Евразияга сереп салуу-26

ТүркПАнын бешинчи жыйыны өттү.

112221
Евразияга сереп салуу-26

Урматтуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын бешинчи жыйыны жана бул ассамблеянын иш-чаралары тууралуу сөз кылабыз.
Кадырлуу окурмандар, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын бешинчи жыйыны 2014-жылдын 12-13-июнь күндөрү Азербайжандын борбор шаары Бакуда болуп өттү. Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин төрагасы Октай Асадовдун эгедерлигинде өткөрүлгөн жыйынга Казахстан парламентинин төрагасы Кабибулла Жакупов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Түркия парламентинин төрагасы Жемил Чичек катышышты. Жыйынга түрк республикаларынын орток уюмдары болгон Түрксой, Түрк кеңеши, Түрк академиясы жана Карадеңиз экономикалык кызматташтык Парламенттик ассамблеясы сыяктуу эл аралык байкоочу курулуштардын өкүлдөрү катышышты. Венгрия улуттук парламентинин төрагасынын жардамчысы Сандор Лезсак дагы жыйынга конок катары катышты.
Жыйында негизинен ТүркПАнын иш-чаралары каралды. Ассамблеянын Социалдык, маданий жана гуманитардык мамилелер, Эл аралык байланыштар, Экономика, соода жана каржы маселелери жана Укук маселелери боюнча комиссияларынын түзүлүшү кайрадан каралып жактырылды. Мындан сырткары, Экология жана табигый байлыктар комиссиясы курулду. Азербайжанда өткөн жылы болуп өткөн президенттик шайлоого, байкоочу катары катышкан комиссиянын рапорту окулду жана ТүркПАнын 2005-жылдагы бюджети жактырылды.
ТүркПАнын орток чечими менен Венгрия парламентине байкоочу статусу берилди. Жыйын соңунда Баку декларациясы кабыл алынды. Баку декларациясында Мусулдагы окуялар айыпталып, барымтадагы кишилердин бошотулушу талап кылынды. Декларацияда ассамблеяга мүчө мамлекеттер ортосунда террор жана кылмыштуулукка каршы кызматташтык, Армения менен Азербайжан ортосундагы Тоолу Карабах маселесинин Азербайжандын территориалдык бүтүндүгүнүн сакталып чечилиши сыяктуу орток көйгөйлөргө орун берилди.
Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы 2008-жылдын 21-ноябрында Стамбулда жайгашкан Долмабахче сарайында Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн эгедерлигинде Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан жана Түркия республикаларынын парламенттеринин төрагалары кол койгон келишим менен түзүлгөн. Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын биринчи пленардык жыйыны 2009-жылдын 29-сентябрында Баку шаарында өткөрүлгөн. Бул жыйында ТүркПАнын уставы, башкы катчылык маселелери такталган. Кабыл алынган Баку декларациясында ТүркПАнын башкы кеңсесинин Бакуда жайгаша турганы белгиленген. ТүркПАнын алгачкы башкы катчысы болуп төрт жылга Рамил Хасанов шайланган. Анкара шаарында 2013-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн ТүркПАнын төртүнчү пленардык жыйынында Жандос Асанов уюмдун жаңы башкы катчысы болду.
Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сунушу менен курулган ТүркПА эл аралык аренада анчалык таасирдүү көрүнбөгөнү менен Евразия аймагындагы мамлекеттердин өз ара интеграциясы үчүн маанилүү роль ойной турган бир ассамблея десек жаңылышпайбыз. Аймакта келечекте интеграциялык биримдиктер курула турган болсо анын укуктук пайдубалы ТүркПА сыяктуу уюмдардын иш-чаралары натыйжасында болоору анык. Ушундан улам Өзбекстан менен Түркменстан ТүркПАга эң кыска убакта мүчө болушу керек. Ушул эки өлкө ТүркПАга мүчө болгондон кийин уюм толук кандуу түрк тилдүү мамлекеттердин орток уюмуна айлана алат.
ТүркПАга мүчө мамлекеттер алгач укук жана бажы тармактарында биргелешип иш алып баруу үчүн аракет кылуулары керек. Түрк тектүү мамлекеттердин эл аралык аренадагы эң орчундуу маселеси болгон орток тышкы саясат жүргүзүү маселесинин алгачкы кадамдары ТүркПАда жасалса болот. ТүркПанын негизги максаттарынан болгон Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүк маселеси эл аралык жолугушууларда бат баттан көтөрүлүп турушу абзел.
Ассамблеянын комиссияларында түрк тилдери күнүн белгилөө талкууланууда. Белгилей кетчү жагдай, алгач уюмдун расмий интернет баракчасы башкаларга үлгү болчудай даражада толукталышы керек. «Түрк тилдүү мамлекеттерге» тиешелүү расмий интернет сайттагы документтердин түрк тилдериндеги толук эмес. Документтердин англисчелеринин дээрлик баары бар. Бул жагдай уюмдун келечектеги тил саясаты боюнча тынчсыздануу жаратчудай.
ТүркПА иш-чараларын комиссиялар менен гана чектебестен ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп уюмга мүчө мамлекеттердин депутаттарынан жардам алып уюмдун аброюн көтөрүшү керек. Түрк тектүү мамлекеттердин эң маанилүү көйгөйлөрүнөн болгон демократиялык абал көпчүлүктүн жигердүү иш-алып баруусу натыйжасында ишке ашат. Ассамблея жарандык коомдор менен тыгыз иш алыр барса аябай пайдалуу болчудай.
Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Жогорку кеңешке «Демократия боюнча өнөктөш» статусун берди. Ассамблеянын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүү үчүн мүчө парламенттерди мындай иш-аракеттерге шыктандыруу абзел.
Аралык курулуштардын келечеги негизи алардын канчалык жигердүү иш алып барганына байланыштуу. Азыркы шарттарда ТүркПА үчүн 5 жыл бир тараптан узун, бир тараптан кыска бир мөөнөт десек болот. ТүркПАнын буга чейин жасаган иш-чаралары анын келечекте мындан да чоң иштерди жүзөгө ашыра турганына болгон ишенимди тастыктоодо.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар