Илим жана маданият көпүрөлөрү - 11

Кыргыз - Түрк "Манас" университети

76645
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 11

Советтер Союзу кыйраганда Түркия мамлекети Орто Азиядагы түрк тектүү мамлекеттердин боордошу катары маанилүү кадамдарды жасаган. Түркия Республикасы түрк тектүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүн эң алгачкылардан болуп тааныган өлкө болгон. Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 16-декабрында тааныган. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 1991-жылдын 22-декабрында Анкара шаарына Түркия Республикасынын президенти Тургут Өзалдын чакыруусу менен келген. Эки өлкөнүн президенттери 24-декабрда Анкарада «Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндө» келишимге кол коюшкан. Дал ушул келишимдин негизинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орногон. Ушундан көп өтпөй эле Түркия өкмөтү Бишкекте өз элчилигин ачуу чечимин кабыл алган. Түркиянын ошол мезгилдеги премьер-министри Сүлейман Демирел Бишкекке жасаган эң биринчи расмий иш сапарында, 1992-жылдын 29-апрелинде Түркиянын Бишкектеги элчилигин салтанаттуу түрдө ачкан. Ал эми ушул эле жылы октябрда Анкарада Кыргызстандын элчилиги ачылып, иштей баштаган. Бул Кыргызстандын чет өлкөдөгү биринчи дипломатиялык өкүлчүлүгү болгон. Ошентип 1990-жылдардын биринчи жарымында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык байланышы түптөлгөн. Ал эми 1990-жылдардын экинчи жарымында эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыгы ылдам түрдө өнүккөн, эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына төп келген келишимдер түзүлгөн. Түркия Кыргызстан менен билим берүү жаатында кызматташууга чоң маани берген. Түркиянын бул багытта жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында 1995-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин пайдубалы түптөлгөн. Кадырлуу угармандар, бүгүнкү сөзүбүз дал ушул Кыргыз-түрк «Манас» университети тууралуу болмокчу.

Баарыбызга маалым болгондой, 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы дүйнөлүк масштабда белгиленген. Ошол жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын өкмөттөрү Измир шаарында «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимге» кол коюшкан. «Манас» университети 1997–1998 окуу жылынан тарта студенттерге билим бере баштаган.
Бүгүнкү күндө университетте 9 факультет, 5 жогорку мектеп жана 2 институт бар. Университетте билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Бөлүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүнө жараша англис, кытай, орус тилдери да үйрөтүлөт. 2013-жылдагы маалыматтарга таянсак, «Манас» университетинде дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген 4 миң 633 студент билим алууда. Студенттердин жалпы санынын 85 пайызын Кыргызстандын жарандары, 10 пайызын Түркиянын жана 5 пайызын жакынкы жана алыскы чет өлкөнүн жарандары түзөт. Баса белгилей кетчү нерсе, «түрк тилдүү мамлекеттердин ошондой эле боордош элдердин илим-билимге умтулган жаштарынын бир чатырдын алдында билим алуусуна шарт түзүү» университеттин башкы миссиясы болуп саналат. Ошондуктан «Манас» университетинин башкаруу кеңеши Кыргызстан менен Түркиянын жарандары менен бирге дүйнөдөгү башка түрк тилдүү элдердин өкүлдөрүн да университетке кабыл алып, окутууга чоң маани берет.
Кыргыз-түрк «Манас» университетинин мурдагы ректору Сулайман Кайыпов «Манас» университетин Орто Азиядагы жаңы типтеги, жаңы модель университет деп бекеринен мүнөздөбөсө керек. Университеттин бардык факультеттеринин өзүнө жетиштүү жаңы технологиялар менен жабдылган дарсканалары жана илимий-практикалык иштер үчүн заманбап лабораториялары бар. Университеттин китепканасы электрондук окуулуктар, медиа каражаттары менен камсыздалган. Жалпысынан алганда миң орундуу 4 окуу залынан жана 78 миң 719 нуска китептен турат. Университет 3-курстун студенттерине Түркиянын эң алдыңкы мамлекеттик жана жеке менчик мекемелеринде, банктарында жана фирмаларында, практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдө. Кыскасын айтканда Кыргыз-түрк «Манас» университети учурдун талабына ылайык илим менен технологияны айкалыштыра алган, эл аралык деңгээлде иш талаптарына жооп берген заманбап мыкты адистерди даярдап келе жатат. Статистикалык маалыматтарга караганда, 2013-жылга чейин «Манас» университети 2 миң 984 студентти уядан учурду. Бул бүтүрүүчүлөрдүн 88 пайызы ишке орношту, ал эми 5 пайызы жеке менчик ишканасын ачты. «Манастын» бүтүрүүчүлөрү дүйнөдөгү 27 өлкөдө эмгектенип жатышат.

Урматтуу окурмандар, азыр болсо Кыргыз-түрк «Манас» университетинин өзгөчөлөнгөн тарабы жана бул университеттин түрк дүйнөсүнүн илим-билим жана маданиятына кошкон салымы тууралуу учкай сөз кылабыз.
Кыргыз-түрк “Манас” университети Түркия өкмөтүнүн эл аралык келишим менен чет өлкөдө ачкан экинчи университети болуп саналат. Түркия өкмөтү чет өлкөдө эң биринчи Ахмет Ясави атындагы университетин ачкан. 1992-жылдын 31-октябрында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Анкара шаарындагы жыйынында Казакстан менен Түркиянын өкмөттөрү Казакстандын “Түркистан шаарында Кожа Ахмет Ясави атындагы казак-түрк эл аралык университетин ачуу боюнча эл аралык келишимге” кол коюшкан. Мындан 3 жыл өткөндөн кийин Кыргыз-түрк “Манас” университети негизделген. Кийинчерээк түркиялык ишмерлер тарабынан дүйнөнүн төрт тарабында жеке менчик университеттер ачыла баштаган. “Манас” университети бир гана Түркиянын эмес, Кыргызстандын да “мамлекеттик” деген статустагы университети болуп эсептелет. Бул университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдору эки өлкөдө тең бирдей таанылат.
Кыргыз-түрк “Манас” университетинде студенттердин баары бюджеттик негизде окушат, ошондой эле ай сайын стипендия алышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө студенттерге мындай шарттарды түзүп берген окуу жайлар саналуу гана десек жаңылышпайбыз.
Кыргыз Республикасынын билим берүү министри Канат Садыковдун билдирген маалыматына караганда 2011-2013-жылдар аралыгында «Манас» университетин өнүктүрүүгө Түркия өкмөтү 52 миллион 696 миң доллар бөлгөн. Бул каражаттар негизинен университеттин Чыңгыз Айтматов атындагы студенттер шаарчасындагы объектилердин курулушуна каралган. Университеттин студенттер шаарчасы толугу менен бүткөрүлсө, Орто Азиядагы эң алдыңкы илим-билим борбору болоору шексиз.
«Манас» университети ачылган күндөн баштап эле университеттин жамааты түрк дүйнөсүнүн илим-билим жана маданиятына пайдалуу иш-чараларды жүзөгө ашырып, керектүү илимий эмгектерди жаратыш үчүн болгон күчүн жумшап келе жатат. Мисалы, университеттин “Түрк цивилизациясын изилдөө борбору” тарабынан түрк цивилизациясы боюнча байыркы түрк жазуулары, архивдик материалдар изилденип, “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары”, “Түрк цивилизациясы жана мамлекеттик салты” сыяктуу сыяктуу китептер даярдалып басылды.
«Манас» университетинин магистрант жана докторанттары да түрк дүйнөсүнүн билим чөйрөсү үчүн маанилүү болгон илимий изилдөөлөрдү ишке ашырышууда.
«Манас» университетинин коммуникация факультети болсо 90-жылдары сенек болуп калган Кыргыз кинематографиясын кайрадан жандандырды. Дал ушул факультеттин студенттери мыкты тасмаларды жана мультфильмдери жаратып, эл аралык конкурстарда жана фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келе жатат. «Манас» университетин Кыргызстандын эл аралык аренадагы сыймыгы деп мүнөздөсөк болот.
Программаны обого даярдагандар - Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.

Адабияттар:
1. Ali Faik Demir, “Sovyet Sosyalist Cumhuriyetler Birliği Sonrası Türkiye ile Orta Asya Arasındaki İlişkiler ve Bu Konuda Etkili Olan Faktörler”, Stratejik Araştırmalar Dergisi, Sayı: 2, Yıl: 1 Eylül 2003, Ankara, s. 161-179.
2. Aynur Coşkun, Türkiye Cumhuriyeti'nin Avrasya Ülkeleriyle Olan Diplomatik İlişkileri (1991-1995), bilig Dergisi, Sayı: 2, Yaz 1996, Ankara, s. 23-34.
3. Б. Турдалиева, «Кыргызстан жана Түркия XXI кылымда», http://www.erkintoo.kg/news2612, жүктөп алуу датасы: 06.03.2014.
4. « Эгемендүүлүктүн 20- жылында Кыргызстан - Түркия мамилелери » аттуу симпозиуму, http://manas.edu.kg/index.php/kg/home/1701-bamszlnn-20-ylnda-krgzistan-ve-tuerkiye-likileri-sempozyumu-yapld, жүктөп алуу датасы: 06.03.2014.
5. Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi: Yenilikler, Yeniden Yapılanmalar ve Gelişmeler (Şubat 2010-Haziran 2013), http://manas.edu.kg/temp/gelismeler_tr_son.pdf, жүктөп алуу датасы: 06.03.2014.
6. Кыргыз- Турк "Манас" Университети: Студенттин маалымат китепчеси, http://manas.edu.kg/docs/El%20Kitabi%202011%20KG.pdf, жүктөп алуу датасы: 06.03.2014.
7. «Миссиясы», http://manas.edu.kg/index.php/kg/university/missiya, , жүктөп алуу датасы: 06.03.2014.
8. «Тарыхы», http://manas.edu.kg/index.php/kg/tarih, жүктөп алуу датасы: 06.03.2014.

9. Nur Kırmızıdağ, Bekir S. Gür, Türker Kurt, Nevfel Boz, Yükseköğretimde Sınırötesi Ortaklık Tecrübeleri: Rapor, Ankara, 2012.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар