АКШда бюджеттик талаш,убакыт тар...

Өлкөдө 1-октябрда баштала турган жаңы каржы жылына өтө аз убакыт калганы менен, Конгресс федералдык өкмөттү каржылай турган бюджеттик мыйзам долбоору боюнча келишимге келе элек.

2043191
АКШда бюджеттик талаш,убакыт тар...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) федералдык өкмөтүн каржылай турган жаңы бюджетти кабыл алуу үчүн убакыт азайып баратканда, Конгрессте макулдашууга жетишилбей калуу өкмөттүн жабылуу коркунучун күчөтөт.

Өлкөдө 1-октябрда баштала турган жаңы каржы жылына өтө аз убакыт калганы менен, Конгресс федералдык өкмөттү каржылай турган бюджеттик мыйзам долбоору боюнча келишимге келе элек.

Конгресстин жаңы бюджеттик мыйзам долбоору боюнча макулдашууга жетишүүсү жана иш токтоп калбашы үчүн 30-сентябрдын жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымына чейин убактысы бар.

АКШ Конгресси демократтар көзөмөлдөгөн Сенат менен республикачылар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр палатасынын ортосунда экиге бөлүнгөнү жана республикачылардын ашкере оңчул консерваторлору өкмөттүн жабылышын бюджеттеги чыгымдарды кыскартуу үчүн рычаг катары колдонгусу келгени ишти кыйындатып жатат.

Ар бир бюджет мыйзамга айланышы үчүн палатада жактырылгандан кийин ал демократтар көзөмөлдөгөн Сенаттан өтүп, андан соң президент Жо Байден кол коюшу керек.

Америка Кошмо Штаттарында федералдык өкмөттүн жабылышы  «бюджеттин жетишсиздигинен өкмөттүн көпчүлүк операциялары токтойт» дегенди билдирет.

Бул процессте негизги эмес мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү өргүүгө чыгарылат.

«Негизги» персонал категориясындагы кызматкерлер, ошондой эле иштен чыгуу учурунда эмгек акыларын Конгресс жаңы бюджетти кабыл алганга чейин ала алышпайт.



Тектеш кабарлар