Түркия  -  Сирия сүйлөшүүлөрүнүн белгисиз келечеги

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2029455
Түркия  -  Сирия сүйлөшүүлөрүнүн белгисиз келечеги

Түркия менен Сирия көп убакыттан бери эки тараптуу карым  - катнаштарын жаңы бир алкакта кайрадан калыптандыруу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Акыркы болуп апрель айында Москвада эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен Россия жана Иран катышкан дипломатиялык жыйын өткөрүлдү. Бирок апрель айынан бери бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү белгисиз. Бул белгисиздик Сириядагы кагылышуунун  катаалдыгы, тышкы актерлордун ар башка алдыңкылыктары, Асад режиминин стратегиялык жактан эки башка мамилеси жана Сирия мамлекетинин дараметинин жетишсиздиги менен калыптанууда. Түркия менен Сириянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн чыныгы максаттарына жетүүсүн кыйындаткан башка динамикалар да бар.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири. 

Оболу Түркия менен Сириянын ортосунда болуп жаткан процессти «калыбына келтирүү» катары мүнөздөө эки негизги себептен улам жаңылыш жана бир тараптан оптимисттик. Биринчи маселе Сириянын эл аралык коомчулукта таанылган, чектери белгиленген жана БУУнун мүчөсү  мамлекет катары абалы тууралуу. Бирок чыныгы калыбына келүү Сириянын эгемендүүлүгү, жеринин бүтүндүгү жана саясий ырааттуулугу үчүн үч шарт аткарылышы керек. Учурда бул шарттардын эч бири аткарылган жок. Асад режими өз жерлеринде толугу менен  бийликке ээ эмес, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү  жана саясий биримдик жок. Айрыкча Сириянын  максаттарын өз алдынча ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жок. Бул маселе ошол эле учурда Асад режими да болгон араптар арасындагы калыбына келүү  аракеттерине да байланыштуу.

Экинчи кыйынчылык учурдагы шарттар менен каалаган натыйжалардын дал келбегендигинен келип чыгууда.

Түркия - Сирия сүйлөшүүлөрүнүн негизги темаларынын бири террор менен күрөшүү жана Адана консенсусу акыркы жылдарда бул темада негизги документ катары көп сөз болгон документ. Муну менен бирге Түркия жана Сирия режиминин арасында ПКК/ЙПГ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүүдө жаңы бир кызматташтык мамилесинин жаралышы белгисиз болууда.

Саясаттын өзгөрүшү үчүн Түркия же режим ЙПГга карата мамилесин олуттуу түрдө өзгөртүшү керек. Түркия Сириядагы ПККга каршы позициясында чечкиндүү көрүнөт жана акырында ЙПГны жок  кылууну жана Сириянын түндүк – чыгышында болуусун   алсыратууну көздөйт. Бул жерде баары бир гана кыска мөөнөттүү чечүүчү жолдорду сунуштаган түрдүү потенциалдуу стратегияларды ортого чыгарууда.

Биринчиден режим Түркиянын чек ара аймактарындагы ПККны жок кылышы мүмкүн жана ПКК/ЙПГны Манбиж жана Тел Рыфат сыяктуу аймактардан чыгара алат. Бирок ПККнын буга баш ийиши мүмкүн эместей жана режимдин учурда жөндөмдүүлүгү жана ниети жок мажбурлоочу чараларды көрүүсүн талап кылууда. Альтернатив катары Түркия Сирия Улуттук Армиясы менен бирдикте ПКК/ЙПГга каршы чектүү аскердик операция баштоо менен режим уюмга каршы  күчтөнө алат. Бирок ЙПГ менен АКШнын ортосундагы  өнөктөштүк жараткан кыйынчылык Сирия менен сүйлөшүүлөрдө маселе жаратууда. Ушул себептен терроризм сыяктуу темаларга алдыңкылыктын берилишиндеги айырмачылыктар сүйлөшүүлөрдүн алдыга жылбашындагы негизги фактор.

Ошондой эле качкындардын кайра кайтуу маселеси да аянттагы абал менен кааланган чечүүчү жолдун арасындагы ажырымды көрсөтүүдө.  Ал жерде Түркиянын аскерлеринин болушу жана Сирия убактылуу өкмөтү менен Сирия Улуттук Армиясынын көзөмөлү астындагы аймактарда маневр жөндөмдүүлүгүн жеңилдеткен жергиликтүү башкаруу  моделдеринин түзүлүшү тууралуу кабарлар күч берүүдө. Бирок бул мүмкүнчүлүктөргө карабастан качкындардын өзгөчө да режимдин көзөмөлү астындагы аймактарга кайра кайтышы тууралуу кыйынчылыктар уланууда. Жакынкы убакта бул аймактарга кайра кайткандар көңүл чөгөрткөн мамиле менен бетме бет келишти. Режим менен Ливан жана Иорданиянын ортосунда диалог улантылып жатса да бул өлкөлөрдөн кайтуу абдан аз.  Режимдин кайра кайткандарды «чыккынчы» катары көргөндүгү, инфраструктурасы  талкаланган жана экономикалык көлөмү чектүү болгон, кагылышуулардан улам талкаланган аймактарга кайра кайтуу абдан кыйын аракет.  Кенен түрдөгү жол картасы болбостон бир келишимдин ишке ашырылышы качкындар жашаган кыйынчылыктарды дагы да күчөтүшү мүмкүн. Ушул себептен коопсуз аймактардын кеңейтилиши жана жергиликтүү башкаруулардын күчтөндүрүлүшү качкындардын кайра кайтышы үчүн ылайыктуу болот.

Башка бир орчундуу тынчсыздануу да Срия оппозициясынын Түркия  -  Сирия сүйлөшүүлөрүндөгү ролуна байланыштуу белгисиздик менен байланыштуу.  Асад башкаруусунун тынчтык үчүн ортого салган шарттарын кабыл алуу, аскердик жана саясий түзүлүштөрүнөн баш тартып режим менен сүйлөшүүсү мүмкүн болбогон Сирия оппозициясы үчүн багынуу деген мааниге келет. Түркия мындай сценарийди  кабыл албайт. Жыйынтыктап айтканда, Женева сүйлөшүүлөрү үч жылдан ашык убакыттан бери токтоп калган жана режимдин алаксытуу  тактикасын жүргүзгөн шартта оппозиция менен режимдин ортосунда жаңы байланыш түйүндөрүн түзүү олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Идлибдеги азыркы абалды эске алганда, абал ого бетер татаалдашып баратат.

Макулдашуу сүйлөшүүлөрүн мүнөздөгөн белгисиздиктерге көңүл бурулганда Түркия үчүн көптөгөн тобокелдиктер ортого чыгууда.  Статус-квонун сакталышы, ЙПГнын Сириянын түндүк-чыгышында күчөшү менен бирге Түркия үчүн стратегиялык коркунучка айланышы мүмкүн. Сирия режими сүйлөшүүлөрдү стратегиялык жактан кагылышууну узартуу үчүн пайдаланат деген коркунуч да бар. Анын үстүнө Ирандын Сирияда болушун улантуусу  жана өлкөнү демографиялык жактан өзгөртүү аракети Түркия үчүн кошумча кыйынчылык жаратууда. Түрк качкындардын маанилүү бир бөлүгү Халептен келгендиктен качкындардын кайра кайтышы Иран жана Сирия режими тарабынан бөгөттөлүүдө жана Түркиянын орто мөөнөттүү стратегиялык чөйрөсүн дагы да баш аламан абалга алып келүүдө.

 Жарандык согуштар тууралуу адабияттар бул кагылышуулардын кеминде 15 жылга созулгандыгын жана кайталануу ыктымалынын 50 пайыз экендигин көрсөтүүдө. Бул теорияны колдонсок, Сирия согушу жок дегенде дагы үч жыл улана тургандай.  Сириядагы жарандык согушта жергиликтүү, аймактык жана эл аралык динамикалардын татаал карым-катнашын эске алганда, согуштун дагы кеминде 15 жылга созуларын ойлоого болот.  

Анкара Түркия  -  Сирия сүйлөшүүлөрүнүн чеги бар экендигин жана аянттагы чындыктардын өзгөрүп бара жаткандыгын, мунун да Сириядагы кагылышуунун табиятын, чечилүү формасын  өзгөртөрүн кабыл алышы керек.



Тектеш кабарлар