Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү

Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы 24-октябрда түзүлдү.

169337
Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү

Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү.


Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү.
Эл аралык уюмдардын түзүлгөн күндөрү чындыгында алардын кылган иштери эсептеле турган күндөр да болуп эсептелет...
Эң оболу эске сала кетели...

Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы 24-октябрда түзүлдү. Анын максаты дүйнөлүк тынчтыкты, коопсуздукту сактоо жана эл аралык экономикалык, коомдук жана маданий кызматташтыкты түзүү болуп саналат. Бириккен Улуттар Уюму өзүн «Адилеттик жана коопсуздукту, экономикалык өнүгүү жана социалдык теңдикти эл аралык аренада бардык өлкөлөргө камсыздоону максат кылып алган дүйнөлүк мекеме» катары аныктайт. Бириккен Улуттар Уюмунун келишими эл аралык мамилелерде күч колдонууну дүйнөлүк деңгээлде тыюу салган алгачкы келишим.
Уюмдун жаңы түзүлгөн жылдарында 51 болгон мүчө саны ушул убакта 190дон ашты. Уюм Нью-Йорктогу Башкы борбордон башкарылат жана мүчө өлкөлөр менен жыл сайын болуп туруучу жыйналыштар да ушул башкы борбордо өткөрүлөт.
Уюм структуралык жактан Башкы Ассамблея, Коопсуздук Кеңеши, Экономикалык жана социалдык кеңеш, Башкаруу кеңеши, Баш катчылык жана Эл аралык Адилеттик кеңешинен турат.
Бириккен Улуттар Уюму пикири эң оболу 2-Дүйнөлүк согуш аяктаганда согушту жеңип чыккан өлкөлөр тарабынан өлкөлөрдүн арасындагы түшүнүшпөстүктөрдү жоюп келечекте боло турган жана өз коопсуздуктарын коркунучка сала турган согушка бөгөт болуу максаты менен пайда болду. БУУнун коопсуздук кеңешинин болушу эске алынганда уюмдун дагы эле ушул максатын сактаганы айтыла алат. А бирок кеңештин турушу менен ишинин ортосунда чоң айырмачылыктар болгонун айтуу мүмкүн. Коопсуздук Кеңеши 15 өлкөдөн түзүлгөн болуп, бул мүчөлөрдөн беши туруктуу мүчө макамына ээ жана так вето кылуу укугу бар. Бул өлкөлөр; АКШ, Орусия, Кытай Эл Республикасы, Улуу Британия жана Франция. Коопсуздук кеңешинин токтом чыгара алышы үчүн 15 мүчөдөн тогузунун добуш бериши жана туруктуу мүчөлөрдөн эч биринин терс багытта добуш бербеши керек.
Бириккен Улуттар Уюмунун уставдарына ылайык Коопсуздук Кеңеши токтом чыгарып жатканда вето кылуу укугуна ээ болгон өлкөлөрдөн бири же бир канчасы добуш берүүгө катышпоосу бул өлкөнүн токтомду вето кылганы түшүнүгүн бербейт. Айрыкча туруктуу мүчөлөрдүн арсар болуп калуулары да ушундай эле жыйынтыкты берет.

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун куруучу мүчөсү катары тынчтык күчү жана тынчтыктын түзүлүшүнөн тартып дүйнөнүн төрт тарабындагы жакыр адамдардын жашоолорун жакшыртууга чейин уюмдун бир топ милдетинин орундатылышында маанилүү роль алууда. Уюмдун тарыхында дүйнөнүн ар башка аймактарындагы түшүнүшпөстүктөрдүн чечилишинде Түркия өз милдетин аткаруудан эч качан баш тарткан жок. Муну аткарып жатканда Бириккен Улуттар Уюмунун артында жаткан идеяга ишеничин ортого салды. А бирок акыркы убактарда Түркия эң бийик үнү менен айгайлап: «Бириккен Улуттар Уюму кайдасын!»-деп жатат.
БУУнун башкы ассамблеясынын 69-сессиясында сөз сүйлөгөн Президент Режеп Таййип Эрдоган глобалдык маселер үчүн БУУну милдетин аткарууга чакырып, «...Дагы көпкө кечикпестен, дагы көп карапайым адамдардын өмүрү кыйыла электе, глобалдык абийир дагы көп зыян тарта электе, Бириккен Улуттар Уюму маселелерге басымдуулугун көрсөтүшү зарыл. Астын сызып баса белгилей кетким келет; дүйнө 5тен чоң. Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу 5 өлкөсүнүн дүйнөдөгү чындыктарга шайкеш келбегидей түрдө БУУну таасирсиз кылышы, глобалдык абийирдин кабыл ала турган нерсеси эмес»-деп айтты.

Түркияны кыжалат кылган абал негизинен дүйнөнүн калган бөлүгүн да кыжалат кылган чындыктан келип чыгууда. 5 өлкөнүн кандайдыр бир түрдө дүйнөнүн атынан акыркы сөздү сүйлөө ыйгарым укугуна ээ болушу дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө болгонундай эле Түркияны да кыжалат кылууда. Түркиянын айырмасы бул кыжалат болуусун эң жооптуу кишиси аркылуу сөз кылып жатканында...
2-Дүйнөлүк согуштан кийин ал убактын чоң күчтөрү түзгөн тартип дүйнө калктарынын кызыкчылыктарын көздөбөгөн сыяктанат. Өзгөчө жаштары 40тан жогору болгондор абдан жакшы эстей турган Палестина маселесинде Бириккен Улуттар Уюмунун процесси мындай жыйынтыктала алат.
Израилдин Палестинанын жерлерин басып алуусу жана бул жерлерде жашаган адамдарга каршы ашкере күч колдонушу, коңшу өлкөлөрдөн күчкө салып жерин басып алуулары акыры барып Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясында күн тартипке келет. Андан соң Башкы Ассамблеядан айыптоо токтому чыгартылганга аракет кылынат. Бирок ар дайым бирдей жыйынтык чыкканына күбө болушат. Башкы Ассамблеянын чыгарган токтомун Израиль мамлекети тааныбаганын жарыялайт. Ошондо бул токтомдун эч мааниси жок болот.
Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде болсо вето укугуна ээ болгон 5 өлкөнүн кызыкчылыктарына терс түшкөн чечим чыгаруу мүмкүн эмес.
Анда президент Эрдогандын мындан мурда премьер-министр болуп турганда сураган суроосу чындап эле жооп берилиши татаал суроого айланууда. Бириккен Улуттар Уюму эмне үчүн түзүлгөн?
Дүйнөнүн согуш, террор жана жакырчылыктын астында эзилген адамдары бул суроону күнүгө сурап жатышат, бирок аларды уккан эч ким жок.
Түркия республикасынын президенти сөз кылганда да ушундай болдубу же дүйнөнүн калган өлкөлөрү эми бир нерсе кылуунун убагы келгенин ойлоп ой-пикирлерин кыймылга айландырышабы?
Бара көрөбүз....
Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнүнө арналган программа.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар