Түркия жана дүйнө күн тартиби - 84

Түркиянын Газа саясаты

83863
Түркия жана дүйнө күн тартиби  - 84

Израилдин Газага жасаган кол салууларына карата эң катуу каршылык көрсөткөн өлкөлөрдүн бири Түркия болду. Түркиядан, дээрлик бардык бөлүктөрдөн Израилди айыптаган билдирүүлөр жасалды. Расмий –расмий болбогон, өкмөт - оппозиция, оңчул – солчул, улутчул - исламчыл болуп бардык бөлүктөрдөн топтор Израиль кол салууларына каршы билдирүүлөрдү жасашып, митингдерди өткөрүштү. Албетте булардын арасында эң негизгиси Түркиянын Израиль менен Хамастын ортосунда ок атууну токтотуу тууралуу активдүү жүргүзүлгөн дипломатия эле.
Тышкы иштер министри Давутоглу керек болсо эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен керек болсо Париждеги эл аралык жыйынга катышуу менен ок атууну токтотуу үчүн аракет кылды. Бул процессте Түркиянын саясаты төмөнкүдөй болгон : ок атуулар токтотулуп, Израиль аскерлери Газа жерлеринен чыгып жана керектүү эл аралык укуктук эрежелер ишке ашуусу керек. Бул баскычта ачыкча айтылуусу керек болгондор жана бул эрежелерден эң негизгилери төмөнкүлөр : Израилдин Газага жасаган эмбарго жана изоляциясы соңуна чыгып, Газа калкы шайлаган Хамас башкаруусунун Палестина башкаруусунда орун алуусуна уруксат берилүүсү керек, эки мамлекеттүү чечүүчү жол формуласы ишке ашып жана Израилдин бул эрежелерге баш ийүүсү керек.
Түркиянын Газа саясатына Израиль мамлекети жана Израиль жактоочусу болгон мамлекеттер каршы чыгышууда. Түркиянын Хамасты жана Палестинаны жактоосу кээ бир мамлекеттердин, саясатчылардын тынчын алууда. Түркия тууралуу жасалган сындардын канчалык даражада чынчыл жана туура экенин талкуулоо керек. Түркия Хамаска жана палестиналыктарга эмнеликтен жардам берип жатат? Жалпысынан Түркиянын Газа жана Палестина саясаты эмне?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.
Түркия Хамаска жана палестиналыктарга ачык жана күчтүү түрдө колдоо берүүдө. Бул колдоонун тарыхый негиздери 1960 – жылдарга чейин барып, социалдык жана саясий негиздери Түркияга таянат. Түркияда Израиль – Палестина маселеси боюнча ар башка ойлонгондор болсо да жалпысынан күчтүү колдоо бар. Түркия өкмөтү жана коом; Израилдин Палестина жерлерин басып алуусуна каршы туруп, Палестина мамлекетинин курулушун каалап, бардык адам укуктарынын бузулушун, Иерусалим сыяктуу ыйык жерлердин басылып алынуусун жана ар түрдүү террорду айыптаган.
Түркиянын бул саясаты бир гана диний, маданий жана тарыхый себептерге эмес, андан да маанилүүсү эл аралык укуктук жана нормаларга таянууда. Түркия бүткүл дүйнө билген, бирок ишке ашыра албаган БУУнун чечимдеринин ишке ашуусун жактап жатат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин башта 242 жана 338 – чечимдери болуу менен бардык чечимдеринин жазылып эле калбастан ишке ашырылуусу керектигин жактап жатат. Түркия бул чечимдердин алкагында Израиль басып алган Палестина жерлеринен чыгуусун, мыйзамсыз отурукташуулардын токтотулуусун, күнөөсүз кишилердин эркин кое берилүүсүн жана укуктук эрежелерине ылайык Палестина мамлекетинин курулушун жактап жатат. Ушул алкакта Түркия 1978 – жылы Палестина башкаруусуна Анкарада элчилик ачуу уруксатын берген. 1988 – жылы Сүргүндөгү Палестина мамлекетин тааныган биринчи мамлекет болгон, 1993 – жылы башталган Араб - Израиль тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоп жана акыркы жерде Газанын эркиндиги үчүн иштеген. Ошол эле учурда кабыл алуу керек Түркиянын Палестина саясаты акыркы 10 жылдагы Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын өкмөтү дагы күчтүү кыймыл көрсөттү. Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын өкмөтүнүн саясаты абдан жөнөкөй укуктук негизге таянууда. Эл аралык коом жактагандай эл аралык укук жана келишимдердин алкагында эки мамлекеттүү чечүүчү жол түзүлүшү керек. Тактап айтканда Израиль мамлекетинин жанында чыныгы Палестина мамлекети курулушу керек. Баары кабыл алгандай бул мамлекеттин өлкөсү болуусу керек, демократияга таянган башкаруусу болуп, калктын эрки мамлекеттин чечимдерине чагылуусу керек жана мамлекеттин чектери менен эгемендик укуктары бузулбашы керек.
Андай болсо Палестина мамлекети бул өзгөчөлүктөргө ээби? Тилекке каршы андай эмес? Палестина өлкөсү Израилдин кол салуусу астында. Демократиялык метод менен шайланган Хамасты Израиль жана Батыш тааныбай жатат. Калктын эркине көңүл бурулбай жатат. Палестинанын чектери жана эгемендиги болсо жок деп саналууда. Бардык бул маселелердин себеби, палестиналыктардын өздөрү болсо да абдан чоң өлчөмдө Израиль жана эл аралык коомдун жаңылыш саясаттары. Түркия ушул себептердин экөөсүн тең байкап билип турат. Тактап айтканда Түркия палестиналыктардын өз араларындагы маселелерди чечүүгө аракет кылып жана Израилдин жаңылыштыктарын жана мыйзамсыз кыймылдарын сынга алууда. Түркия Хамасты таанууда жана анын Аббас башкаруусу менен макулдашуусуна жана биргелеше өкмөт куруусун колдоп жатат. Бир тараптан Израиль басып алган жана жаңылыштыктарын дүйнөгө жарыялап жана маселени чечүү үчүн аракет кылууда. Аракетинин жеткен жери 2010 – жылдагы «Мави Мармара» окуясына карата саясаты. Түркия «Мави Мармара» окуясында Израилдин Газага эмбарго жана изоляциясын тынчтык жолу жана жарандык метод менен чечүүгө аракет кылган. Бирок билгениңиздердей бул саясат Израилдин аскердик жолдор менен жооп берип жарандарды өлтүрүүсү менен ийгиликсиз болгон.
Тилекке каршы Түркиянын 10 жылдык Палестина жана Газа саясаты «Мави Мармара» окуясы жана акыркы жылдардагы Жакынкы Чыгыштагы абалдардын кысымы астында калган. Оболу Түркиянын Израилге карата дипломатиялык таасири азайган. Бирок өзгөчө араб жазынын ийгиликсиз болушу жана Сирия , Ирак, Египет, Ливиядагы тескери абалдар Түркиянын Палестина жана Газа саясатына тескери таасир берген.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар