталат жана түшүндүрө албас нерсе менен бүтөт» - деп бул сөздөрдү Кафка «Прометей жөнүндө жазылган айтымдарга таандык экенин айтат жана театрдын чындыгында кандай болушу керек экенин түшүндүрөт. Башын чындыктын түбүнөн баштаган жана айтып түшүндүрө алгыс нерселер менен бүткөн театрды мен сахна кызматкерлерине жана көрөрмандарга каалайм. Муну мен чын жүрөктөн тилейм!!!»
Театрды жашоонун анык күзгүсү катары кабыл алсак болот. Чыгарма жазган жазуучунун оюнда сөзсүз баатырдын кездеше турган жол ажырымы бар. Бул жол ажырымында тандоолору ар дайым көчөдөгү адамдардын чагылыштарын алып жүрөт. Муну канчалык ийгиликтүү жазса, ошончолук айткысы келген оюн таасирдүү жеткизет. Режиссер жана оюнчулар колдорундагы чыгарманы канчалык ийгиликтүү чагылдырса, көрүүчүгө орду толгус толкундануу туудурат. Жарык, үн эффекттери жана музыка коючу, режиссордун колунда баа берилиши көрүүчүлөрдүн улам көргүсү келген көксөөсүн камсыздайт.
Шекспирдин заманынан бери дүйнөнүн төрт тарабында пьеса жана проза жазуучулардын жараткан эмгектери эң көп тилге которулуп келет. Театр дегенде эң биринчи Шекспрдин ысымы эске түшкөн. Анын чыгармалары өлкөбүздө көп жолу сахналаштаралганына карабастан жаңы оюндары театр сүйүүчүлөр тарабынан сөзсүз жактырылып көрүлөт. Ромео Жульеттадан тартып Отелло, Король Лирге чейин учурубуздун жашоосуна карай бир белги чыгарууга болот.
27-мартты дүйнөлүк театр күнү катары белгилеп жатып, бүгүн алардын кубанычына биз да кошулуп, театр ишмерлерин бүгүн гана эмес ар дайым баалаганыбызды жар салабыз.
Дүйнөлүк театр күнүңүздөр куттуу болсун!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар