Билим жолунда-5

63460
Билим жолунда-5


Ар ким издеген маалыматына эң ылдам, эң жеңил жана эң ишеничтүү түрдө жетүүнү каалайт. Түркияда билим алгысы келгендер ала турган маалыматтар ТРТ Түркия үнү радиосунда...

Билим жолунда программасынын экинчи аялдамасы Жогорку билим берүү кеңеши. Университеттерибиз туурасында кеңири маалымат берүүдөн мурда бардык университеттерди координациялаган мекемеге барып 2011-жылдан бери мекеменин төрагасы болгон профессор др. Гөкхан Четинсая менен репортаж жасадык. Урматтуу Четинсая биз менен эмнелерди бөлүшкөнүн көрөлү:

«Жогорку билим берүү кеңеши Түркиядагы бардык жогорку билим берүү мекемелеринин университеттердин пландоосу, координациясы, түзөтүүлөрү жана текшерилүүсү боюнча жооптуу. Окутуучулар тууралуу түзөтүүлөр, орундар, факультет жана бөлүм ачууга байланыштуу түзөтүүлөр кеңешибиз тарабынан жүргүзүлөт. Ушул жагынан алганда биз чындыгында Түркиянын аккредитация берүүчү кеңеши болуп саналабыз. Түркияда окуучу ала турган бардык программалар жана иштеп жаткан бардык окутуучулардын өзгөчөлүктөрү биз тараптан текшерилет жана кандайдыр бир сапат белгиси берилет».

Төрага Гөкхан Четинсаяга андан кийинки сурообуз эл аралык окуучулар жана бул тармактагы иш-чаралар тууралуу болду:

«Биздин Түркия катары, Жогорку билим берүү мекемеси катары алдыбыздагы жылдарда эң маанилүү максатыбыз эл аралык абалга жетүү. Учурда глобалдашкан доордо жашап жатабыз жана глобалдашкан доордо университеттердин, өлкөлөрдүн эң маанилүү максаттары жогорку билим берүү системаларын эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Бул да албетте эл аралык окуучулар менен таанышуу, аларга Түркияда меймандостук көрсөтүү менен болот. Дүйнөдө канчалык көп эл аралык окуучу түрк университеттерин тандаса, биз үчүн чоң бакыт болуп саналат. Ушул жагынан алганда биз да өз тапшырмабызды жакшы аткаруудабыз, албетте!

Университтерибизди дүйнөлүк стандарттарда университеттерге айландыруудабыз. Сапат процесстери менен күчтөндүрүүдөбүз. Ансыз деле Түркия көп жылдар бою Болонья процессинин бир бөлүгү жана бул процесстин эң жакшы үлгүлөрүнөн бири. Ушул убакта бардык жогорку окуу жай системабыз Болонья процессине интеграцияланган абалда. Университеттерибиздин көпчүлүгү жакшы бир Болонья баасын алышты. Бул жагынан карасак эл аралык окуучулардын эң чоң ишеничи да  биздин ушул Болонья системасындагы ордубуз болуп саналат».

Урматтуу Четинсаядан эл аралык окуучуларга камсыздалган мүмкүнчүлүктөрдү сураганыбызда:

«Дүйнөдө эл аралык окуучуларга камсыздалган бир топ мүмкүнчүлүктү биз да камсыздоодобуз. Булардын арасында саламаттык сактоо камсыздоолорунан пайдалануу жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү менен кошо бардыгы биздин өлкөбүздө да бар. Стипендиялар да албетте маанилүү. Атайын бир мекемебиз да бар. Анын аты Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы. Бул мекемебиз жыл сайын орто эсеп менен 4000-5000 эл аралык окуучуга Түркия мамлекетинин стипендияларын берүүдө. Биз да буга Кеңеш катары активдүү колдоо көрсөтүүдөбүз».

Жогорку Билим берүү кеңешинин төрагасы Гөкхан Четинсая менен болгон репортаждын бул бөлүмүндө өзү, бизди жакындан кызыктырган бир проектти түшүндүрүүдө:
«Эң акырында, балким эң маанилүү проектибиз: studyinturkey.gov.tr веб барагынын проекти. Бул болсо биз абдан маани берген проект. Анткени эл аралык аренада Түркияны, Түркия университеттерин тааныткан мамлекеттик баракты ортого чыгарууну кааладык. Түркиядагы бардык университеттерге бирдей караган, бардыгына орун берген, Түркиядагы билим берүү окутуу, стипендия мүмкүнчүлүктөрүн, ар башка тармактарды жана программаларды тааныткан абдан сонун веб барагы болду. Алдыбыздагы айларда да дагы жакшы абалга келет. Бизди уккандар бул баракка кирип ар түрдүү маалыматты ала алышат.

Бул жерде атайын издөө базабыз да бар. Окуучуларыбыз кайсы окууда окугусу келсе каалаган бөлүмдөрүн веб барагыбызда тизмелей алышат.

Түркиянын кайсы жеринде окугуңуз келсе, ички Анадолудабы же жээкке жакынбы, булардын бардыгын тең база аркылуу фильтрлеп түздөн-түз каалаган университеттердин веб барагына жете аласыз».

Маегибиздин акыркы бөлүмүндө урматтуу Четинсая бизди окуучу алмашуу программалары туурасында да маалыматтандырды:

«Булардан тышкары алмашуу программаларына да абдан маани беребиз. Жалгыз эле эл аралык окуучулардын бул жерден окууларын бүтүрүүсү эмес, 3 айга, 1 чейрекке же 1 жылга да болсо биздин окуучуларыбызды ар башка өлкөлөргө, алардын окуучуларын да Түркияга келип билим алууга шыктандыруудабыз. Ансыз деле Болоньянын үлгүлүү өлкөсү катары Эрасмус процессинде орун алуудабыз. Эрасмус окуучу алмашуу программаларын дагы түшүмдүү колдонуудабыз. Булардан тышкары биз Түркия катары бүткүл дүйнөгө, Эрамустан тышкары бардык өлкөлөргө кайрылган «Мевлана» аттуу окуучу алмашуу программасын өнүктүрдүк. Бул өзү окуучуларды дагы окутуучуларды дагы камтыган программа болуп саналат. Түркия өкмөтү финансылаган программа. Быйыл биринчи жылында. Абдан бактылуубуз, абдан жакшы жыйынтыктарды алуудабыз. Алгачкы ишке ашыруу жылы болгонуна карабастан маанилүү санда кайрылуу жана кызыгуу бар. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү менен ушул убакка дейре жүздөгөн келишим жана протоколго кол коюлду. Бул Мевлана программасы аркылуу Европа Биримдигинен тышкары өлкөлөрдүн окуучулары жана окутуучулары менен түрк окуучулар жана окутуучулары алмашуу программаларын аткарышат. Бул да биздин көп үмүттөнгөн программабыз болуп эсептелет».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар