Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-16

93050
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-16

Түркия үнү радиосунда Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркиянын саламаттык сактоо туризми темасындагы потенциясын түшүндүрөбүз.
Альтернативалык туризмдин түрлөрүнөн бири болгон саламаттык сактоо туризми акыркы мезгилде абдан өнүгүп баратат. Дарылануу максатында учакка түшүп башка өлкөгө барган адамдардын саны эми көбөйдү. Буга байланыштуу да саламаттык сактоо туризми секторунун соода көлөмү учурда 100 миллион доллардан ашты. Негизи бул сектордун бүтүндөй дүйнөдө ылдам түрдө өнүгүүсүнүн ар кандай себептери бар. Көптөгөн өлкөдө эстетикалык түрдө тиш, чач көчүрүү сыяктуу дарылоолордун социалдык камсыздоодон тышкары болушу ушул себептерден биринчиси болуп саналат. Экинчиси күтүү мөөнөттөрү. Канада жана Англияда өтө шашылыш жасалуучу операциялардан тышкары оорулуулар дарылануу үчүн бир жыл же эки жылдай күтүшөт. Ал эми эң маанилүү себеп болсо арзан болушу. АКШда 125.000 доллар болгон by-pass операцияларынын Мексикадагы баасы 30.000 доллар.
Жашоо мөөнөтүнүн узарышы, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү ооруканалардын Эл аралык стандарттарга ылайыктуу деген документтерди алуулары жана ушундайча оорулуулар үчүн ишенимдүү абалга айлангандары да саламаттык сактоо туризминин өнүгүүсүндөгү башка себептер болуп саналат.

Албетте акыркы мезгилде ылдам түрдө өнүгүп бараткан маалымат технологияларын да эске алуу керек. Компьютер аркылуу эми дүйнөнүн кайсы жеринде, кайсы доктур кайсы операцияны канчага жасап жатканын, операция болгон оорулуулардын жыйынтыгына канагаттанып же канагаттанбагандарын бир канча мүнөттүн ичинде биле аласыздар. Ошондуктан эң аз каражат төлөнгөн эң мыкты тейлөө кайсы жерде табылса, дароо ал жакка аттанган адамдадын саны да барган сайын арбып баратат. 

Түркия акыркы жылдарда саламаттык сактоо туризмине карай бет алган эл аралык оорулуулар тарабынан эң көп тандалган өлкөлөрдөн бири болуп саналат. 2012-жылдагы көрсөткүчтөргө караганда Түркия саламаттык сактоо тармагында дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсүнүн ичинде жетинчи орунду ээлейт. Алгачкы алты орунда болсо кезеги менен Таиланд, Мексика, АКШ, Сингапур, Индия жана Бразилия турат. 2012-жылы Түркияда дарыланган чет элдик оорулуулардын саны болсо 270.000 болду. Акыркы 10 жылда 94 башка өлкөдөн оорулуулар дарылануу үчүн Түркияны тандашкан. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда Түркияга эң көп Германия, Нидерландия жана франциялык оорулуулар келишти. Оорулуулардын дарылануу үчүн Түркияны тандоолорунда болсо саламаттык сактоо тейлөөлөрүнүн сапаттуу болушу, климаттык шарттардын ыңгайлуулугу, эс алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн көп болушу, кыска мөөнөткө күтүүлөрү жана албетте саламаттык сактоо тейлөөлөрүнүн арзан бааларда болушу таасирдүү болгон. Эстетикалык хирургия, көз оорулары, тиш оорулары, ички оорулар жана кардиология болсо эң көп талап кылынган бөлүмдөр катары катталган.
Түркия үнү радиосунда Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Түркия саламаттык сактоо туризминде аймагында потенциясы жогору болгон өлкөлөрдөн бири болуп саналат. Чет элдик оорулуулар Түркияга жеке эле медициналык жактан дарылануу максатында келишпейт. Жыл сайын көптөгөн туристтер термалдык жайларда да эс алып кетишүүдө. Анткени Түркия акыркы технология менен жабдылган саламаттык сактоо борборлору менен катар көп сандаган термалдык жайларга да эгедер. Маанилүү геотермалдык аймакта да орун алган Түркия геотермалдык булактары жана потенциясы жагынан дүйнөдөгү алгачкы жети өлкөнүн арасында орун алууда. Түркиянын бардык аймагында 20 градустан 100 градуска чейин жеткен 1500 геотермалдык булак бар. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр өлкөдөгү термалдуу суулардын агымы, жылуулугу ар түрдүү физикалык жана химиялык өзгөчөлүктөрү менен жогорку сапаттуу экендигин көрсөтүүдө.
Түркиянын бул геотермалдык байлыктары жыл сайын дагы көп туристтин термалдык жайларга келүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Келгендердин көпчүлүгү европалык улгайып калган туристтерден турат. 2000-жылдарда калкынын санынын 17 пайызы 65 жаштан жогору болгон Европада бул сандын 2025-жылы 20 пайызга жогорулай турганы божомолдонууда. Керек болсо дарылануу керек болсо ден-соолугун чыңдоого муктаж болгон бул улгайып калган калк термалдык жайларды тандашууда. Климаттык шарттардан улам өзгөчө ревматизм оорулары көп кездешилген Түндүк Европа жана Скандинавия өлкөлөрүндө бул борборлорго талап дагы көп болууда.
Түркия климат, маданият жана тажрыйба мүмкүнчүлүктөрү менен ушул өлкөлөрдөн келгендер үчүн өтө ыңгайлуу альтернатива катары эсептелүүдө. Норвегия, Дания, Швеция, Германия жана Нидерландиядагы кээ бир менчик социалдык камсыздандыруучу фирмалардын Түркиядагы термалдык дарылоо акыларын камсыздоолору да термалдык жайлардан пайдаланган туристтердин санынын жыл сайын дагы да көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө.
Түркияда Маданият жана туризм министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги термалдык туризмдин өнүктүрүлүшүнө жана Түркиянын геотермалдык потенциясынын дагы жакшы пайдаланылышына атайын маани беришүүдө. Бул максат боюнча термалдык комплекстердин көбөйтүлүшү, учурдагы комплекстердин жаңыланышы максаты менен бир топ иштер аткарылууда. Бул тармактын максаты 15 миллион туристти тосуп термалдык туризмде Европанын алдыңкы өлкөсү боло алуу...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар