Евразияга сереп салуу-50

Путиндин Анкарага сапары.

151543
Евразияга сереп салуу-50

   Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Анкарага жасаган расмий иш сапары тууралуу сөз кылабыз.
   Орусиянын президенти Владимир Путин бир күндүк иш сапар менен 1-декабрь күнү Түркия-Орусия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйынына катышуу үчүн Анкарага келген. Жогорку деңгээлдеги иш-сапарда аны 10 министр коштоп жүрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн келечегине таасир эте турган маанилүү чечимдер кабыл алынып, чөлкөмдөгү маселелер да көз жаздымда калган жок. Тараптар бул иш сапардын жемиштүү болгонун билдиришти.
Макулдашылган келишимдердин айрымдары төмөнкүлөр;
1. Түркиянын энергетика жана табигый байлыктар министрлиги менен Орусиянын энергетика министрлиги ортосунда энергияны туура пайдалануу, аны үнөмдөө жана жаңылануучу энергетикалык булактар тармагында меморандум.
2. Түркиянын аталган министрлиги менен «Россатом» ишканасынын ортосунда атом энергиясы жана бул тармакта адис даярдоо боюнча меморандум.
3. Түркия-Орусия өкмөттөр ортосундагы экономика жана соода кызматташтыгы боюнча аралаш комиссиясынын 13-жыйыны тууралуу протокол.
4. Эки өлкөнүн экономика министрлери соода, экономика жана инвестиция тармагында кызматташуу боюнча орток билдирүү.
5. Түркиянын кичи жана орто ишканалар биримдиги менен Орусиянын экономикалык өнүгүү министрлиги ортосунда кичи жана орто ишканалардагы өз демилгелүүлүк боюнча меморандум.
6. Эки өлкөнүн Социалдык камсыздоо министрликтери ортосунда ишке орноштуруу, социалдык камсыздоо тармагында кызматташуу боюнча меморандум.
7. Эки өлкөнүн ортосунда юридикалык маселелерде кызматташуу боюнча да меморандум.
   Аталган документтерден байкалгандай Путиндин Анкарага иш сапары экономика жана энергетика жаатындагы келишимдерге бай болду. Түркия бийлиги 1-декабрь күнү «Аккуйу» атом электр станциясынын чөйрөгө тийгизе турган таасири боюнча отчётту чыгарып, Орусияга ыктады. Путин да кем калбай, «Түштүк агымдын» ордуна Карадеңиз аркылуу Түркияга келе турган жаңы табигый газ линиясынын курула тургандыгын билдирди. «Газпром» компаниясынын башчысы Алексей Миллер 6-декабрда «Түштүк агым» долбоорунун токтотулушу боюнча чечимдин 1-декабрда Анкарадагы жолугушууда кабыл алынганын жарыя кылды. Путин 2015-жылдан тартып Түркияга сатылган табигый газдын баасын арзандата тургандыгын билдирген эле.
   Эки өлкөнүн лидерлери пикир келишпестик жараткан Сирия, Ирак, Украина жана Крым өңдүү регионалдык маселелерге кайрылышкан жок.

  Урматтуу окурмандар, Путиндин Анкарага иш сапары тууралуу «батыштын санкцияларына каршы Орусиянын жасаган кадамынан» «Түркия батыштан алыстап бара жатат» дегенге чейин ар кыл пикирлер айтылды. Мындай иш сапарларда өлкөлөрдүн өз кызыкчылыктарын коргоосу маанилүү экендигин эске алсак, орус лидеринин Анкарага келишинен эки тарап тең пайда көрчүдөй. Владимир Путиндин мурдараак Анадолу кабар агенттигине берген интервьюсундагы «жаңы жетишкендиктерди издегени барам» деген сөзү ишке ашты көрүнөт.
Тараптардын регионалдык маселелердеги пикир келишпестиктерине карабастан пайдалуу кадамдар жасалып, экономикалык карым-катышты алдыңкы планга чыгарышы өрнөк катары көрсөтө турган иш-чара болуп калды. Дүйнө бөлүнүп-жарылууга карай бара жатканда, аймактын алдыңкы мамлекеттеринин мындай мамилелери «акыл эсин колдонгон акыр аягында ийгиликке жетет»,- деген сөзгө болгон ишенимди арттырды. Түркия менен Орусия ортосундагы экономикалык кызматташтыктын чыңдалуусу чөлкөмдөгү Карабах, Сирия сыяктуу маселелердин чечилишине да келечекте зор салым кошушу ыктымал.
   Грозныйда 6-декабрда акыркы мезгилдердеги эң кандуу кагылышуу болду. Рамзан Кадыров 19 адамдын өмүрүн алган окуянын башкы күнөөкөрү Түркияда жашынып жүргөн Ахмед Умаров экендигин айтып чыкты. Бирок бул окуянын эки өлкө ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизе тургандыгын айта албайбыз. Анткени Путин Анкара иш-сапарында ИШИМди батыш өлкөлөрү пайда кылганын баса белгиледи. Мындан сырткары Түркия менен Орусия узак убакыттан бери террорчулукка каршы кызматташып келе жатышканы белгилүү.
    Эки өлкө лидерлери 2023-жылга чейин 100 миллиард долларлык соода жүгүртүү керек экенин белгилешти. Азыркы шарттарга карап муну ишке ашырууга мүмкүн экенине ынанууга болот. Адистердин пикирлерине таянсак, логистикадагы квоталар же жалпылап айтканда соодадагы бюрократиялык тоскоолдуктардын жоюулушу, Крымда жаңы ачылган Эркин экономикалык аймактын эки өлкө ортосундагы соода тармагында жигердүү колдонулушу, Түркиянын Евразия Биримдиги менен керектүү келишимдерге кол коюшу жана эки өлкөдөгү бийлик өкүлдөрүнүн келечекте да прагматикалык саясатын улантуусу 100 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүүгө ыңгайлуу шарт түзмөкчү. Корутундулап айтканда Түркия бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түрк тектүү мамлекеттер жана Россия Федерациясындагы түрк, мусулман калктары менен эки тараптуу мамилелерин дагы да чыңдап алуусу шарт.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар